Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:31

Москва: Бакиевдер ооз ачырды


Ооз ачууга келген кыргыз мигранттары.
Ооз ачууга келген кыргыз мигранттары.

Москвада мурдагы президент Курманбек Бакиевдин атынан кыргызстандыктарга ифтар уюштурулуп, ага эки жүздөй адам катышкан. Алар менен Жаныш Бакиевдин уулу Асылбек Салиев жолугуп, Орусиядагы мекендештерге мурунку президенттин саламын жеткирген.

Өткөн жумада Москвада Курманбек Бакиевдин атынан уюштурулган ифтарга эки жүздөй адам келген. Минсктен келген Жаныш Бакиевдин уулу Асылбек Салиев “Курманбек Бакиев кыргыздарга ынтымак, ыйман, чыдамкайлык, кечиримдүүлүк каалап, салам жолдогонун" айтат.

- Эч кандай саясаты, максаты жок, эл катары, мусулман катары колубуздан келишинче чет өлкөдө жүргөн кыргызстандыктарга ооз ачар жасадык. Ал жерге жөнөкөй мигранттар чакырылды. Курманбек Салиевич келген кыргыздарга ынтымак, ыйман, чыдамдуулук, кечиримдүүлүк тилеп, саламын айтты.

Иш-чараны уюштургандардын бири Аскат Тейиттин билдиришинче, демилге кыргызстандык мигранттар тарабынан көтөрүлгөн.

- “Москвадагы кыргыздарга ооз ачыралы” деп мен Курманбек Салиевичке өзүм кайрылгам. Анан ал макул болуп, “өзүңөр билесиңер кимди чакырышты” деген. Анан биз Бурулча Торобекова аркылуу жөнөкөй мигранттарды чакырып, ифтар өткөрдүк.

Ооз ачууга Москвадагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү – “Ала-Тоо” коомдук уюмунун жетекчиси Жамиля Бегиева, “Кыргызстан аялдары” уюмунун жетекчиси Бурулча Торобекова, Н.Э.Бауман атындагы жогорку окуу жайдын мугалими Маматжан Акжолов, Кыргызстандын Орусиядагы мурунку элчиси Раимкул Аттокуров жана башкалар катышкан.

Бакиевдер уюштурган ифтарга 200дөй адам катышты
Бакиевдер уюштурган ифтарга 200дөй адам катышты

Жамиля Бегиева башында ифтар ким тарабынан уюштурулуп жатканы деле айтылбаганын белгилейт.

- Орозодо бардык мусулмандар Кудайдын алдында бирдей. Бардыгы эле колунан келген ишин жасап, Кудайдан сооп алайын деп жатса керек. Бизди да ооз ачууга чакырышкан, анан барганыбызда Курманбек Бакиевдин инисинин баласы экен деп айтышты. Муну эми ар ким өзүнүн түшүнүгү боюнча кабыл алат экен. Акаев деле акыркы убакта эл менен катышып, чай ичишип жүрөт. Курманбек Салиевич деле ушундай иш-чара өткөрдү. Негизи, элибиз бөлүнбөй бириксе жакшы болот эле.

Маматжан Акжолов орозо айында чакырган жерге барып, аксакалдык милдетин аткарганын айтат:

- Аскар Акаевич менен анын илимий потенциалынын пайдасы биздин жаштарга – Москвада окуган студенттер менен аспиранттарга тийсин деп жолугушуп жүрөбүз. Аскар Акаевич эки жолу илимий семинар уюштуруп, докладын жасаган. Бул жакта эч кандай саясат жок. Ал эми кечээги ооз ачууда болсо, “жалалабаддык жигиттер чакырып жатат” деген кабар болгон. Аксакал болгондон кийин чакырган жерге барып, орозо кармагандардын оозун ачып, сооп кылгандарга каалоо-тилектерди айтып, батабызды берип кеттик.

Элдик толкундоолордон кийин Кыргызстандан качкан мурдагы президенттер менен Москвадагы кыргызстандык мигранттардын жолугушуулары боюнча нааразычылыгын Бахтияр Омурзаков жашырбайт. Анын айтымында, мындай жолугушууларды өздөрүнүн максаттарын көздөгөн айрым топтор уюштурууда.

Кыргызстандын мурунку президенти Курманбек Бакиев
Кыргызстандын мурунку президенти Курманбек Бакиев

- Азыр Москвада Акаев жана Бакиев менен жолугуп жаткан кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү жана кыргызстандык мигранттар эмне себептен бул жакта жүрүшкөнүн унутуп калып жатат. Ошол эки жетекчинин жаман башкарганынан эл ушинтип тентип жүрөт. Мен алар эмне себептен жолугушууларга барып, кандай позицияда жүрүшкөнүн түшүнбөйм. Бул жакка өз оокаты өзү кылганы келгендер эч нерсе менен иши жок өзүнчө жүрүшөт, андай жолугушууларда болсо, кечирип коюшсун катуу айтсам, жалаң мансапкорлор жүрүшөт. Өзүнчө эле биригишип, эмне сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын ким билет?! Азыр Кыргызстанда жетекчибиз бар. Жаман болсо дагы ошону колдоп, өлкөбүздү өнүктүрүп кетүүгө аракет кылышыбыз керек. Жакшы президентти бизге эч ким бербейт.

Кыргызстандын мурунку президенти Курманбек Бакиев, иниси Жаныш Бакиев жана уулу Максим Бакиев алты жылдан бери эл аралык издөөдө.

2010-жылы 7-апрелде болгон ыңкылапта элге ок атылып, андан 90го жакын киши каза таап, 300дөн ашууну ар кандай деңгээлде жаракат алышкан. Бул үчүн Курманбек Бакиев баштаган айрым аткаминерлер сыртынан соттолуп, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG