Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:30

Электр үчүн арызданган мугалим "эл душманына" айланды


Анжияндык жаш мугалим Мухаммадризо Эргашев
Анжияндык жаш мугалим Мухаммадризо Эргашев

Өзбекстандын Анжиян облусунда айылдык мектептин 20 жаштагы мугалими электр энергиясы күнүнө эки саат берилгенине арызданганы үчүн “эл душманы” аталып, беш күн камалып да чыкты.

20 жаштагы Мухаммадризо Эргашев Анжияндын Жалал-Кудук районундагы Айым айылында жашайт. Соңку күндөрү ал жашаган аймакта электр энергиясын колдонууга чектөөлөр кирип, күнүнө болгону эки саат гана жарык берилиши айылдагы мектептердин биринде мугалим болуп иштеген бул жигиттин көкөйүнө көк таштай тиет. Бул тууралуу ал “Азаттыктын” өзбек кызматынын суроолоруна жооп берип жатып айтып берди:

- Кыштагыбызда канчадан бери электр энергиясы жок. Үйүбүздө наристе бар, агамдын баласы. Сексенге кирген чоң энебиз да бар. Энебиз намаз окууда, ысык жана муздак суу маселесинде кыйналып жатат. Биздин айылда газ жок, жалаң электр. Жарык күнүнө болгону эки гана саат берилет, күндүзү бир саат, кечинде бир саат.

Жаш мугалим бул маселени чечүү өтүнүчү менен аймактагы электр тармактары ишканасына кайрылып көрмөкчү болуп, 19-октябрда аталган ишкананын астанасын аттайт. Эшик тоскондор аны тиешелүү кызматкерге узатышат.

- Мени бир бөлмөгө киргизишти. Ал жерде келбеттүү бир киши тосуп алды. Саламдашып, келген жайымды айттым. Аке, абал ушундай, электр энергиясы жок, болсо да күнүнө бир-эки сааттан гана берилет, кыйналып кеттик десем: “иним, эки мүнөт отуруп тур, азыр келем”, - деп чыгып кетти. Беш мүнөт өтүп өтпөй эки милиционер кирип келди.

Ошентип жаш мугалимге андан ары арыз-арманын милицияга айтууга туура келет. Аны машинеге салып, милиция бөлүмүнө алып келишет.

- Аларга да электр жоктугунан карыган энебиз менен наристебиз кыйналып жатканын, ушул маселени чечүү өтүнүчү менен электр ишканасына келгенимди айттым. Алар: “Сен эл душманысың, Өзбекстан душманысың, жарык болбосо тезек жак, отун жак", - деп шылдыңдап киришти. Байкелер, мен туура максатта келдим, жаман ниетим жок десем, "свет маселесинде арызданганың үчүн беш-алты жылга камалышың мүмкүн" дешти.

Ошентип басым-кысымга кабылган Мухаммадризо Эргашев милиция кызматкерлери андан ары караңгы бир бөлмөгө киргизип, ал жерде бир суткадай нан-суусуз ачка отурганын айтат:

- Мурдагы абалым менен азыркысында анча айырма бар. Мага эч несе беришкен жок. Андай жерге биринчи киришим, андай караңгы жерлерге өмүрүмдө кирбеген элем. Аябай корктум. Эшикти каккыласам эч ким жооп берген жок. Итти карагандай мамиле кылышты.

Жаш мугалим милиция бөлүмүндө беш күндөй кармалып, 24-октябрда гана чыгат.

Ал “Азаттыктын” өзбек кызматы менен маегинде 300 миң сум айлык алса анын үчтөн бирине жакынын - 90 миңин электр энергиясы үчүн төлөрүн кошумчалады. Демек АКШ долларына айланткада анын айлыгы 50 доллардай болуп, 15 долларга жакынын электр акысына берет.

Ошентип жаш мугалимдин акыйкаттык издеген кадамы беш күндүк камак жана “эл, мекен душманы” деген кордоп-кемсинтүүлөр менен аяктайт.

“Азаттыктын” өзбек кызматынын кабарчысы бул маектен соң Анжияндагы электр тармактары ишканасына телефон чалды. Мекеменин аты-жөнүн айтууну каалабаган бир кызматкери жогоруда сөз болгон жаш мугалимге байланышкан окуяны четке кагып, "андай болушу мүмкүн эмес" деп билдирди. Анын айтымында, элден түшкөн арыз-даттануулардын баары өз убагында каралып турат. Бирок ишкананын кызматкери аймакта электр энергиясын колдонуу боюнча октябрь айынан тарта чектөөлөр киргенин, азыр облус аймагына электр жарыгы күнүнө үч жолу үч сааттан гана берилерин, бул чектөө келерки жазга чейин созуларын жашырган жок.

“Азаттыктын” өзбек кызматындагы кесиптешибиз айылдык жаш мугалимдин беш күн камакка алынышы боюнча Анжиян облустук ички иштер башкармалыгына кайрылып, жооп ала алган жок.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG