Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:38

Каримова миллиардды кымырганбы?


Гүлнара Каримова
Гүлнара Каримова

АКШнын Юстиция министрлиги Өзбекстандын телекоммуникация рыногундагы коррупциялык иштерге аралашкан компаниялардын банк эсептериндеги 300 миллион долларды камакка алууга соттон уруксат алды.

Орусиялык “ВымпелКом” жана МТС компаниялары Өзбекстандагы мыйзамсыз иштерге аралашкан деп шектелүүдө. Бул компаниялар өзбек президентинин тун кызы Гүлнара Каримовага пара төлөп турушканы жөнүндө кеп-сөз кеңири тараган.

“Блумберг” агенттиги Нью-Йорктун Түштүк округунун федералдык соту Юстиция министрлигинин доо арызын 10-июлда канааттандырганын жазып чыкты.

Камакка алынган каражат Белгиянын, Люксембургдун жана Ирландиянын банктарында ачылган эсептерде жатат. Иликтөөнүн версиясы боюнча дал ушул каражат арам акчаны адалдаштыруунун глобалдык операциясына айланып, анын теңи “Такиланд Лимитед” компаниясына караштуу. Батыш эксперттери бул компания Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун тун кызы Гүлнара Каримова менен байланышы бардыгын айтышууда.

Ислам Каримов
Ислам Каримов

Орусиялык “ВымпелКом” жана “МТС” компаниялары атайын түзүлгөн уюмдар аркылуу Ислам Каримовдун жакынына Өзбекстандын телекоммуникация рыногуна кирүү үчүн чоң көлөмдөгү пара беришкен деп шектелүүдө.

Өзбекстандын байланыш рыногундагы коррупциялык жаңжал 2012-жылы бир катар батыш медиалары жазып чыккан соң башталган.

2014-жылдын мартында АКШнын Юстиция министрлиги Өзбекстандагы МТС компаниянын ишмердүүлүгүн өз алдынча иликтей баштаган. Бул компания 2013-жылы лицензиясынан ажырап, Өзбекстанда ишин токтоткон эле.

Парага берилген акча америкалык банктар аркылуу өтүп турган. Ал эми МТС менен “ВымпелКомдун” баалуу кагаздары америкалык биржаларда сатылып келет. Мына ушул себептен АКШ бул схеманы иликтей баштаган.

Пара алган адамдын аты-жөнү документтерде көрсөтүлбөйт, эми доо арызда “А. аттуу бийликтин мүчөсү” деп шарттуу белгиленген. Иликтөөнүн материалдарына ылайык, сөз өзбек президентинин кызы Гүлнара Каримова тууралуу болуп жатышы мүмкүн.

13-июлда Швейцарияда жашаган өзбек диссиденти Сафар Бекжан жергиликтүү полицияга суракка чакырылды. Анын үстүнөн Каримованын тарапкери полицияга арыз жазган. 52 жаштагы Бекжандын айтымында, анын үстүнөн аты айтылбаган кимдир бирөө Каримованын Женевадагы үйүнө уруксатсыз киргени үчүн прокуратурага кайрылган.

2013-жылдын декабрында Бекжан дагы төрт өзбек диссидент менен бирге Каримованын Женевадагы үйүнө кирип, үйдүн ичин, кымбат баалуу жасалгасы менен сүрөткө тартып чыккан. Бекжан Гүлнаранын үйүнөн Өзбекстандын мамлекеттик музейлеринен уурдалган баалуу сүрөттөрдү жана таштарды издеп, Каримовдун кызынын Женева көлүнүн жээгиндеги көз жоосун алган кымбат вилласына киргенин айтып түшүндүргөн.

Швейцариядагы өзбек диссиденти Сафар Бекжан
Швейцариядагы өзбек диссиденти Сафар Бекжан

- Мен ошондо дароо прокуратурага арыз менен кайрылгам. Жакында эле иш козгошту. Азыр иликтөө жүрүп жатат. Гүлнара Каримова Өзбекстандын мындай баалуу сүрөттөрдү жана таштарды мыйзамсыз жол менен алып чыгып кеткендиги үчүн жооп бериши керек. Биз ал үйдөгү баалуу буюмдардын бардыгы тең Өзбекстанга кайтарылып берилишин каалайбыз. Каримов бийликте отурганда бул иш аягына чыгарына көзүм жетпейт. Балким кызынын жакын санаалаштары камалат чыгаар, бирок өзүнө эч ким тийбейт ​- деген Бекжан швейцариялыктардын полициясына барып келгенин тастыктайт.

АКШ менен Европада Гүлнара Каримованын телекоммуникациялык компаниялардан пара алгандыгы иликтенип жатса, ал өзү Ташкентте үй камагында экени маалым. Бир жыл мурда Ташкен облустук соту анын жарандык никедеги күйөөсү Рустам Мадумаровду жана курбусу Гаянэ Авакянды он жылга түрмөгө кескен.

Арам акчаны адалдоо фактылары боюнча учурда Швейцария менен Швецияда жүрүп жаткан тергөө Гүлнара Каримованын ысымы менен байланыштуу. Швециянын Nordea банкындагы Гүлнара Каримовага тийиштүү Takiland ltd компаниясынын 30 миллион доллардан ашуун акча кармалган эсеби жабылган. Ага чейин эле Швейцарияда 800 миллион доллардай каражат камакка алынган. Мындан сырткары эрке айымдын Франциядагы 28 миллион долларлык мүлкү камакка алынган.

XS
SM
MD
LG