Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:39

2015: Экономиканын өсүү ыргагы басаңдады


Бээжиндеги брокердик кеңседе баага көз салып отурган инвестор. Кытай, 2015-жыл
Бээжиндеги брокердик кеңседе баага көз салып отурган инвестор. Кытай, 2015-жыл

2016-жылга дүйнөлүк экономика анчалык чоң эмес өсүш менен кирүүдө. Аяктаган жылы глобалдык экономиканын өсүү ыргагы жайлап, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө улуттук акчалардын куну качты. Дүйнөлүк экономиканын абалына таасир көргөзгөн негизги тенденциялардын бири – мунайдын арзандашы 2016-жылы да уланганы турат.

Экономиканын жаңы башталган жылдагы көрсөткүчтөрү сөзсүз арта калган мезгилдеги жараяндарга көз каранды. Эске салсак, 2013-жылы дүйнөлүк экономика аны тушаган белгисиздиктен кутулуп, 2014-жылы талдоочулар “өткөөл” деп атаган жолго түшкөн эле.

2014-жылдан 2015-жылга экономика глобалдык чен-өлчөмдөн караганда 3,3% өсүш менен кирген. 2015-жылдын жыйынтыгында өсүш мындан жогору болот деп күтүлгөнү менен баштапкы эсептер экономикадагы ыргак кайра басаңдаганын көргөзүүдө. Муну аяктаган жыл ичи кара май баасынын 60%, башка негизги чийки заттардын кеминде 20% ашуун арзандашы да ырастап турат.

Баш кеңсеси Вашингтондо жайгашкан Эл аралык валюта корунун талдоочусу Оя Чиласун (Oya Celasun) “Азаттык” менен маегинде глобалдык экономиканын аяктаган жыл ичиндеги тенденцияларын чечмелеп берди:

Кытай
Кытай

- Мен 2015-жылы глобалдык экономикада үч-төрт маанилүү тенденция болду деп айтаар элем. Биринчиси - өнүккөн экономикалар улам-улам оңолуп бара жатат. Экономиканын өсүү ыргагы анчалык чоң болбогон менен алдыга жылуу бар. Ал эми өнүгүп келе жаткан экономикалардагы өсүш ыргагы басаңдоодо. Дүйнөлүк экономикада маанилүү өзгөрүүлөрдүн бири, албетте, Кытайдагы эволюция. Бул экономиканын өндүрүш менен инвестициядан керектөө жана кызмат көрсөтүү багытын көздөй ыкташы. Бул Кытай үчүн экономиканын саламаттыгын чыңдоого карай да кадам, бирок бул башка экономикаларга да таасирин тийгизүүдө. Маселен, кээ бир өлкөлөрдүн Кытайга экспорту төмөндөп, чийки зат баасы арзандоодо. Анткени, Кытайдын экономикасы темирди, мунайды, жезди азыраак керектеп калды. Экинчи өзгөрүү дал ушул чийки заттын баасы арзандашына байланыштуу. Өзгөчө 2015-жылдын экинчи жарымында мунайдын, башка чийки заттардын көбү абдан арзандады. Мындан улам чийки заттын экспортуна көз каранды өлкөлөр кирешеден кол жууса, аларды импорттогон алдыңкы экономикалар: АКШ, Евробиримдик, Жапония пайда тапты. Үчүнчү өзгөрүү АКШ экономикасынын мурдагыга салыштырмалуу чыңдалышы, мунун натыйжасында монетардык саясаттын бекемделиши менен байланыштуу. Европанын Борбордук банкы менен Жапония монетардык саясатты жумшартып жатса, АКШда тескерисинче, Федералдык резерв системасы жыл соңуна барып, 2006-жылдан бери алгачкы ирет кредиттер боюнча үстөктү көтөрдү. Бул саясат келечекте долларды күчтөндүрөт деп күтүлгөндүктөн, улуттук акчалары долларга карата нарксызданган, өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө да таасир берүүдө.

Оя Чиласун өкүлү болгон Эл аралык валюта корунун болжолунда, 2014-жылы 3,4% өскөн глобалдык экономика 2015-жылдын жыйынтыгы менен 3,1%, ал эми 2016-жылы 3,6% көтөрүлөт.

Баш кеңсеси Парижде жайгашкан Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюму 2015-жылдын жыйынтыгындагы өсүштү 2,9%, 2016-жылы күтүлгөн өсүштү 3,3% деп эсептөөдө.

Аталган уюмдун улук экономисти Найжел Пейн ( Nigel Paine) “Азаттык” менен маегинде аяктаган жылы дүйнөлүк экономиканын өсүү ыргагы менен катар соода да солгундаганын белгиледи:

- 2015-жылы глобалдык өсүш жыл башында күткөндөгүгө салыштырмалуу төмөн болду. Жыл жыйынтыгы менен күтүлүп жаткан, үч пайызга жетип-жетпеген өсүш 2009-жылдагы ири рецессиядан берки көрсөткүчтөрдүн эң ылдыйкысы болот жана узак мөөнөттөгү орточо өсүш көрсөткүчүнөн да ылдый. Өзү өсүштүн глобалдык орточо көрсөткүчү төрт пайызга жакын. Аяктаган жылы биз ошондой эле глобалдык соода солгундаганына да күбө болдук. Иш жүзүндө соода 2015-жылдын биринчи жарымында кыскарып кеткен, 2015-жылдын жалпы жыйынтыгы менен глобалдык соодадагы өсүш болгону 2% тегерегин түзөт. Өзү акыркы 50 жылда глобалдык соода 2% аз өскөн учур беш эле жылда катталган. 2015-жыл ичиндеги жараяндарга көз чаптырсак, дүйнөлүк экономика көптөр күткөндөн жай ыргакта кетип жатат деп айтканга толук негиз бар. Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмундагы өлкөлөрдүн экономикасы салыштырмалуу дурус. Чийки заттарга баанын арзандашы инфляцияны төмөндөтүп, кожолуктардын кирешесин, ага катар сарптоолорун өстүрдү. Ал эми өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн экономикасындагы алсыздык сакталууда. Өнүгүп келе жаткан дүйнөдөгү негизги оюнчулардын айрымдары азыр рецессияга кабылып отурат. Бул өз кезегинде, дүйнөдөгү экономикалык өсүштүн жайлашына салым кошту.

Куну качкан акчалар

Аяктаган 2015-жылы алдыда айтылгандай дээрлик бардык өлкөлөрдү тепчип өткөн жана жалпыга мүнөздүү көрүнүш - улуттук акчалардын кунунун качышы болду. Айрым өкмөттөр девальвацияга атайылап да, аргасыздан да барды.

Улуттук акчаларынын курсун мурда эркин коё бербей тескеп келген мамлекеттерде нарксыздануу кеминде 20-30 пайыздан 100 пайыздан ашуунга чейин жетип, айрым өлкөлөрдүн акчасынын куну бир эле күн ичинде 50% чейин кеткен учурлар катталды.

Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун талдоочусу Найжел Пейн “Азаттык” менен маегинде дүйнөнүн валюта базарларын каптаган олку-солкулуктар тууралуу мындай дейт:

Орусия
Орусия

- Ооба улуттук акчалардын АКШ долларына кандайдыр бир деңгээлде куну качышын биз дээрлик бардык эле өлкөлөрдөн көрдүк. Өтө чоң деңгээлдеги нарксыздануу Бразилия, Түштүк Африка, Орусия, Казакстан, Азербайжан сыяктуу чийки зат чыгарган өлкөлөрдө болду. Бул, албетте, бир чети дүйнөлүк базарда чийки заттын баасы арзандап, ага катар алардын кирешеси азайганына байланыштуу. Кара май эсебинен жашаган Перс булуңундагы Араб өлкөлөрүндө акча алмашуу курсун чет элдик валюта резерви жана буга чейин жыйналган каржылык кору эсебинен кармоого аракеттенип жатышты. Улуттук акча Түркияда да бир топко девальвацияланды. Бирок айырмасы Түркияда бул бир жагынан каржы базарлары өлкө тышкы карызынын жогорку деңгээлине жана кандайдыр бир деңгээлде саясий белгисиздикке тынчызданганына байланыштуу болду. Өзү Түркияда жыл боюу экономика салыштырмалуу жакшы өстү, башка өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөгүдөй төмөндөөнү ал жерден көргөн жокпуз. Валюта жагынан Кытай жана Индия сыяктуу ири оюнчуларда салыштырмалуу стабилдүүлүк сакталды. Кытай юанды нарксыздандырууну баштады, бирок өзгөрүүлөр жана айырмачылык абдан эле аз. Чийки затты экспорттобостон импорттогондуктан Индияда стабилдүүлүк болду. Ал тескерисинче чийки зат баасы арзандоосунан пайда көрдү.

2014-жылдын жыйынтыгы менен глобалдык экономиканын же дүйнөлүк дүң өндүрүштүн акчалай көлөмү 77, 3 триллион долларды түздү деп бааланган. 2013-жылга салыштырмалуу глобалдык экономиканын акчалай көлөмү 2 триллион долларга жакын көбөйгөн. Эми эгер күтүлгөндөй дүйнөлүк экономика 2015-жылдын жыйынтыгында мурдагы жылга салыштырмалуу 0,3-0,4% кыскарса, анын акчалай көлөмү 300-400 миллиард долларга чейин кыскарат дегенди туюндурат. Өзү дүйнөлүк дүң өндүрүштүн 85% Чоң жыйырманын тобуна кирген өлкөлөр эле берет. Анын 60% ашууну төрт ири оюнчу: АКШ, Еврошаркет, Кытай, Жапониянын үлүшүнө туура келет. Андыктан, айрым өлкөлөрдүн экономикасы 10-15% деле өсө бериши мүмкүн, бирок дүйнөлүк эконономикадагы абал негизги төрт-беш оюнчуга гана көз каранды.

АКШ

Улуттук дүң өндүрүшүнүн көлөмү 17,4 триллион долларга барабар жана глобалдык экономиканын 22,5% үлүшү таандык АКШ 2016-жылга кандай ыргак менен кирүүдө? Эл аралык валюта корунун талдоочусу Оя Чиласун “Азаттык” менен маегинде төмөнкүлөргө көңүл бурулду:

- АКШда керектөө көрсөткүчү оптимисттик болду. Мунай арзандашынан улам бензин баасынын ылдыйлашы керектөөчүлөрдүн реалдуу кирешесин жана алардын сарптоолорунун көлөмүн өстүрдү. Кредит алуу шарттары жеңилдеп, бул дагы экономикалык активдүүлүктү колдоду. Турак-жайга талап дагы өсүүдө. Өзүңөр билгендей, кыймылсыз мүлк базарындагы кыйынчылыктар жана карыз кризиси 2008-жылы АКШ экономикасын кыйын абалга кептегени белгилүү. Керектөөнүн күчөшү менен катар турак-жайга инвестиция, жумуш орундарынын саны өстү. Доллардын чыңдалышы өнөр-жайга жана экспортко таасирин бергенин эске албаганда, Кошмо Штаттарда экономика жакшы ыргакта кетүүдө.

Эл аралык уюмдардын эсебинде, АКШ экономикасы 2015 - жылдын жыйынтыгы менен 2,6%, 2016 - жылы 2,8% чейин өсөт.

Кытай

Ал эми дүйнөнүн экинчи ири экономикасы - Улуттук дүң өндүрүшүнүн көлөмү 10,3 триллион доллардын тегерегиндеги Кытайда экономикасынын өсүү ыргагы ири оюнчулардын баарынан өйдө, бирок мурдагы жылдарга салыштырмалуу басаңдоосу уланууда. Эл аралык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун улук экономисти Найжел Пейн “Азаттык” менен маегинде Кытайдагы кырдаалды мындайча чечмеледи:

Кытай акчасы юань
Кытай акчасы юань

- Кытайдан биз байкаган нерсе - экономиканын өсүү ыргагынын акырындык менен басаңдоосунун жана экономиканын өз ичиндеги структуралык өзгөрүүлөрдүн уланышы. 2015 - жылдын жыйынтыгы менен биз Кытайдагы өсүш 6,8% тегерегинде болот деп күтүп жатабыз. Ал эми 2016 - жылы өсүш көрсөткүчү акырындык менен жайлап 6,5% түшөт. 2015-жылы Кытайда экономикалык саясат боюнча бир катар чаралар көрүлдү. Мисалы, монетардык саясат жумшартылды, инфраструктурга инвестицияны күчөтүү үчүн фискалдык стимулдаштыруу чаралары көрүлдү. Жалпысынан биз Кытайдан инвестициянын өсүшү тең салмакталган белгилерди көрүп жатабыз. 2015-жыл бою өндүрүш секторундагы өсүш жайлады. Бирок кызмат көрсөтүү жана керектөө индустриясындагы өсүш чыңдалды. Бул өз кезегинде Кытай азыр дүйнөнүн калган бөлүгүнөн сатып алып жаткан товар менен кызмат көрсөтүүнүн түрүн дагы өзгөртүүдө. Мисалы инвестиция ашыкча салынган кыймылсыз мүлк базарында биз аяктаган жылы баалар турукташа баштаганын байкадык. Бирок кредиттер боюнча үстөк пайыздар төмөндөп, банктар кредит агымын көбөйтүүгө ыктап турганын эске алганда мурдагы жараян кайра кайталанабы деген тынчсыздануу бар. Албетте, кыймыл мүлк базарындагы көбүктөн калган бир мурас - жеке кожолуктардын карызынын көбөйүшү. Жеке үй-бүлөлөрдүн карыз көрсөткүчүнүн жогору бойдон калышы банк сектору үчүн чоң көйгөй бойдон калууда. Анткени, карыздарды кайтаруу жагынан тобокелдиктер чыгышы мүмкүн.

Евробиримдик

Евробиримдик өлкөлөрү чогулганда экономикалык кубаты жагынан Кошмо Штаттарга барабар, башкача айтканда, Еврошаркеттеги дүң өндүрүштүн жылдык көлөмү 17 триллион доллардын тегерегинде. 2008-2009-жылдагы рецессиядан экономика абдан жай калыбына келип жаткан Европада абал аяктаган жыл ичи кантти?

Биз бул суроону кайра эле Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун улук экономисти Найжел Пейнге жолдодук:

Качкындар Европа Биримдигинин экономикасына кандай таасир этери али белгисиз
Качкындар Европа Биримдигинин экономикасына кандай таасир этери али белгисиз

- Евроаймакта 2014-жылдагы жандануу 2015-жылы бекемделди. Экономикага монетардык саясат аркылуу колдоо көргөзүлдү. Европанын Борбордук банкынын саясаты экономиканы кредиттөөнүн өсүшүн шарттады. Жеке кожолуктардын керектөөсү өстү. Бир нече жылга созулган бекем фискалдык консолидациянын мезгили азыр аяктап бара жаткандай. 2016, 2017 - жылдарга бюджет да тең салмакталды. Биздин көз карашта , Европа экономикасынын болочогу салыштырмалуу жакшы. Бир белгисиздик – ири сандагы качкындар менен мигранттар экономикага кандай таасир тийгизери. Биз бул агым 2016, 2017- жылдардагы экономикалык өсүшкө оң таасир бериши керек деп ойлойбуз. Бирок конкреттүү кандай таасир болот, азырынча белгисиз.

Болжолу евроаймактын экономикасы 2015-жылдын жыйынтыгы менен кеминде 1,5%, 2016-жылы 2% чейин өсөт.

Экономикалык өсүш көрсөткүчтөрү өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө өнүккөн дүйнөгө караганда, мурдагыдай эле жогору, 4 - 4,5% тегерегинде. Евразия экономикалык биримдигиндеги кырдаал, албетте, 2014-жылдын жыйынтыгында Улуттук дүң өндүрүшүнүн акчалай көлөмү 1,8 триллион долларга түшүп калган Орусияга көз каранды.

2014 - жылы 2013 - жылга салыштырмалуу улуттук дүң өндүрүштүн акчалай көлөмү 150 миллиард доллардын тегерегинде кыскарган орус экономикасы 2015-жылдын жыйынтыгында андан да көп кыскарат деген божомолдор ырасталууда:

- Орусия терең рецессияга кабылган жалгыз эле өлкө эмес. Бразилияда да ушундай болду. Албетте, мунун маанилүү себеби – чийки заттын жана кара май баасынын арзандашы. Рубль нарксыздангандыктан, Орусияда инфляция көрсөткүчү жогору бойдон калууда. Андыктан, экономиканы макроэкономикалык, монетардык, фискалдык жактан колдогудай мейкиндик аз эле. Чийки заттын, кара майдын баасы түшүүсү уланып жатканын эске алганда, 2016 деле орус экономикасы үчүн кыйын жыл болчудай. Быйыл ноябрь башында чыгарган болжолубузда Орусияда 2016-жылы өсүш болбойт деп эсептегенбиз. Бирок мунай баасы төмөндөй берсе, кыскаруунун көрсөткүчү да чоң болот, - деди "Азаттык" менен маегинде Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун улук экономисти Найжел Пейн.

Уюмдун эсебинде,орус экономикасы 2015-жылдын жыйынтыгы боюнча 3-3,25 %, Эл аралык валюта корунун жана орус өкмөтүнүн өзүнүн эсебинде 3,8%, 2016-жылы кеминде 0,6% кыскарат.

Солгундаган соода

Аяктаган 2015-жылы дүйнөлүк экономикадагы тенденциялардын бири бул глобалдык сооданын кыскарышы болду.

Эл аралык валюта корунун талдоочусу Оя Чиласун (Oya Celasun) “Азаттык” менен маегинде мунун себебин мындайча чечмеледи:

Климаттын өзгөрүүсүнө арналган Париждеги саммитте кабыл алынган чечимдер дүйнө оюнчуларынын экономика боюнча саясатына таасир этиши ыктымал.
Климаттын өзгөрүүсүнө арналган Париждеги саммитте кабыл алынган чечимдер дүйнө оюнчуларынын экономика боюнча саясатына таасир этиши ыктымал.

- Глобалдык соодадагы өсүштүн төмөндөшү - бул жаңы феномен эмес. Өндүрүлгөн продукция көлөмү менен сооданы салыштырганда төмөндөө бир канча жылдан бери эле орун алууда. Бирок 2015 - жылдагы төмөндөөнүн себептери ичинен эки тенденцияны бөлүп көргөзүүгө болот. Биринчиси - Кытайда экономиканы тең салмактоо аракети. Кытай өндүрүш, экспорт жана инвестициядан кызмат көрсөтүүгө жана керектөөгө көчүп жаткандыктан анын импортунун жалпы көлөмү азайды да. Бул өз кезегинде жалпы глобалдык сооданын төмөндөшүнө өз таасирин тийгизди. Экинчиси - өнүгүп келе жаткан дүйнөдөгү Орусия, Бразилия сыяктуу өлкөлөрдүн экономикасы да стресске кабылып, алардын экспорт-импорту төмөндөдү. Глобалдык соодадагы төмөндөөгө алар да салым кошту.

Соода демекчи, аяктаган 2015-жылы бул чөйрөдө бир орчун окуя болду. Дүйнөлүк дүң өндүрүштүн 40% камсыздаган өлкөлөр өзүнчө эркин соода аймагын түзүүгө барышты.

Транс-Тынч океан өнөктөштүгү деп аталган келишимге Америка континентинен АКШ, Канада, Мексика, Чили, Перу, океан ортосунан Австралия менен Жаңы Зеландия, Азиядан азырынча Жапония, Сингапур, Вьетнам, Малайзия, Бруней кирүүдө.

Товардын дээрлик 18 миң категориясы боюнча бажы тарифтердин кыскарып же жоюлушуна алып барышы керек болгон келишим глобалдык соодага кандай өзгөрүү алып келет? Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун улук экономисти Найжел Пейн мындай дейт:

- Менимче, эркин сооданын жаңы аймагынын түзүлүшү дүйнө экономикасы үчүн оң белги болду. Бизнес да муну жакшы жышаан катары кабыл алды деп ойлойм. Бирок мунун таасири дароо эмес, орто мөөнөттө гана барып сезилет. Болжолдуу эсептерге караганда, Транс –Тынч океан өнөктөштүгүнүн таасири алдыдагы он жылдыкта глобалдык дүң өндүрүштү 2,5% чейин өстүрөт. Бул Тынч океан боюндагы жана Азия -Тынч океан аймагындагы өлкөлөр ортосунда түзүлгөнү менен Дүйнөлүк соода уюмдун эрежелерине шайкеш келет. Башкача айтканда, алар бири-биринин алдында алган милдеттенмелер Дүйнөлүк соода уюму алдындагы милдеттенмелерге каршы эмес. Бул жалпысынан алганда глобалдык соодага, бизнестин чек арадан өтүп инвестиция жасоосуна дем берет. Биро, мунун сезилерлик пайдасы дароо эртең эле эмес, алдыдагы он жылдыктын ичинде болот. Ал эми 2016-жылы биз соода 2015-жылга салыштырмалуу чыңдалат деп күтүүдөбүз. Бул бир чети глобалдык экономика, глобалдык дүң өндүрүш 2016, 2017-жылдары бир аз жанданарына байланыштуу.

Аяктаган жылдын соңунда Париждеги саммитте дүйнө өлкөлөрү климат боюнча тарыхый деп аталган макулдашууга жетишти. Анда каралган мерчемдерди аткаруу дүйнөнүн эң башкы экономикалык оюнчуларынан экономиканы өнүктүрүү саясатын бара-бара өзгөртүүнү талап кылат.

Башкача айтканда, инвестиция энергияны мунай, газ, көмүрдөн эмес, күн, суу, шамал өңдүү калыбына келип туруучу булактардан жана өзөктүк энергиядан алууга бурулушу керек.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG