Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:19

Депутаттар интернеттин кымбатташын иликтейт


"Кыргызтелеком" казакстандык провайдерлер менен интернет баасын көтөргөн бир жылдык келишимге үч ай мурун кол койгон документтер ачыкка чыкты.

Депутаттар "Кыргызтелекомдун" кыянаттыкка барганын айыптап, жагдайды текшерүү үчүн депутаттык комиссия түздү. Ал эми "Кыргызтелеком" бул келишимге кол коюлбаганда өлкөдө интернет берүү үзгүлтүккө учурамак деп маалымдоодо.

"Кыргызтелеком" ААКсы интернет тарифин жылдагыдан эки эсе кымбат Казакстандан сатып алууга келишим түзгөнү парламент депутаттары арасында ачуу пикирлерди жаратты.

Депутат Рыскелди Момбеков жаңы тариф боюнча келишимге ушул жылдын август айында "Кыргызтелекомдун" жетекчиси Эмил Эшеналиев кол койгонун айтып, мамлекет жарым миллион доллар чыгымга учураганын айтат.

Рыскелди Момбеков
Рыскелди Момбеков

- Үч ай мурун түзүлгөн келишимди азыркыга чейин өкмөт биле элек экен. Эми биз маселе боюнча парламенттик комиссияны түзүп, ага 12 киши кирди. Алдыда "Кыргызтелеком" эмне үчүн мындай алешемдикке барганын, жетекчини кол коюуга ким мажбурлаганын иликтейбиз.

Ал арада "Кыргызтелеком" казак тарап менен жаңы келишимди түзбөсө, өлкөдө жапырт интернет үзүлмөк деп ишендирип жатат. Акционердик коомдун жетекчиси Эмил Эшеналиев "Азаттыкка" билдиришинче, Казакстандын байланыш агенттиги менен жогорку баада интернет тарифине кол коюлганы менен өлкөдө интернет баасы кымбаттаган жок.

- Бизге казак тараптан чоң чабуул болду. "Квант" деген компания "30 доллардан турган келишимге кол койгула, болбосо 1-августтан баштап интернетти үзөбүз", - деди. Биз эки-үч жолу Алматыга кат жөнөтүп, келишим боюнча өчүргөнгө укугу жок экенин айтканбыз. Бирок интернетти токтотуу тууралуу алардын билдирүүсү айтылгандан кийин айла жок келишимге кол койдук.

Териштирүү аягына чыга элек

Монополияга каршы агенттиктин башчысы Болсунбек Казаков ушул айда атайын делегация Алматыга барып, интернеттин эски тарифин күчүндө калтыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү ийгиликтүү жүргүзүп келишкенин айтат.

Бирок "Кыргызтелеком" август айында эле эки эсе кымбат, бир жылдык келишимге кол коюп салгандыктан казак тарапка документтеги бааны төмөндөтүү боюнча сунуш берилди. Казаков келишимдин мыйзамдуулугун териштирүү иштери аяктай электигин кошумчалады.

- "Кыргызтелеком" жогорулатылган баа менен келишим түзүп алган маселе ич ара териштирилип бүтө элек. Ким тарабынан катачылыкка жол берилген, бааны төмөндөтсө болот беле? Бул суроолор дагы деле ачык турат. Ал эми келишимди эми гана түзө турган компанияларга эски тариф кала берет. Мындан тышкары жогорку баа менен түзүлүп калган келишимдерди казак тарап карап чыгабыз деген, биз ушул күндөрү алардын жообун күтүп жатабыз.

Бирок Казакстан бир жылга "Кыргызтелеком" менен түзүлүп калган келишимдеги тариф баасын төмөндөтүүгө бараарынан күмөн санагандар бар.

"Кыргызтелекомдун" мурдагы вице-президенти Акыл Түгөлбаев “Азаттыкка” айткандай, бул маселе келишим түзүлгөнгө чейин операторлордун деңгээлинде каралышы керек болчу. Ал азыркы жетекчиликтин “интернет үзүлүп калмак” дегени "суу кечпеген шылтоо экенин" кошумчалады.

Акыл Түгөлбаев
Акыл Түгөлбаев

- Башында эле интернет баасынын көтөрүлүшү тууралуу кат келгенде "Кыргызтелеком" түшүндүрмө талап кылышы керек эле. Бишкекте эле отура бербестен Казакстанга барышы керек болчу. Ал эми "Кыргызтелекомдун" жетекчилигинин “мени мажбурлап келишимге кол койдурушту” деген сөзү туура эмес, документке кол койгондон кийин мындай сөздөр жарабайт.

​Кыргызстан бир жыл мурун коңшулардан 1 мегабит интернетти 10-15 доллардан тартып келчү. Эки ай мурун Казакстандын Байланыш агенттиги дүйнөлүк желеге кирүүгө бааны 3-4 эсе көтөрөрүн Кыргызстанга расмий билдирген. Ушундан соң кыргыз өкмөтүнөн жана байланыш операторлордон атайын топ Алматыга барып сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эски баа калыбында калган.

XS
SM
MD
LG