Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:09

Атамбаев Орусия менен Түркияны жарашууга чакырды


Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев, Туркиянын мамлекет башчысы Режеп Тайып Эрдоган жана башкалар. Ашхабад, 12-декабрь, 2015-жыл
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев, Туркиянын мамлекет башчысы Режеп Тайып Эрдоган жана башкалар. Ашхабад, 12-декабрь, 2015-жыл

Президент Алмазбек Атамбаев араб мамлекеттеринде расмий сапар менен жүрөт. Анын алдында, 12-декабрда Түркмөнстандагы эл аралык конференцияга катышкан.

Ашхабад шаарындагы жыйында Атамбаев Орусия менен Түркияны жарашууга чакырды. Буга чейин эки өлкө мамилеси боюнча Кыргызстандын жогорку бийлиги өз пикирин билдире элек болчу.

Орусия менен Түркияны ынтымакка чакырган билдирүү

Президент Алмазбек Атамбаев 11-декабрда Бишкектен үч мамлекетке - Түркмөнстан, Кувейт жана Катарга иш сапары менен жөнөп кеткен.

12-декабрда президент Алмазбек Атамбаев Түркмөнстанда өткөн “Нейтралитет саясаты: тынчтык, коопсуздук жана өнүгүү үчүн эл аралык кызматташуу” деп аталган конференцияда сөз сүйлөдү. Анда мамлекет башчы өзүнөн мурда сүйлөгөн Беларус президенти Александр Лукашенконун айткандарын кубаттап, Түркия менен Орусияны жарашууга чакырды. Атамбаев эки өлкөнү өнөктөштүк, кошуналык жана достук жылуу мамилелерди калыбына келтирүүгө үндөдү:

- Урматтуу кесиптештер, бул конференция тынчтыкты сактоочу аянтча болуп саналат. Бул жерде көптөгөн демилгелер көтөрүлөт. Мен да Белорусиянын президенти Александр Лукашенконун Орусия менен Түркияга карата чакырыгын колдойм. Жакында эле ынак боордош болгон өлкөлөрдүн эки тараптуу мамилесиндеги кыйынчылыкты курчутууну токтотууга, өнөктөштүк, кошуналык жана достук жылуу мамилелерди калыбына келтирүүгө чакырам.

Жергиликтүү серепчилердин пикиринде, Орусия менен бирге Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөр, Кремлдин союздаштары саналган Кыргызстан, Казакстан жана Беларусиянын түрк-орус мамилесинде орток пикирди кармануусу мыйзам ченемдүү көрүнүш.

Серепчи Жыргалбек Касаболотов расмий Бишкек ар кандай чакырыктарга карабастан, орток позицияны карманганы туура деп эсептейт:

- Орусия тараптан каршы саясат жүрүп жатат, Түрксойдон чыккыла дегендей. Андан тышкары Орусиянын жалпыга маалымат каражаттарында "биздин өнөктөштөр эмнеге унчугуп койбойт" дегендей чакырыктар айтылып жатат. Бирок биздин жетекчилик толугу менен бир тарапты колдобой, ортодо турганы абдан маанилүү.

Буга чейин Кыргызстан үчүн жакын саналган эки өлкө мамилесинде кыргыз бийлиги үн катпаганын сындап чыккандар болгон.

Араб мамлекеттерине сапар

12-декабардын кечинде Түркмөнстандагы конференциядан кийин президент Алмазбек Атамбаев расмий визит менен Кувейт мамлекетине барды. Президенттин маалымат кызматынын билдиришинче, мамлекет башчы аталган өлкөнүн жогорку жетекчилери менен жолугушуп, кыргыз-кувейт инвестициялык форумунун алгачкы жыйынына катышты. Ошондой эле бул сапардын алкагында соода-экономикалык, маданий-гуманитардык байланышты бекемдөөгө багытталган эки тараптуу макулдашууларга кол коюлду.

Ал эми 15-декабрда Алмазбек Атамбаев Катарда болуп, бул өлкөнүн эмири Тамим бин Хамад Ал Тани менен Кыргызстанга инвестиция тартуу, экономикалык жана маданий байланыштарды бекемдөө жолдорун талкуулайт.

Перси булуңундагы бул байгер араб өлкөлөрү буга чейин Кыргызстан менен ири экономикалык же соода алакаларын жүргүзгөн эмес. Талдоочу Эмил Жураевдин баамында, жакынкы жылдары деле аталган мамлекеттерден олуттуу экономикалык кызматташтык күтүлбөйт:

- Чоң мамлекеттердин Кыргызстанга инвестиция салуусу оор деле маселе эмес. Бирок алардын Кыргызстандан башка маанилүү кызматташа турчу өлкөлөрү толтура. Кыргызстан чындап кызматташуу үчүн аларга салмактуу аргументтерди келтириши керек. Биз аларды кызыктыра алабызбы? Кеп ошондо.

Өлкө башчысынын былтыркы Катар мамлекетине болгон иш сапарынан кийин ал өлкөдө Кыргызстандын элчилиги ачылган. Быйыл Катардын бизнес делегациясы Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүгүн изилдөө үчүн келип кеткен.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG