Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:17

Тажикстан: оппозициялык партия мыйзамсыз деп табылды


Душанбеде "Ислам кайра жаралуу" партиясынын съездине даярдык, 14-декабрь, 2014-жыл
Душанбеде "Ислам кайра жаралуу" партиясынын съездине даярдык, 14-декабрь, 2014-жыл

Тажикстандын Юстиция министрлиги 28-августта "Ислам кайра жаралуу" партиясынын ишмердигин мыйзамсыз деп жарыялады. Партия жетекчилиги болсо муну куугунтук катары кабыл алып, мыйзамдарды бузбаганын ырастоодо.

Тажикстандын расмий "Ховар" агенттиги "Саясий партиялар жөнүндө" мыйзамга ылайык партиянын баштапкы бөлүмдөрү өлкөнүн көпчүлүк шаар, райондорунда болууга тийиш экендиги көрсөтүлгөн.

Ал эми Юстиция министрлигинин маалымдашынча, "Ислам кайра жаралуу" партиясынын 58 шаардык жана райондук уюмдары өз иштерин токтотушкан. "Андыктан "Ислам кайра жаралуу" партиясы өзүн жалпы республикалык партия деп атай албайт жана курултай өткөрө албайт", - деп жазылган министрдин орун басары Хаким Мирсайзад кол койгон катта.

Партия төрагасы, жарым жылдан бери чет өлкөдө жашап келаткан Мухиддин Кабири “Азаттыктын” тажик кызматына курган маегинде бул маселе "Ислам кайра жаралуу" партиясынын Жогорку саясий кеңешинин чукул жыйынында караларын айтты.

Кабиринин биринчи орун басары Саидумар Хусайни министрликтин катын партиянын ишмердигин толугу менен токтотуу эскертүүсү деп сыпаттарын айтып, андай укук Жогорку Сотко гана берилгенин белгиледи.

- Ар кандай билдирүү, коркутуп-үркүтүү, куугунтуктоо, бийликтин басмырлоосунан тажадык. Мыйзамдуу партияны эмне кылгылары келет? Максаты кандай экенин эч түшүнбөйбүз.

Юстиция министрлигинин эскертүүсүнө чейин партиянын Дүйшөмбү шаардык комитети маалымат жыйынын өткөрүп, 15-сентябрга пландалган курултайга даярдык көрүү иштерин талкуулашкан.

"Алдыңкы курултай 2011-жылдын 24-сентябрында чогулган. Андыктан жаңы курултай өткөрүп, партия органдарынын жаңы жетекчилигин шайлоого тийишпиз", - дейт Хусайни. Партия жетекчиси курултайды уюштурууга болгон материалдык мүмкүнчүлүктөр жумшаларын айтты.

Партиянын пресс-жыйыны адегенде «Шератон» мейманканасында уюштурулмак. Бирок партия жетекчилери айтышкандай, отелдин администрациясы жыйын башталарга жакын уруксат бербей койгондуктан, менчик үйлөрдүн биринде чогулууга аргасыз болушту.

Маалымат жыйынында партиянын кеңсесин тезирээк кайра ачуу талабы да айтылды. Ага чейин кеңсе жайгашкан имараттын мурдагы жана азыркы кожоюндары ортосунда чыр чыккандыктан, бийлик аны жаап салган. Партия жасаган билдирүүдө бул кадам кысым көргөзүү жана аны дискредитациялоого, курултайды үзгүлтүккө учуратууга багытталган иш катары бааланган. Хусайнинин пикиринде, бийлик башкача ой жүгүрткөн адамдарды саясий сахнадан алууну көздөп жатат.

Тажикстандын өкмөт көзөмөлүндөгү маалымат каражаттары бир нече айдан бери жарандардан "Ислам кайра жаралуу" партиясын жабуу боюнча кайрылуулар түшүп жатканын жазышууда. Өткөн жылы партиянын айрым мүчөлөрү тигил же бул кылмыш ишине аралашканын маалымдаган макалалар байма-бай жарык көрүп келген.

Катарында 45 миңдей киши бар делген "Ислам кайра жаралуу" партиясы Тажикстандагы абройлуу оппозициялык партия болуп эсептелет. Быйыл мартта болгон парламенттик шайлоодо партия орундардан кол жууп калган. Буга чейин төмөнкү палатада эки депутаты бар болчу.

Бийлик партия калктын ишенимин жоготуп койгонун билдиргенден көп узабай, социалдык түйүндөрдө улам бир мүчөсү анын катарынан чыгып жатканы тартылган тасмалар пайда боло баштаган.

Юстиция министрлиги партияга мүчөлүктөн баш тарткан ондогон кишилерден кат жана жер-жерлердеги баштапкы уюмдардын жабылышы тууралуу маалымат түшкөнүн билдирген. Бирок партия жетекчилиги ал кайрылуу каттар бийликтин кысымы менен жазылганын белгилеп, алардын эч кандай таасири жоктугун айтып келатышат.

XS
SM
MD
LG