Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:58

Былтыр Өзбекстан 13 миллион тонна жашылча, 6 миллион тонна мөмө-жемиш өстүрүп, анын 4,5 миллион тоннасын Орусияда саткан.

Дүйнө жүзүндө пахта экспорттоо боюнча үчүнчү орунда турган Өзбекстан быйыл ак алтындын аянтын 30 миң гектарга кыскартты. Кыргызстандын коңшусу учурда Евразия экономикалык биримдигине кирбей эле Орусиянын жашылча-жемиш базарын толук ээлеп алууну эңсеп турат.

Быйыл жазда Өзбекстанда 173 миң гектар жерге жашылча, 87 миң гектарга картошка эгилип, мөмө бактардын жалпы аянты 24 миң гектарга жеткен. Андан тышкары бир жыл ичинде 4 миң 264 күнөскана, 10 миң тонна жашылча-жемиш сактай турган 16 жаңы муздаткыч камералар курулуп, 5 миң гектардан ашуун жерге жаңы бак тигилип, 10 миң гектарга чукул бакча жана жүзүм талаалары оңдолгон.

Өзбекстандын айыл чарбасындагы мындай реформаларды Евразия мамлекеттик университетинин доценти, экономист Сапарбай Жумабаев коңшу өлкөнүн Орусияны жашылча-жемиш менен камсыз кылуучу башкы экспорттоочуга айлануу дымагы менен түшүндүрөт. Адис бийлик мурунтан колдонулуп келе жаткан авторитардык система менен дыйкандарды пахта ордуна жашылча-жемиш өстүрүүгө оңой эле мажбурлап жатканын белгилейт.

- Өзбекстанда дыйкандар мурунтан эле мамлекеттик бийликтин көрсөтмөсү менен эгин эгип, жер айдап келген. Мисалы, мурун бийлик канча аянтка канча пахта өндүрүү керектигине буйрук берип келген болсо, азыр деле жашылча-жемиш өстүрүү боюнча ошондой көрсөтмө берүүдө. Анан өндүрүлгөн продукцияны мамлекеттик ортомчу ишканалар дыйкандардан ички баа менен сатып алып, экспортко башка менен чыгарат. Албетте, мындай системанын оң жана терс жагы толтура. Мисалы, бир жактан, мамлекеттик ортомчулар дыйкандардын эмгек акысын жеп коюуда. Эгерде мамлекеттик бийлик көзөмөлдөбөсө, дыйкандар өздөрү эле продукциясын башка өлкөлөргө өз алдынча сатмак. Бирок экинчи жагынан карасак, мамлекет дыйкандарды өз алдынча таштап койбой, алардын өндүргөнүн да сатууга түздөн түз катышууда. Мындайча айтканда, Өзбекстанда бир дагы дыйкан өндүргөн азыгын сата албай отуруп калбайт. Ошондой эле Өзбекстанда дыйкандарга эгин эгип, жер айдоого мамлекеттик субсидиялар кенен берилет. Бирок дыйкан түшүм жыйнаганда ал каражатты мамлекетке кайтаруу үчүн продукциясын арзан баада сатууга мажбур болот.

Орусиялык экономист Аза Мигранян Өзбекстан пахта себүүнүн аянтын кыскартканына карабай, жаңы өндүрүш технологияларынын көмөгү менен түшүм көлөмүн сактап каларын айтты. Мигранян Ташкенттин бир гана пахтага үмүт артпай, жашылча-жемиш өндүрүүгө басым жасаганы туура чечим дейт.

- Орусия үчүн анын базарында атаандаштык жогору болгону жакшы. Базарда атаандаштык баанын арзандашына өбөлгө, бул сатып алуучуларга ыңгайлуу. Ошон үчүн Орусия Өзбекстан Евразиялык экономикалык биримдигине кирбесе деле, аны менен соода-сатык алакасын жүргүзө берет. Кеп кайсы өлкөдө кандай товар сунуштай аларында. Бул жактан Өзбекстан Орусияга сунуштап жаткан азык-түлүктүн көлөмү жагынан Кыргызстандан алда канча алдыда. Бирок Орусиянын базары кенен экенин унутпоо керек. Ал жакта ар бир өлкө өз продуктусун сата алат.

Айыл чарба боюнча белгилүү адис, академик Жамин Акималиев экономикалык биримдикке даярдыксыз кирип алган Кыргызстан эми кошуналары менен атаандаша албай, карапайым дыйкандар өстүргөн дан өсүмдүктөрүн же баккан малын сата албай кыйын абалга кабылганын белгилейт.

- Биз Акаев менен Талгарбеков учурунда жер жана агрардык реформаны туура эмес өткөрүп, ири чарбаларды талкалап, кымындай чарбаларга бөлүп салуунун кесепетин тартып жатабыз. Реформага чейин Кыргызстанда 500 колхоз болсо, азыр 350 миң майда чарба турат. Ошо кезде бир чарбанын 2005 гектар жери болсо, азыр бир чарбанын 2,5 гектар жери бар. Азыр 94 пайыз жер жеке менчикте, аны эч ким башкара албай калды, ар ким "өзүн өзү билип, өтүгүн төргө илип" жатат. Бирок ошондой болсо дагы биздин Айыл чарба министрлигибиздин адистери жер-жерлерде дыйкандар, малчылар менен жолугуп, илимий негизде сунуш берсе болот эле. Биздин министрлик аны билбейт, анткени, жер-жерлердеги кырдаал менен тааныш эмес.

Тышкы соода-сатыкка жаныдан кадам таштап, өндүргөн товарын сырткы базарга сатууга бел байлаган кыргызстандык ишкерлерге мамлекеттин колдоосу аба менен суудай зарыл экенин Жаш ишкерлер ассоциациясынын өкүлү Руслан Акматбек белгилейт.

- Килтейген Айыл чарба министрлигибиз бар. Бүгүнкү күндө аны жаап салсак, эч нерсе өзгөрбөйт. Айыл чарба министрлиги иштеши керек, жок дегенде кеңеш айтып, соода-сатык боюнча прогноз бериши керек. Дыйкандарга тышка сатуунун жол-жоболору, тышкы сооданын стандарттары, продуктуларды таңгактоо боюнча маалымат дагы жетишсиз. Анан дагы бир маанилүү нерсе – биздин товарды потенциалдуу сатып алуучу өлкөлөрдө соода өкүлчүлүктөрүн ачуу зарыл. Алар биздин өлкөнүн товарларын ал жакта сатуунун жолдорун иликтеп, базардагы керектөөлөр боюнча пландуу түрдө изилдөө жүргүзүп турушу керек.

Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында былтыркы жылга салыштырмалуу экспортун көлөмү 18 пайызга кыскарган. Анын ичинде жашылча-жемишти жана сүт азыктарын тышка сатуу эки эсеге чейин төмөндөгөн.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде окуйт. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетин бүтүргөн. 

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG