Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:59

Кербен шаардык кеңеши жаңы станцияга жер бөлөт


Үңкүр-Тоо, Аксы
Үңкүр-Тоо, Аксы

Кербен шаардык кеңеши бүгүн Үңкүр-Тоонун (Унгар-Тоо) айланасындагы маселени өкмөт өкүлдөрү менен жабык талкуулап, соңунда кошумча станция куруу үчүн жер бөлүүгө макул болушту.

Бүгүн кезексиз чукул жыйынга чогулган депутаттардын көпчүлүк бөлүгү эмне себептен сессияга чакырылганын билишкен эмес. Айрымдары өкмөт ката кетирип жазган протоколу үчүн өзү жоопкерчилик алып, элден кечирим сураса болмок деген пикирин билдирди. Шаардык кеңештин атын атагысы келбеген депутаты:

- Бул документ өкмөттөн Аксы райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлүп, ал жактан шаардык кеңешке түшкөн. Өздөрү жазган протокол үчүн эми жалпы депутаттарды элге жаман көрсөтүп, кайра-кайра бизди убара кылып жатат. Өздөрү эле телевидениеден чыгып, техникалык жактан ката кетип калыптыр деп мойнуна алып кечирим сурап койсо ушунча ызы-чуу болмок эмес. Алар акырына чейин барабыз деп, кимдир бирөөнү жоопкер санагысы келип жатабы?

Алгач чукул жыйынга чогулган депутаттар сеесиянын күн тартибин беките албай, өкмөт өкүлдөрүнүн катышуусуз өз ара сүйлөшүп, тартышып отуруп акыры кезексиз сессия өткөрүүгө макул болушту. Андан соң гана өкмөт өкүлдөрү кирип, жабык эшик артында талкуу жүрдү. Ага өкмөттүн чек ара маселелери боюнча өкүлү Курбанбай Искандаров, өкмөт аппаратынын уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Алтынбек Эргешов, облус жетекчисинин орун басары, УКМКнын облустук башчысы жана райондук жетекчилер катышты.

Жабык отурумга катышкан өкмөт өкүлдөрү бул протокол боюнча иш Башкы прокуратурада каралып жатканын жүйө келтирип, депутаттардан азырынча радио-релейлик станция үчүн кошумча жер бөлүп берүүнү өтүнүшкөн. Ошентип 25 депутат катышкан сессияда кошумча жер бөлүп берүүгө баары макул болгонун депутат Калыбек Урустемов айтат.

- Бул жерде биздин өкмөткө жолдогон катыбыз дагы деле күчүндө калды. Булар келип Үңкүр-Тоодогу станция эч жерге көчпөйт, ал Кыргызстандын жери деп бизди ынандыргандан кийин гана жер бөлүп берүүгө макул болдук. Ал эми протокол боюнча азыр ишти прокуратура карап жатат, андан соң гана кошумча маалымат беребиз дешти. Биз бүгүн сессияда бир гана жер бөлүү маселесин карадык, башка сөз болгон жок.

Кербен шаар кеңешинин бүгүнкү отурумуна айрым депутаттар катышкан жок. Депутаттар радио-релейлик станция куруу үчүн Бозбу-Тоонун Ителги деген чокусунан жер бөлүп берүү чечимин кабыл алды.

Кыргыз өкмөтү санариптик телекөрсөтүүгө өтүү иштеринин алкагында Аксы районунда кошумча байланыш станциясын куруу зарылчылыгы бар экенин билдирип, ал үчүн кошумча жер суралганын ырастоодо. Ошол эле учурда өкмөт Үңкүр-Тоонун чокусундагы “Кербен-24” радио-релейлик станциясы көчүрүлбөй турганын район акими Медетбек Айдаралиев бышыктады.

- Станцияны башка аймакка көчүрүү боюнча сөз жок. Болгону ал жердеги “Кербен-24” радио-релейлик станциясы аркылуу Аксы районунун ичиндеги эле кээ бир айылдарга байланыш жетпейт. Башка жерге дагы кошумча станция куруп, анын кубаттуулугун жогорулатуу менен интернет тутумун дагы жандандыруу маселеси каралып жатат. Эгер бул жаңы станция ишке берилсе, Көш-Дөбө айыл өкмөтүнүн жана Кербен шаарынын айрым айылдары кыргыз теле көрсөтүүлөрүн толугу менен көрүүгө мүмкүнчүлүк ала алышат. Бул маселе көп жыл мурдатан бери көтөрүлүп келген, бирок каражат жоктугунан аткарылбай токтоп турган. Быйыл мына каражат бөлүнүп, апрель айында чечилип олтурат. Ал жер талаштуу аймакка кирбейт. Эки өлкөнүн эгемендүүлүк алгандан соң кол коюлган документине ылайык биздин пайдалануудагы жер болуп саналат. Ошол себептүү мыйзамдуу түрдө Кыргызстанга тиешелүү.

Жаңы курула турган станция ушул жылдын 1-декабрында бүтөөрү пландалууда. Ага өкмөттөн 50 млн сом каражат каралган.

Сессияга Үңкүр-Тоонун этегинде жашаган айылдардан да тургундар келишкени менен алар жыйынга киргизилген жок. Айылдыктар арасында тоо Өзбекстанга берилип кетиптир деген сөз тарап, алар өз пикирин айтуу үчүн келишкен. Алардын бири Тынар Абдыкаров:

- Эл арасында Үңкүр-Тоо өзбек тарапка өтүп кетиптир деген сөз тарап, кооптонуу пайда болгон. Биздин каалаганыбыз ал жер Кыргызстанга калса болгону. Анткени бийик тоонун башында түндүк менен түштүктү байланыштырып турган чон станция, ошондой эле ушул жер аркылуу дүйнөлүк Би-Би-Си каналын Лондондон түз алып беришет. Мындай чоң станция башка аймакта жок. Акча бөлүнүптүр, тигил жактан көчүрүлөт экен деп элде коркуу сезими пайда болуп жатат. Анын ордуна Аксы районунун ичиндеги Падыша-Ата суусун биздин айылга канал салып алып барып бербейби. Биз чек арадагы айыл сугат суусуз отурабыз. Мурунтан бери иштеп келе жаткан станция көчүрүүсүз эле өз ордунда иштей бермек. Ушундай чечип койсо эл тынчсызданмак эмес.

Бул маселе боюнча 31-мартта Жогорку Кеңеш жабык жыйынга чогулуп, өлкөдөгү коопсуздук, чек ара маселесин талкуулаган. Ага өкмөт башчы Темир Сариев жана тиешелүү мекеме башчылары катышкан.

Башкы прокуратурага 20-апрелге чейин Үңкүр-Тоого байланыштуу интернетте сүрөтү тарап жаткан протоколдордун чын-төгүнүн териштирүү тапшырмасы берилген. Өкмөт премьер-министр Темир Сариев Үңкүр-Тоону Өзбекстанга берүү тууралуу эч кандай токтомго кол койгон эместигин ырастоодо. Ортодо Кербендин депутаттары айтып жаткан протокол жасалма экени тууралуу маалымат чыккан, бирок мунун чын-төгүнү тууралуу да азырынча расмий жооп жок.

XS
SM
MD
LG