Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:44

Автордук тасма - бийик искусствого умтулуу


Режиссер Мирлан Абдыкалыковдун "Сүтак" тасмасы.
Режиссер Мирлан Абдыкалыковдун "Сүтак" тасмасы.

Кыргызстанда автордук кинотасмалардын эл аралык фестивалы жүрүп жатат. 23-августта жаш режиссер Мирлан Абдыкалыковдун "Сүтак" тасмасы менен ачылган фестивал 27-августка чейин уланат. Аталган тасма июль айында эле Чехиянын Карловы Вары шаарында өткөн 50-эл аралык кинофестивалда "Чыгыштын мыкты тасмасы” номинациясы боюнча жеңишке жеткен.

“Сүтак” - Мирлан Абдыкалыковдун алгачкы толук метраждуу автордук тасмасы. Анда тоодо жашаган көчмөн үй-бүлөнүн окуясы тартылган. Табылды аксакал, анын аялы Карачач, келини Шайыр жана небереси Умсунайдын жашоо-турмушу сүрөттөлөт. Анткен менен кино драматург Талип Ибраимовдун айтуусунда, тасмада бир үй-бүлөнүн тагдыры аркылуу бүгүнкү коомдун абалы чагылдырылган:

- Мындан ааламдашуу жараянындагы кыргыздын турмушу чагылдырылган. Учурда биздин коомдук аң-сезим кай жакка барууну билбей кайсалап турбайбы. Мына ушул кайсалоону сонун берген. Фильмдин аягында баары ар кай жакка сапар алып, үйдө байбиче, келин анан наристе кыз калып атат. Бирок тирүү болгондон кийин баары бир жаңы турмушка умтулушу керек го. Келиндин тагдыры аркылуу коомдук аң-сезим кайсалап, кай жакка кетерин билбей жатканы жакшы чечилген. Мында кургак акыл жок. Кинодо жаңы турмушка умтулуу аракети табигый жол менен көрсөтүлгөн.

Актан Арым Кубаттын "Свет аке" тасмасы.
Актан Арым Кубаттын "Свет аке" тасмасы.

Талип Ибраимов буга улай автордук кино - бул кандайдыр бир темага режиссердун жеке көз карашы экенин айтып, Абдыкалыковдун тасмасы менен башталган кинофестивал кино өндүрүшүнүн сапаттуулугуна жол ачарын белгиледи:

- Ушундай жол менен авторлор фестивалга ылайык кино тартам деп ээленип, ошол эле учурда бийик эстетикалык чен-өлчөмдөр бекилип жатат да. Азыркы учурда көчөдө тасма тарткандар көп болуп кетпедиби. Мындай фестивалдар жалпы кино тартуучуларга багыт берет.

Буга улай Ибраимов автордук тасма чыныгы искусство катары, чыгарма катары сакталып, керек болсо коомго да өз таасирин тийгизе аларын кошумчалады.

Киночулар биримдигинин төрага орунбасары Таалай Кулмендеев аталган кинофестивал конкурстук эмес негизде өтүп, Борбор Азиядагы кино жаңылыктары, жаш режиссерлордун тасмалары менен таанышуучу аянтча болуп берерин кеп салды:

- Франция, Германия, Голландия өлкөлөрүнөн кино сынчылар келишти. Ал адистердин көбү ар бир өлкөнү кыдырып, дүйнөлүк сынактарга катыша турган кинолорду тандайт. Алар өз кесиптери боюнча мыкты адистер. Ар бир кинофестивалдын өзүнүн формасы болот эмеспи. Биздин автордук кинофестивалда ушул нукта жаралып жаткан жаңы тасмаларды талкуулоо да каралган. Андан сырткары бүткөн тасмаларды көрүп, алар боюнча да талкуу жүрөт.

Автордук кинофестивалдын президентти Төлөн Тойчубаев бул иш-чараны уюштуруунун негизги максаты - жергиликтүү кино өндүрүшүн сырткы кино базарга алып чыгуу экенин белгиледи:

Режиссер Нурбек Эгендин "Ээнсиреген үй" тасмасын тартуу учурунда
Режиссер Нурбек Эгендин "Ээнсиреген үй" тасмасын тартуу учурунда

- Мунун биринчи максаты - кыргыз киносун Европа рыногуна чыгаруу. Кыргызстанда өзүбүз тартып алып өзүбүз көрө берсек деле болот. Бирок биздин режиссерлор тарабынан тартылган автордук кинолорду чет өлкөлүктөр да көрүш үчүн ушул чакан фестивалды уюштуруп, ага чет өлкөдөн адистерди, серепчилерди, киносынчыларды, дүйнөлүк кинофестивалдарга тандоочу кишилерди чакырып келип кыргыз кинолорун көрсөтөбүз. Алардын сын-пикирин угабыз. Ушундай байланыштар менен биз улуттук кинобузду алдыга жылдырууга салым кошобуз деп ойлойбуз.

Тойчубаевдин баамында, учурда жогорудагыдай аракеттер өз салымын бере баштады. Мисалы, быйыл Садык Шер Нияздын “Курманжан Датка” Монреалдагы кинофестивалга катышса, Марат Сарулунун “Көч”, Эрнест Абдыжапаровдун “Такси жана телефон”, Мирлан Абдыкалыковдун “Сүтак” тасмасы “А” тобундагы ири кинофестивалга катышып келген. Жаш режиссер Далмира Тилепбергенованын “Асман алдында” тасмасы да чоң кинофестивалдарга катышканга жолдомо алууда.

"Сүтак" көркөм тасмасынын сценарийин Актан Арым Кубат менен Эрнис Абдыжапаров жазган. Ал эми тасманын продюссерлери - белгилүү кинорежиссёр Садык Шер Нияз менен Алтынай Койчуманова.

Автордук кинофестивал учурда Бостериде уланып жатат. 27-август күнү Чыңгыз Айтматов атындагы Кино үйүндө голландиялык жана кыргыз кинематографисттери тарабынан тартылган "Курай-Курай" фильми көрсөтүлөт. Анын эртеси кинотаануучу Игорь Гуськов көрүүчүлөргө Ирандын "Бүгүн" жана калмактардын "Ак чардактар" тасмасын тартуулайт.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG