Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:02

Иманкулов: УКМК тыңшоолорду мыйзам чегинде жүргүзөт


Телефон тыңшоолордун мыйзамдуулугу тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрага орун басары Марат Иманкулов “Азаттыкка” маек курду.

“Азаттык”: Башкы прокуратура тартип коргоо органдарынын жана жеке адамдардын телефондорун тыңшоо канчалык мыйзамдуу деп териштиргени жатат. Жакында эле ички иштер министри Зарылбек Рысалиев жана айрым депутаттар телефондору тыңшаларын айтып чыгышкан. Бул эмнеде кабар берет? Телефон тыңшоолордун мыйзамдуулугун териштирүү эмнеге алып келиши мүмкүн?
Бизге мыйзамсыз телефон тыңшоого жол берилбейт, биз андай авантюрага барбайбыз.


Марат Иманкулов: Сиз кызык суроону берип жатасыз. Билесиздер, Кыргызстанда "Оперативдүү иликтөө тууралуу" мыйзам бар. Ошол мыйзамдын негизинде тартип коргоо органдарына, анын ичинде биздин атайын кызматка да, ИИМ да башка тартип коргоо органдарына сиз айтып жаткан ыкмаларды пайдаланганга уруксат берилет. Бирок анын баары мыйзамдын, уруксаттын негизинде болушу керек.

Былтыркы жылдын аягына чейин буга прокуратура тарабынан уруксат берилчү. 2011-жылдын 1-январынан тарта атайын сот органдарынан санкция алынмайынча андай ыкмаларды колдонууга эч бир органдын укугу жок. Мунун баары мыйзамдын чегинде жасалышы керек. Ал эми министр жанагындай нерсени айтып аткандан кийин аны текшериш керек. "Криминалдар тыңшайт" деп айтып жатканын өзүм да угуп калдым.

Марат Иманкулов
Прокуратуранын тыңшоолордун мыйзамдуулугун текшере турган укугу бар. Алар мыйзамдардын аткарылышына көзөмөл жүргүзөт. Биз жалаң мыйзамдардын негизинде иш алып барабыз. Эгерде ошондой ыкмалар жасала турган болсо биз аны сот органдарынан уруксат алып туруп гана жасайбыз. Мындай өзүм билемдик менен тигини, муну угабыз дегенге мыйзам жол бербейт, биз өзүбүз, жетекчилик да жол бербейбиз.

“Азаттык”: Апрель окуяларынан кийин айрым аттуу-баштуу адамдардын телефон сүйлөшүүлөрү Интернет аркылуу жайылып кетти эле. Ошондо бул Кыргызстандын эмес, чет өлкөлөрдүн атайын кызматынын иши деп айткандар болгон. Буга кандай түшүндүрмө менен бересиз?

Иманкулов: Эми колунан кармап албагандан кийин "бул жасады, тиги жасады" деп айтуудан алысмын. Бирок азыркы деңгээлдеги техниканын жетишкендиги менен баарын кылса болот.

Биз азыр уюлдук телефонду пайдаланып жатабыз. Бул деген радио жыштыкты пайдаланган телефондор. Радио жыштыкты атайын техникасы болсо кармап сүйлөшкөндөрдү угууга көптөрдүн мүмкүнчүлүгү болушу мүмкүн. Бирок буга атайын техника керек. Атайын техника атайын уруксат менен келиши керек. Кимде бар, ким пайдаланып атканын айтуу кыйын. Ал кезекте мен иштеген эмесмин, жаңы иштеп жатам. Бизге мыйзамсыз телефон тыңшоого жол берилбейт, биз андай авантюрага барбайбыз.

“Азаттык”:
Эгер телефон тыңшоолордун баарын мыйзамдуу жүргүзсөңүздөр, анда эмнеге Башкы прокуратура тыңшоолордун мыйзамдуулугун териштиргени жатат?

Иманкулов: Сиз өзүңүз деле айтып жатпайсызбы, телефон тыңшоолор боюнча бир канча окуялар болуп кетти деп. Ички иштер министри да Жогорку Кеңеште айтып жатат. Мүмкүн ошонун негизинде болуп жаткандыр.

Мен текшерүүгө эмне негиз болуп жатканын билбейм. Ал боюнча сүйлөшкөн эмесмин, сизден угуп жатам. Эгер текшере турган болсо, мен дагы бир жолу кайталайын, алардын мыйзамдын сакталып жатышын текшергенге укуктары бар. Биз болсо ишибизди мыйзамдын негизинде жасап жатабыз.

“Азаттык”: Рахмат.

XS
SM
MD
LG