Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:49

Өзбек дыйкандары темир чогултууда


Өзбекстанда темир чогултууга мектеп окуучулары, колледждин студенттери жана дарыгерлер тартылат.
Өзбекстанда темир чогултууга мектеп окуучулары, колледждин студенттери жана дарыгерлер тартылат.

Өзбекстанда дыйкандар өкмөткө темир тапшырууга милдеттүү.

Өзбек фермерлери 2017-жылдын биринчи кварталында ээлик кылган жеринин гектарына 40 килодон темир тапшырышы керек. Мындай тапшырманы аткара албай калгандар килосу үчүн 35 доллардан акчалай айып төлөйт.

Хорезм облусундагы атын атагысы келбеген дыйкан жергиликтүү бийлик ал ээлик кылган 25 гектар жери үчүн бир тонна темир талап кылып жатканын айтууда. Ташкенттин Янги районундагы дагы бир дыйкан өкмөт 400 кило темир-тезек өткөрүшүң керек деп талап кылып жатканын "Азаттык" радиосунун өзбек кызматына билдирген.

- Ар бир кварталда 100 килограммдан темир тапшырышым керектигин айтышты. Жалпысынан бир жылда 400 килограмм темир табышым керек. Эгерде дыйкан темир таба албаса акчалай төксө болот экен. Алар элден чогулган акчага темир сатып алабы, же жокпу белгисиз. Жергиликтүү администрацияда элден темир чогултууга жооптуу кызматкер бар экен, - деди атын атагысы келбеген дыйкан.

Бул дыйкандын айтымында, жергиликтүү бийлик темир өткөрүү тапшырмасын аткарбагандарды жерин тартып алабыз деп коркутушууда.

- Мындай учурда ал дыйканды аким өзү чакыртып алып, жериңди тартып алабыз деп коркутат. Чын, “кандайдыр бир шылтоо таап, жериңди алып коем” деп айтышат. Ушинтип ар кандай жолдор менен ыдык көрсөтүшөт. Ошондуктан дыйкандар тапшырманы аткарууга мажбур болушат.

Темир чогултуу кампаниясы жүрүп жатканын "Азаттык" радиосунун өзбек кызматына бир нече облустун дыйкандары дагы ырасташты. Бирок расмий органдардан пикир алууга мүмкүнчүлүк болбоду.

Ал ортодо дыйкандар гана эмес, мамлекеттик кызматта иштегендер да темир өткөрүүгө милдеттүү экени айтылууда. Маселен, Фейсбуктагы Ikbol_Kuldashev аттуу колдонуучу өз баракчасына минтип жазган:

- Жылда эле элден темир талап кылып жатканы эч кимге жашыруун эмес. Карапайым эл, мамлекеттик кызматкерлер буга көнүп деле калышты. Мажбурлап темир өткөрүүнү Мирзиеев дагы жокко чыгара алган жок. Темир жана пахта чогултуу – өзбек элинин милдети болуп калган.

Өзбекстанда негизинен темир чогултууда мектеп окуучулары, колледждин студенттери жана дарыгерлердин эмгеги пайдаланылат. Өзбек бийлиги айдоо аянтарындагы отоо чөптөрдү тазалоого жана пахта терүүгө окуучуларды, дарыгер, артисттерди мажбурлап чыгарат деп укук коргоочулардын сынына кабылып келет. Элеттиктер кык чогулткан учурлар да болуп турат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG