Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:37

Баланын өлүмүнөн кийин мигранттар кооптонууда


Өзбекстандык бала баккан келин Гүлчехра Бобокулова
Өзбекстандык бала баккан келин Гүлчехра Бобокулова

Москвада көчөдө наристенин кесилген башын көтөрүп жүргөн өзбек аял тууралуу маалымат бүтүндөй коомчулукту дүрбөттү. Москванын соту мигрант келинди эки айга камакка алды.

Коомчулукта бул чуулгандуу окуя Орусияда иштеп жүргөн борбор азиялык эмгек мигранттарга залакасын тийгизип, улутчулдук маанайдагы кыймылдарга түрткү болушу мүмкүн деген кооптонуулар жаралууда.

39 жаштагы өзбекстандык Гүлчехра Бобокулова Москвада колуна наристенин кесилген башын көтөрүп жүргөн жеринен камакка алынган. Кара кийимчен, кара жоолукчан аял алгач метронун оозуна туруп алып, “Аллах акбар” деген сөздөрдү кыйкырып, “мен террористмин, мен өлөм, бирок силер жазаңарды аласыңар” деп жар салган.

Полиция кызматкерлери башы жок төрт жашар кыздын денесин жакынкы көп кабаттуу үйлөрдөн табышкан. Тергөө маалыматтарына караганда, мигрант келин наристени ата-энеси жумушка кеткенден кийин өлтүрүп, үйгө өрт коюп чыгып кеткен.

Мерт болгон Настя аттуу кыз төрөт маалында доо кетип, эки буту баспай майып болгону айтылууда. Кыздын ата-энеси жана 15 жаштагы агасы менен Орлов облусунан көчүп келип, Москвада ижарага алынган үйдө жашашкан. Ал эми Бобокулова бул үй-бүлө менен үч жыл бирге туруп, оорулуу баланы багып жүргөн. Келиндин Өзбекстанда үч баласы бар экени, кылмыш жасаган учурда психикалык абалы турукусуз болуп, эмне кылып жатканын аңдабай калганы айтылууда.

Жүрөктүн үшүн алган бул окуя учурда Орусиядагы коомчулукту дүрбөлөңгө салууда. Журналист Айгүл Ниязалиева мындай чуулгандуу кылмыш менен өзбекстандык мигрант келиндин камака алынышы бардык борбор азиялык мигранттарды кооптондуруп жатканын айтат:

- Окуя орусиялык ММК тарабынын катуу талкууга алынууда. Албетте кылмышкер деп кармалган аялдын мигрант макамы дагы өзгөчө белгиленүүдө. Ошондон улам окуянын кесепети жалпы чет элдик эмгек мигранттарына дагы тийип калбасын деген кооптонуулар болууда. Социалдык тармактардагы ой-пикирлерди талдап көрсөк, Борбор Азиядан келгендер тынчсызданууда. Айрымдары Бирюлеводогу окуялар кайталанбаса экен десе, кээ бирлери кризис маалында тынчыраак болсок деген ойлорду айтышууда.

Москвадагы кыргыз диаспорасынын аксакалы Эгемберди Мырзабеков жергиликтүү калк менен мигранттардын ортосуна жик салчу каргашалуу окуя болгонун белгилейт:

- Орусияда Борбор Азиядан келген мигранттарга – кыргыз, өзбек, тажиктердин бардыгына каршы терс мамиленин күчөшүнө себеп болуп калды. Үй кызматында - балдарды, улгайган адамдарды багып иштеген жердештер да мунун айынан жумуш ордуларынан айрылып калышы мүмкүн. Москвалыктардын да аң-сезиминде кара чекит пайда болду.

Көптөгөн жылдардан бери Орусияда иштеп жүргөн Айжан Мамасадыкова мигранттардын кооптонууларын чагылдырган төмөнкү ыр саптары менен бөлүштү:

Ал кыргыз, бул өзбек деп бөлбөйт бизди,
Болгону атыбыз бар мигрант деген.
Жаман иш жасалса эгер арабызда,
Жалпысы келгиндердин запкы жеген.

Бүгүн да болду окуя тири укмуш,
Баланын башын алып аял жүрдү.
Дүркүрөп дене боюм турат дале,
Айбан да кылбас анын бул кылыгын.

Канкор аял атын булгап мигранттардын,
Жырткыч сындуу жорукка бардың неге?
Кедергиң тиет эми «няняларга»
Жаш кыздын башын кесип алдың неге?

Алыстан иштеймин деп келгендердин,
Атын булгап айрыкча өзбек элдин.
Тээп кеттиң ырысын бала баккан,
Кыздардын, апалардын, жеңелердин.

Ансыз да көз карашы дурус эмес...
Москванын элдери кантээр экен?
Кара кийим кийинген канкор аял,
Кесириң мигранттарга тиер бекен?
Жаш кыздын башын неге алдың экен?

Орусияда 580 миңден ашуун кыргызстандык эмгектенет. Алардын 10% ашууну үй кызматында бала багып, же улгайган адамдарды караган кыз-келиндер.

XS
SM
MD
LG