Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:16

Коңшулар интернет баасын чече албай убара


Иллюстрация
Иллюстрация

Казакстандык провайдерлер интернетке бааны кайра арзандатары күмөн жаратууда. Мөөнөтү өтсө да Казакстандын жаңы келишим сунуштабаганы кыргызстандык байланыш операторлорунун тынчын алууда.

Коңшу өлкөнүн Монополияны тескөө кызматы интернет баасы боюнча сүйлөшүүлөр жараяны эми гана жүрө баштаганын кабарлап жатат.

Баа бычыла элек

Интернет баасы боюнча 5-октябрдагы кыргыз-казак сүйлөшүүсүндө казакстандык провайдерлер бааны көтөрбөө үчүн Кыргызстандын байланыш операторлоруна бир нече шарт коюшкан. Алардын ичинде Кыргызстан аркылуу өтүүчү интернет тарифин өзгөртүү, узак мөөнөткө келишим түзүү жана интернет үчүн алдын ала акы төлөө шарттары коюлган. Кыргызстандык байланыш операторлору бул шарттарга негизинен макулдук берген. Бирок ага карабай, ушу күнгө чейин казакстандык провайдерлер Кыргызстан төлөй турган баа тууралуу так маалымат бере элек. Бул тууралуу Кыргызстандагы байланыш операторлору ассоциациясынын президенти Нурбек Абасканов “Азаттыкка” билдирди:

Интернет начарласа иш аксайт

Интернет начарласа иш аксайт

- Бүгүнкү күнгө чейин казакстандык провайдерлерден интернеттин баасы тууралуу бир да сунуш түшө элек. Алар бизге беш күн ичинде баа тууралуу маалымат беришмек. Бирок бүгүнкү күндө бир да операторго расмий түрдө казакстандык провайдерлерден кат келе элек. Күтүп жатабыз. 12-октябрга чейин маалымдашы керек эле, бүгүнкү күнгө чейин жок.

Интернет өчөбү?

Байланыш операторлору Казакстандын провайдерлери эки тараптуу жолугушууда жетишилген келишимди аткарбай коет деп тынчсызданууда. Кыргызстандагы байланыш операторлорунун атын атагысы келбеген өкүлүнүн айтымында, казакстандык провайдерлер тескерисинче интернетти өчүрүү боюнча маалымдама жиберишүүдө:

- Биздин кээ бир байланыш операторлоруна Казакстандан интернет өчөт деген маалымдама келип түшүүдө. Бул деген белгилүү бир күнү ал байланыш оператору кардарларын интернет менен камсыз кыла албай калат дегенди түшүндүрөт. Интернетти эмне себептен өчүрүшөрүн айтпай жатышат.

Ушундан улам Байланыш операторлору ассоциациясы Кыргызстандын бийлигине кайрылуу жолдоп, казакстандык провайдерлердин аракетин ЕАЭБ мыйзамдары боюнча талдоого алуу демилгесин көтөрүүгө чакырган.

Биздин кээ бир байланыш операторлоруна Казакстандан интернет өчөт деген маалымдама келип түшүүдө. Интернетти эмне себептен өчүрүшөрүн айтпай жатышат.

Казакстандык интернет провайдерлеринин бааны көтөрүү аракети боюнча маселе ЕАЭБ экономикалык комиссиясында да каралган. Бул маалыматты аталган комиссиянын атаандаштык жана антимонополиялык тескөө боюнча коллегиясынын мүчөсү Нурлан Алдабергенов 29-сентябрда кыргыз өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууда билдирген эле. Алдабергенов казакстандык провайдерлер интернет баасын көтөргөнү тууралуу кыргыз тараптын берген арызын комиссия карап жатканын маалымдап, антимонополиялык мыйзамдарды бузуу жана бааны негизсиз көтөрүү аныкталса, комиссиянын андай компанияларга жаза айып салуу менен бул маселени чечүүгө ыйгарым укугу бар экенин белгилеген. Бирок азырынча ЕАЭБ комиссиясынын аракети тууралуу маалымат жок. Уюмдун Бишкектеги өкүлчүлүгү менен байланышууга мүмкүнчүлүк болбоду.

Ал эми Кыргызстандын монополияны тескөө боюнча мамлекеттик агенттиги өткөн аптада жүргүзүлгөн эки тараптуу сүйлөшүүнүн жыйынтыгы күтүлүп жатканын белгилөөдө.

"Процесс жылды, ишке ашат"

Казакстандын Улуттук экономикалык министрлигинин монополияны тескөө кызматынын басма сөз катчысы Еркема Мухтар кызы “Азаттыкка” сүйлөшүүдө келишилген орток пикирди ишке ашыруу жараяны башталганын билдирди:

Орусия: Интернеттин баасын биз көтөргөн эмеспиз

Орусия: Интернеттин баасын биз көтөргөн эмеспиз

- 5-октябрда Кыргызстан менен Казакстандын провайдерлери, байланыш операторлору, антимонополиялык кызматтардын өкүлдөрү жолугуп, сүйлөшкөн. Анын негизинде тараптар баа боюнча орток пикирге келишкен. Жакынкы аралыкта бул тиешелүү келишимдерге жазылат. Келишимдердин ишке ашуу убактысы иш жүзүндө белгилүү болот.

Казакстан интернеттин 1 мегабитин Орусиядан 1 доллардан сатып алып, Кыргызстанга 12 доллардан сатып келген. Башында казакстандык провайдерлер бааны Орусия көтөргөнү үчүн кымбаттатууга аргасыз болушканын бекемдеген. Көп өтпөй Орусиянын монополияга каршы федералдык кызматынын башчысы Игорь Артемьев КМШ өлкөлөрүнүн монополияга каршы күрөшүү боюнча жыйынында Орусия Казакстанга интернет трафигинин 1 мегабитин 1 доллардан сатып келе жатканын айтып, орусиялык компаниялар “Транстелеком" да, "Ростелеком" да бааны өзгөртпөгөнүн билдирген.

Азырынча кыргызстандык интернет провайдерлер кардарларына баалар өзгөрбөгөнүн айтып келе жатышат. Керектөөчүлөр болсо интернеттин сапаты мурункудан начарлап калганын белгилешүүдө.

PS: Макалага пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG