Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:50

Милиционерлер кыйноого шектелүүдө


Сүрөттүн окуяга тиешеси жок.
Сүрөттүн окуяга тиешеси жок.

Чүй облусунун Москва райондук соту үч жаранды кыйноо боюнча айыпталган милиция кызматкерлеринин ишин кароого киришти. Тартип сакчыларына кылмыш иши 2015-жылдын жазында ачылып, былтыр ноябрда сотко ашкан.

Андан бери сот ишине чекит коюлбай, улам создугуп келе жатканына жабырлануучулар жана укук коргоочулар нааразылык билдирип келишет. Ал эми милиция кызматкерлери өздөрүнө тагылган айыпты четке кагып, кыйноого барбаганын айтышууда.

Москва райондук ички иштер бөлүмүнүн оперкызматкерлери Бекзат Тажибаев, Таалай Иманалиев жана Изат Масиркуловдор Абдусамат Мусабаев, Саринжи Манапбек уулу жана Нариман Чоноевди кыйнаган деп айыпталууда. Буга чейинки соттук териштирүүлөр улам артка жылып келген. 18-январда жабырлануучулардын бири Нариман Чоноевдин келбегенине байланыштуу сот өтпөй калганы укук коргоочулардын нааразылыгын жаратып, натыйжада 28-январда райондук сот ишти карай баштады. Жабырлануучу тарап менен адвокаттар Чоноевге кысым көрсөтүлүп жаткандыктан келбей калды деген жүйө менен кийинки жараянга аны мажбурлоо менен алып келүүнү сурап, судья бул өтүнүчтү канааттандырды.

Жабырлануучулардын арыз-арманы

22 жаштагы жабырлануучу Саринжи Манапбек уулу мурдагы жылы достору менен биргеликте Сокулук районунун Новопавловка айылынан 20 миң сомдой акча уурдоого шектелип кармалган. Ал милицияда 28 саат мыйзамсыз кармалып, үч саат бою кыйноого алынганын “Азаттык” радиосуна айтып берди:

- Башыма желим баштык кийгизип алып, уруп-сабашты. Таалай Иманалиев өз каалом менен макул болушумду, болбосо баары бир кыйноо жолу менен макул болууга аргасыз болорумду айтты. Мен “жок” дедим. Андан кийин уруп-сабашып, башыма желим баштык кийгизип кыйнашты.

Саринжи Манапбек уулу кыйноодон кийин саламаттыгы начарлап, өзүн жаман сезип жүргөнүн кошумчалады. Бул окуя жабырлануучулардын бири Абдусамат Мусабаевдин ата-энеси баласы прокуратурага жана укук коргоочуларга кайрылгандан кийин ачыкка чыккан. Мусабаевдин апасы Мехриайдын айтымында, балдардын күнөөсүз экени аныкталганы менен милиция кызматкерлерин жоопко тартуу аракети кечеңдеп жатат. Ал азыркы кезде дагы милиционерлер ишти өз ара сүйлөшүү жолу аркылуу жаап коюуга умтулуп, Нариман Чоноевден көрсөтмөсүн өзгөртүүгө далалаттанып жатканын белгилейт:

- Чоноев кѳрсѳтмѳсүн ѳзгѳртүп, айыпталуучулар жѳнүндѳ эч нерсе айтпайм деп жатыптыр. Сотко да келбей койду.

Күнөөлөнүп жаткан тартип сакчылары ушул тапта боштондукта. Сот териштирүү бүткүчө аларды убактылуу иштен четтеткен. Жабырлануучулардын адвокаты Мунарбек Супатаев алардын эркиндикте жүрүшүнөн улам балдарга кысым көрсөтүлүп жатканын айтат:

- Сотко жабырлануучулардын бири келбей жатат. Булар аны коркутуп коюшканбы же келбегенге макул кылышканбы, айтор келбеди. Анын шылтоосу менен жараян артка жылып жаткан. Укук коргоочулардын кийлигишүүсү, жалпыга маалымдоо каражаттарынын көңүл буруусу менен териштирүү башталып, иш аз да болсо алдыга жылды.

Супатаевдин билдиришинче, кыйноонун натыйжасында жабырлануучулардын экөө "уурулук" тууралуу айыпты моюнга алып, кийин четке какса, Абдусамат Мусабаев алган эмес.

Айыпты четке каккан милиция кызматкерлери

Ошол эле кезде милиционерлер өздөрүнө тагылган кинеге макул эмес. Алардын адвокаты Эркин Алымкулов да тартип сакчыларга жалаа жабылганын жана жабырлануучулардын үчөө тең мурда соттолгонун "Азаттыкка" билдирди:

- Милиция кызматкерлери кыйноого барган эмес. Муну экспертиза аныктаган. Бул балдардын үчөө ар кайсы убакта кармалган. Арада 2-3 күн айырма бар. Себеби, алгач бирин кармап, андан кийин ал кийинкилери тууралуу маалымат берген да. Ошондуктан, денесине жаракат келтирилсе, көк-ала тактар ар кандай болушу керек эле. Бирок, экспертизанын жыйынтыгында баары бирдей жана бир убакытта болгондой көрсөтүлүп калган. Балдардын үчөө тең мурда соттолуп, шарттуу түрдө бошотулгандар. Прокуратурага кайрылышкандан кийин алар милиционерлердин үстүнөн арыз жазгыла деген экен, жазышты. Сотко жабырлануучулардын бири Нариман Чоноев келбей калса, аны да "коркутту" деп бизден көрүп, шылтап атышат. Биз алардын жанына баргандан чочулап, өзүбүз араң жүрөбүз. Анан кантип коркутабыз? Барсаң эле чагым кыла турган түрлөрү бар.

Ошол эле маалда жабырлануучулар тосмо арыз берилгенин четке кагышууда.

Жазасын албаган кыйноо фактылары

Кыргызстанда кыйноо фактылары байма-бай чыгып турат.​ Кыйноолорго каршы улуттук борборго быйыл зомбулук фактысы боюнча 200дөй арыз түшкөн. Укук коргоочу Асел Койлубаева ички иштер бөлүмдөрүндөгү кыйноолор боюнча териштирүүлөр жылдап созулуп, акырына чыкпай келе жатканы көндүм адат болуп калганын белгиледи:

- Мындай иштер түйшүк менен каралууда. Мисалы, кыйноо боюнча 2009-жылдан тартып чечим чыга элек иштер бар. Жада калса, коррупция жана башка беренелерге байланышкан иштер Жазык-процессуалдык кодекс боюнча 2-3 айда каралып бүтөт. Ал эми кыйноо маселесине келгенде эле иштер созулуп кетет.

Буга чейин жергиликтүү укук коргоочулар УКМКнын тергөө абагында кыйноого кабылганын айтып даттанган жаран менен жолуга албай жатканын жарыялашкан. Алардын маалыматына таянсак, өлкөдө зордук-зомбулук көрсөткөн күч кызматкерлери боюнча акыркы 13 жыл аралыгында бир гана өкүм чыгып, эки милиция кызматкери соттолгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG