Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:14

Доллар баасы элдин да, өкмөттүн да айласын кетирүүдө


 Бүгүн кечке маалга карай көчөлөрдө доллар 74,50-75 сомго чыкты.
Бүгүн кечке маалга карай көчөлөрдө доллар 74,50-75 сомго чыкты.

Доллардын курсу шейшемби күнү кыйла көтөрүлүп, айрым акча алмаштыруучу жайлар аны 74,5 тыйынга чыгарышты. Бул арада эл арасында колдо бар каражатын долларга алмаштырып калуу далалаты мурдагыдан да күчөдү.

Улуттук банк доллар кунунун кезектеги жогорулоосу боюнча интервенция жасай элек. Анын ордуна чайкоочулук кылып жатат деп лицензиясы жок акча алмаштыруучу жайларды жаап, ошондой эле долларга болгон көз карандылыкты кыскартууну сунуштоодо.

Бишкектин Бөкөнбаев-Москва көчөлөрүнүн ортосундагы, Абдрахманов көчөсүн бойлой жайгашкан акча алмаштыруучу жайлардын улам биринен экинчисине киргендер көп. Алар керектүү өлчөмдө доллар сатып ала албай убара. Атын атагысы келбеген Бишкектин тургуну буларды айтты:

- "Экоисламикбанкка", "Аманбанкка", "Финанс кредит банкка", дагы бир топ банктарга кирдим. "Дордойдун" баарын кыдырдым. Биринен да доллар алалбай, бул жердеги акча алмаштыруучуларга келдим. Булар да бербей жатышат. 100 доллар эле беребиз дейт. Мага 400 керек. Карызымды төлөмөкмүн.

Акча алмаштыруучу жайлар болсо элден да, банктан да сатылбай жаткандыктан долларсыз отургандыктарын айтышууда. Анда иштеген Чыңгыз Билибаев:

- Кардарлардан эле алып калдык долларды. Алар аябай аз келип жатышат. Ал эми банктар бизге сатышпайт. Биз алалбайбыз. Доллар сурагандарды банкка жөнөтсөк ал жактан да алалышпай жатат.

Бир нече банкка баш бакканыбызда, айрымдары чынында эле жүз доллардан, айрымдары беш жүз доллардан жогору бере албастыгын айтышып, мындай чектөө Улуттук банк тарабынан коюлган дешет. Ал эми Улуттук банктын маалымат катчысы Софья Балакина муну четке какты:

- Биз коммерциялык банктарга валюталык чектөө тууралуу буйрук же кеңеш берген эмеспиз. Аны банктар резервине, ички саясатына карап, өздөрү чечет. Алар эмне үчүн бизге шылтап жатканына түшүнбөйм. Биз андай буйрук беришибиз мүмкүн эмес.

Доллар таңкыстыгына улай анын кунунун өсүшү менен азык-түлүк, дегеле турмушка эң керектүү импорттук товарлар да кымбаттоодо. Бул арада сом менен киреше тапкандар өкмөт улуттук акчаны качан бекемдешин чыдамсыздык менен күтүшүүдө.

Ал эми премьер-министр Темир Сариев “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, сомдун кунун кармоого өлкө бюджетинин чаркы жетпесин айтып, анын баасын базар гана чечерин мындайча белгиледи:

Темир Сариев
Темир Сариев

- Сомду туруктуу кармайбыз десек, биз Улуттук банктагы резервди күн сайын жоготуп турушубуз керек. Бирок биз туруктуу кармап калганда, товарларыбыз сыртка чыкканда кымбат болуп калат да, эч ким биздикин кабыл албай калат. Ушуну туура түшүнүшүбүз керек. Ошон үчүн бизде эркин курс бар. Ал соода-сатык жана төлөм балансы менен кармалат.

Сариев Улуттук банкта доллардын курсун кармап туруунун башка жолдору бар экенин эскертүүдө.

Өз кезегинде Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов парламенттин тиешелүү комитетинде сүйлөп, акча алмаштыруучу жайларды каттоону күчөтүүнү, каржылык мыйзам бузгандарына айыппулду 1,5 миңден 50-150 миң сомго көбөйтүүнү кайрадан сунуштады. Бул сунушту парламенттин өткөн чакырылышы кабыл алган эмес болчу.

Башкы банктын эсебинде ушу тапта Кыргызстанда лицензиясы бар 300 чамалуу акча алмаштыруучу жай иштейт. Ал эми лицензиясыз-мыйзамсыз иштегендердин саны андан эки эсе көп болушу ыктымал. Аларда канча акча айланары, кантип айланары тескөөчүлөргө белгисиз.

Толкунбек Абдыгулов
Толкунбек Абдыгулов

Ошол эле учурда, Абдыгулов чет элдик валютада кредит берүүнү токтотуунун, чет элдик валютада депозитке салынган акчанын пайызын төмөндөтүүнүн, муну менен экономикадагы долларга көз карандылыкты азайтуунун үстүндө иштеп жатышкандыктарын айтты.

Антпесе валюталык интервенциянын курсту кармоого алы жетпей жатат. Улуттук банк ноябрь ичи 35 млн. долларды базарга чыгарды. Бирок ал сомдун кунун бекемдөөгө таасир эткен жок. Бүгүн кечке маалга карай көчөлөрдө доллар 74,50-75 сомго чыкты.

Акыркы эсеп боюна, АКШ акчасы жыл ичи 23-24% кымбаттаган. Айрым каржы адистери анын наркы келерки жыл башында 90-100 сомго чейин чыгарын болжолдошууда. Улуттук банк төрагасы болсо, чаралар көрүлүп жатканын айтып, андай болжолдорду четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG