Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:56

Өзбекстанда шектүү зайыптар изделүүдө


Кылмышка шектүү аялдардын фотороботу
Кылмышка шектүү аялдардын фотороботу

Өзбекстандын Кыргызстан менен чектеш Риштан районунда соңку үч күндөн бери коопсуздук чаралары күчөтүлүп, куралчан эки жанкечти аялды издөө иштери уланууда.

Баткен облусу менен чектешкен Өзбекстандын Фергана облусундагы Риштан районунда акыркы үч күндөн бери күч органдарынын кызматкерлери көбөйүп, чек ара аймагына жакын үйлөрдү бирден текшерип чыгышты. Район төрт тарабынан тосмолонуп, коопсуздук чаралары күчөтүлдү. “Азаттыктын” өзбек кызматы Фергана облусунун тартип коргоо органдарындагы булагына таянып жазышынча, ага аймакта эки куралчан жанкечти аял пайда болгону тууралуу маалыматтар себепкер болгон. Согушкер деп шектелип жаткан аялдар алгач 16-августта Калайнов айылындагы Алимова аттуу аялдын үйүнө кирип, бирок коркуп кеткен үй ээси катуу кыйкырып, ызы-чуу салганда качып кетишкен. Ошол эле күнү аталган райондогу Ак-Жар айылынын Кум маалесинде жашаган Уринбоева аттуу дагы бир аялдын үйүнө кирип, тапанча такап, коркутуу менен акча талап кылган жана үйдөгү эки сандыкты талкалап, беш жүз миң өзбек сумун алып, из жашырып кетишкен. Бул жүз доллардан ашыгыраак акча болот.

Мындай кабардан соң облустук ички иштер башкармалыгы дароо издөө жарыялап, алардын фотороботун жарыя кылды. Анда бул аялдар 35 жаштын айланасында экени, бирөөсү түрк, экинчиси өзбек улутуна окшоштугу айтылат. Ошондой эле аялдар жардыргыч зат бар “жанкечти курун” курчанып алганы, тапанча жана Ф-1 кол гранатасы менен куралданганы кабарланууда. Мындай божомолдор аларды көрдүк деген кишилердин сөздөрүнө таянуу менен жасалган.

Шейшембиде “Азаттыктын” өзбек кызматынын күч органдарындагы булагы куралчан аялдарды кармоо чаралары азырынча жыйынтык бербегенин билдирип, бирок алар Кыргызстан менен чек арадагы Калайнов айылында жашырынып жатканы тууралуу божомолдор бар экенин айткан.

Ошентип жергиликтүү тургундар шектүү эки аял тууралуу ар кыл маалыматтарды айтышканы менен, аларды издөө иштери натыйжа бере элек. Жергиликтүү маалымат каражаттары бул окуя тууралуу үн каткан жок. Мындан улам аймактагы эл арасында ар кандай айың кептер тарады.

Риштандык активист Бахадир Элибоев эл ичинде бул бийлик тарабынан уюшулган атайын чагым деген да сөздөр жүрө баштаганын айтты:

- Расмий маалыматтын жоктугунан бул атайын уюштурулган иш деген да ойлор бар. Мындай пикирлерге караганда, бийик ушундай жол менен чек арага жакын үйлөрдү башка аймакка көчүрүшү мүмкүн. Мурда ушундай план болуп, бирок ага себеп таппай жатышкан. Эл арасындагы дагы бир божомолго караганда, ушундай операцияларды жүргүзүү менен бийлик көз карандысыздык майрамынын алдында элди кыраакылыкка, чек араны чыңдоого чакырууда.

Өзбекстандан келген соңку маалыматтарга караганда, учурда Анжиян, Наманган жана Фергана шаарларына кире бериштеги бекеттерде да көзөмөл күчөтүлүп, кошуна өлкөлөр менен чектеш аймактардагы постторго кошумча күчтөр жиберилди. Өлкөнүн эгемендик майрамын утурлай жалгыз эле Фергана өрөөнүндө эмес, башка аймактарда да коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Өзбекстан көз карандысыздык күнүн 1-сентябрда белгилейт.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG