Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:26

Стамбул канабайрамына ИМ жоопкерчилик алды


Стамбулдагы теракттан кийин.
Стамбулдагы теракттан кийин.

Стамбул шаарында түнкү клубга кол салуу жоопкерчилигин “Ислам мамлекети” террордук уюму алды. Жаңы жыл түнү кол салуудан 39 адам өлүп, ондогондор жарадар болгон. Түрк бийлиги кол салган адамды издөөдө.

Сириядагы “Ислам мамлекети” террордук уюмуна каршы операция жүргүзүп жаткан Түркияда жанкечтилер канабайрам жасады. Стамбул шаарында жаңы жыл түнү түнкү клубга кол салууда 39 адам набыт болду.

Бул кандуу терактка жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” аталган террордук уюм алды. Экстремисттик уюм 2-январда тараткан билдирүүдө “халифаттын аскери христиан каапырлардын майрамында” чабуулду ишке ашырды деп айтылган.

Ага чейин Түркиянын "Хурриет" жана "Карар" аттуу маалымат каражаттары чабуулга “Ислам мамлекети” шектелип жатканын жана ишке ашыргандар Өзбекстан же Кыргызстан жараны болуш ыктымалдыгын жазган эле. Кыргыз расмий мекемелери бул маалыматтар такталмайынча эч кандай комментарий бере албасын билдирди.

Учурда түнкү клубга кол салган шектүүнү издөө уланууда. Расмий өкүлдөрдүн маалыматы боюнча, аткылоодо каза болгон 39 кишинин 24 чет өлкөлүктөр, 69 жарадардын төртөөсүнүн абалы оор.

Теракт учурунда өлгөндөр арасында бирден Орусия, Саудия, Канада жарандары, эки Иордания, үчтөн Ирак жана Ливан жарандары, андан сырткары Тунис, Ливия, Индия жарандары, дагы бир израилдик араб, ошондой эле Белгия-Түркия кош жарандуулугу бар бир адам бар экени аныкталды.

Автомат менен куралданган белгисиз адам Стамбулдагы "Рейна" түнкү клубун кайтарып турган полиция кызматкерин атып салып, жаңы жылды майрамдап жаткан 500-700 адамга ок чыгарган. Кол салуу учурунда түнкү клубда болгон күбө буларды айтты:

- Мен бир адамды көрдүм. Ал аткылай баштаганда, мен жашынып калдым.

Түнкү клубга кирип келип аткылаган адам.
Түнкү клубга кирип келип аткылаган адам.

Түркиянын өкмөт башчысы Бинали Йылдырымдын айтуусунда, кол салган адам куралын калтырып, ызы-чуудан пайдаланып качып кеткен.

Стамбул шаарынын мэри Васип Шахин чабуулду “теракт” деп атады:

- Саат 1,15 минута өткөн мезгилде террорчу куралы менен түнкү клубга келген. Түнкү клубдун оозунда турган полиция кызматкерин, андан кийин тынч жаранды атып, ичкери кирип барган. Ал жерде эч нерседен капарсыз жаңы жылды майрамдап жаткан адамдарды аёосуз аткылай баштаган. Бул теракт.

Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу чабуул жасаган адамдын ким экендиги аныктала электигин жана аны издөө уланып жатканын билдирди:

- Полициянын маалыматы боюнча, аткылаган куралдуу бир адам болгон. Ал жерде бир нече киши болгон эмес. Ал пальто жана шым кийип жүргөн. Түнкү клубдун ичине кирип келип, туш тарапка ок чыгара баштаган. Ал жерде кийимин алмаштырып, чыгып кетүүгө аракеттенгени тууралуу маалымат бар. Полиция аны текшерип жатат.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган чабуулдун максаты өлкөнү дүрбөлөңгө салуу экенин белгиледи.

- Алар максаттуу түрдө биздин элибиздин тынчтыгына жана жарандарыбызга аёосуздук менен кол салып, өлкөнүн алапайын кетирип, будуң-чаңга салууну көздөшүүдө, - деди Эрдоган.

Европа Биримдигинин тышкы комиссары Федерика Могерини Твиттердеги баракчасына “биздин ой-тилегибиз жабыркагандар жана алардын жакындары менен бирге. Биз андай трагедияларды алдын алуунун үстүндө ишти улантабыз” деп жазды.

Кошмо Штаттар Стамбулдагы терактты айыптап, президент Барак Обама Түркияга керек болгон бардык жардамды берүүнү тапшырды.

Жаңы жыл алдында Стамбул шаарында коопсуздук чаралары күчөтүлүп, 17 миң полиция кызматка чыккан. Түркияда акыркы мезгилде тынымсыз теракттар жасалууда.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG