Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:52

Интернет начарласа иш аксайт


Казакстандын провайдерлеринин интернет баасын үч эсеге чейин кымбаттатканы Кыргызстандагы интернет колдонуучуларды тынчсыздандырууда.

Интернет баасынын жогорулатууга эмне себеп болууда? Кыргызстанда интернетти туруктуу өнүктүрүү үчүн эмне кылуу керек? Өлкө көз каранды эмес интернет системасын түзө алабы?

"Арай көз чарай" талкуусуна Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов, Кыргызстандын маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин статс-катчысы Абдисамат Сагынбаев жана “Кабар” маалымат агенттигинин башкы директору Кубан Табалдиев катышты.

«Азаттык»: Абдисамат мырза, Казакстандын провайдерлери Кыргызстандагы интернет колдонуунун баасын кымбаттатып жатканы коомчулукта талкуу жаратып жаткан кез. Анын чоо-жайын айтып берсеңиз?

Кыргызстандын банк тармагы дүйнөлүк банктар системасында абдан активдүү иштеп жатат. Дүйнөнүн кайсы булуң-бурчу болбосун тез акча которуу керек болууда. Эгер баалар көтөрүлсө интернеттин ылдамдыгы начарлап, азыр эле алам деген кардар акчасын кечигип же эртеси алышы мүмкүн. Бул жалпы коомго зыян алып келет.
Кубан Табалдиев

Абдисатар Сагынбаев: Казакстандык провайдерлер интернеттин баасын үч эсе кымбаттатканы чындык. Бул маселени түшүндүрүп берүү үчүн Казакстандын мамлекеттик органдарына кат жолдодук. Бирок, ушул убакка чейин ал суроого түшүндүрмө берген жооп иретинде кат алган жокпуз. Өкмөттүн аппараты тарабынан да каттарды жөнөтүп жатабыз...

«Азаттык»: Алар бул убакка чейин эле кымбаттай турганын айтышкан экен, анын жүйөсүн кандай негиздеп жатышат?

Абдисатар Сагынбаев: Алар кымбаттатуу боюнча түшүндүрмө берген жок. Биз Тышкы иштер министрлиги аркылуу атайын кайрылганбыз. Биздеги маалыматтар боюнча Орусияда, Казакстандын өзүндө интернет акысы кымбаттаган эмес. Эмне үчүн Кыргызстанга эле кымбаттаганы биз үчүн табышмак.

“Азаттык”: Кубан мырза, сиз жетектеген маалымат агенттиги негизги интернет пайдалануучулардын бири. Эгер баалар кымбаттаса “Кабарга” кандай пайда-зыяны болушу мүмкүн?

Кубан Табалдиев: Баа кымбаттаса пайда болот деп айтуу мүмкүн эмес. Биздин негизги милдетибиз - маалымат таратуу. Элдин маалымат алуунун эң оңой, ыңгайлуу, арзан жолу жалгыз интернет. Маалымат эки жол менен таратылат. Биринчиси - интернет сайт. Экинчиси - электрондук почта. Мындан сырткары социалдык тармактардын башка мүмкүнчүлүктөрүн колдонобуз.

Эгер 10-сентябрдан баштап баа кымбаттаса интернет трафиктеринин сапаты төмөндөп кетиши мүмкүн. Сапатын төмөндөтпөйлү десек анда кошумча акча каражаттарын табыш керек. Тилекке каршы, биз каражаттарды мамлекеттик бюджеттен алабыз, кошумча каражаттар каралган эмес. Ошондуктан биздин абдан катуу жабыркап калуу коркунучубуз бар.

Ьиздеги маалыматтар боюнча Орусияда, Казакстандын өзүндө интернет акысы кымбаттаган эмес. Эмне үчүн Кыргызстанга эле кымбаттаганы биз үчүн табышмак.
Абдисатар Сагинбаев

Интернет бир эле Кыргызстан эмес, бүткүл дүйнөгө сиңип кеткен система болгондуктан бир жерден эле жыдып же ылдамдыгы азайып калса жалпы кардарларга, элге чоң зыяны тиет. Мисалы, банк системасын алалы, Кыргызстандын банк тармагы дүйнөлүк банктар системасында абдан активдүү иштеп жатат. Дүйнөнүн кайсы булуң-бурчу болбосун тез акча которуу керек болууда. Эгер баалар көтөрүлсө интернеттин ылдамдыгы начарлап, азыр эле алам деген кардар акчасын кечигип же эртеси алышы мүмкүн. Бул жалпы коомго зыян алып келет.

“Азаттык”: Дастан мырза, Байланыш операторлорунун бирикмеси бул маселени Евразия экономикалык бирикмеси комитетинде кароону сунуштап жатышты эле. Ал чара канчалык реалдуу, андан башка маселени чечүүнүн механизмдери жокпу?

Дастан Бекешов: Мен бул маселени билгенден кийин эле маалыматтык технологиялар комитетине кат жазып, Евразиялык экономикалык бирикменин деңгээлинде карайлы деп сунуш бердим. Биринчиден, дипломатиялык жолдор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз.

Экинчиден, Евразиялык бирикменин комиссиясында бул маселени карасак туура болот деп эсептейм. Кытай менен болсо биз линияны тартканбыз, кийин коррупция болуп кетип иш аягына чыкпай калганы эми белгилүү болуп отурат. Жогорку Кеңеште бул маселени көтөрүшүбүз керек.

«Азаттык»: Дастан мырза, айрым эксперттер интернет баасынын кымбатташы саясатташкан чечим экендигин айтышууда, сиздин пикириңиз кандай?

Дастан Бекешов: Бул жерде эч кандай саясат жок. Төрт компания биригип алышып, пайда табыш үчүн бинес кызыкчылыктарын жүргүзүп жатышат...

“Азаттык”: Абдисатар мырза, Кыргызстандын маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети операторлордун серверин Орусияга жайгаштырууну караштырып жатат деген маалымат чыкты эле. Ал канчалык азыркыдан пайдалуу болот же аргасыз жолбу?

Абдисатар Сагынбаев: Азыр бул вариантты техникалык жактан кантип ишке ашырса боло тургандыгы каралып жатат. Ошондо дагы Казакстан өз аймагы боюнча өтө турган транзиттик жол үчүн кызмат акысын көбөйтүп жатат. Ошондуктан бул суроолор азырынча актуалдуу жана ачык бойдон турат.

“Азаттык”: Дагы бир вариант айтылды эле интернетти Кытай аркылуу алсак деп.

Абдисатар Сагынбаев: Биздеги байланыш операторлору сүйлөшүүлөрдү ар тараптуу жүргүзүп жатышат. Кээ бир операторлор Орусия менен сүйлөшүп, макулдашып алышып, Казакстан аркылуу транзиттик жол менен жеткирүүнү пландап жатышат. Ортодо бизнес кызыкчылыктары болгондуктан бул маселелер да жакын арада чечилет деген оюбуз бар.

“Азаттык”: Расмий маалыматтар боюнча, учурда Кыргызстанда активдүү интернет пайдалануучулардын саны 4 млн. 750 миңден ашык. Жалпы өлкө боюнча калктын 80 пайыздан ашыгы интернетке туташууга мүмкүнчүлүгү бар.

XS
SM
MD
LG