Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:15

Каримованын 300 млн. доллары камакка алынышы мүмкүн


Гүлнара Каримова
Гүлнара Каримова

АКШнын юстиция министрлиги Өзбекстан президентинин кызы Гүлнара Каримованын 300 миллион долларын камакка алуу тууралуу сотко доо арыз берди.

Америкалык юристтер бул сумманы Каримова орусиялык компаниялардан пара катары алган деп жоромолдошууда. Нью-Йорктогу жана башка бир нече өлкөдөгү банктарда сакталуу турган каражат мындан да көп болушу мүмкүн.

Каримовага карата америкалык күч кызматтарынын доо арызы телекоммуникациялык багыттагы келишимдерди иликтөөнүн алкагында көтөрүлдү. Американын укук коргоо органдары АКШ биржасында соодаланып жаткан орусиялык МТС жана «ВымпелКом» компанияларын текшерүүгө алгандан кийин гана ушундай жыйынтыкка келген.

Эки мекеменин ишмердүүлүгүн текшергенден кийин тергөөчүлөр МТС менен «ВымпелКом» ишканалары Өзбекстандын рыногуна кирүү үчүн Гүлнара Каримовага пара бергенин аныктап чыгышкан.

Натыйжада АКШнын Юстиция министрлиги бул мекемелердин жана алар акча которгон дагы бир нече компаниялардын эсебиндеги каражаттарды камакка алуу тууралуу сотко доо арыз берди.

Америкалык күч кызматтары шек санаган акчалар Bank of New York Mellon банкында жана Ирландия, Люксембург, Бельгиядагы банктарда сакталган.

Төрт ай мурда Европадагы «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө борбору» жарыялаган баяндамада да МТС, «ВымпелКом», Alfa Telecom жана TeliaSonera компаниялары Өзбекстанда иштөө үчүн Гүлнара Каримовага 1 миллиард доллардай пара бергенин жарыялаган эле.

Баяндаманын авторлорунун бири, иликтөөчү журналист Миранда Патручич мындай деди:

- Өзбекстандын президентинин тун кызы Гүлнара Каримовага Telia Sonera – компаниясы 320 миллион доллар пара берген. Бул чынында аябай чоң сумма. Бирок мен иликтеп чыккандан кийин мындан башка компаниялардан да толтура акчалар, тагыраагы 980 миллион доллар Каримованын эсебине которулганын билдим. Балким мындан да көп болушу мүмкүн. Муну тиги компаниялар Өзбекстанда иштөөгө уруксат алуу үчүн, же Каримова президенттин кызы болгону үчүн эле ага пара катары беришкен.

Швейцария банктарында бул сумманын 900 миллион доллары камакка алынган. Takiland ltd компаниясы бул акчанын баары Гүлнара Каримовага тиешелүү экенин билдирген. Эми АКШнын Юстиция министрлиги бул ишканага тийиштүү дагы 300 миллион долларды камакка алууну талап кылууда.

Гүлнара Каримовага пара катары акчаны Takiland. Ltd ишканасына которгон деп шектелип жаткан, “ВымпелКом" компаниясынын өкүлү Артем Минаев "Интерфакс" маалымат агенттигине буларды айтып берген:

- Бизге байланыштуу каражаттарды камакка алуу тууралуу Америкалык бийликтердин аракеттери тууралуу кабарыбыз бар. Биз алардын иликтөөсүнө колдон келишинче жардам берип жатабыз, ошого байланыштуу иш боюнча кененирээк комментарий бере албайбыз.

Каримовага байланыштуу чуулгандуу ишти АКШнын Юстиция министрлигинен башка Нидерландия ("ВымпелКом" компаниясынын кеңсеси Амстердамда жайгашкан), Швеция, Швейцария бийликтери жана баалуу кагаздар боюнча АКШдагы комиссия да иликтөөгө алууда.

Швециялык иликтөөлөрдүн жыйынтыгы скандинавиялык TeliaSonera ишканасынын бир катар жетекчилерин кызматтан кетүүгө мажбур кылган.

2012-жылдан бери Европанын ондон ашык өлкөсүндө Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун тун кызы Гүлнара Каримова башкы фигурант деп эсептелип, ага коррупцияга байланыштуу кылмыш иштери козголду. Өзбекстандын Башкы прокуратурасы дагы учурда Каримованын бизнесин текшерүүдө.

Мекенинде болсо Каримова былтыр марттан тарта үй камагына алынып, Башкы прокуратура аны кылмышка шектүү катары расмий жарыялаган. Бирок кылмыш иши сотко жетер-жетпеси азырынча анык эмес.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG