Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:10

Эмдөөдөн качуу эзелки дартты "тирилтет"


Шалга каршы эмделип жаткан наристе. Пакистан.

Шалга каршы эмделип жаткан наристе. Пакистан.

2000-жылы Американын саламаттык сакчылары кызылча илдети өлкөдө түп орду менен жоголгонун жарыялашкан. Бирок көп өтпөй өлкөдө кызылчага каршы вакцинанын курамынан шек санаган ата-энелер жана активисттер эмдөөгө каршы үгүт жүргүзө баштаган.

Эмдөөгө каршы үгүт дарттын кайра пайда болуп, алтургай анын күчөшүнө себеп болду. 2014-жылы АКШнын 27 штатынан 644 киши кызылча менен катталган. The New York Times гезитинин жазганына караганда, 2015-жылы илдетти жуктуруп алгандар көбөйгөн.

1980-жылга чейин дүйнөдө бул дарт кеӊири жайылып, жылына 26 миллион кишинин өмүрүн алып турган. Ушул күндөрү болжол менен 145 миӊ 700 киши кызылчадан каза табат. Алардын көбү 5 жашка чейинки наристелер.

Учурда Кыргызстанда кызылча менен ооругандар саны 4 миӊден ашты.

Эмдөөдөн качуунун себептери, вакцинанын курамы жана андагы заттардын ден соолукка тийгизген таасири тууралуу Кыргызстандын башкы иммунологу, Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Жолдош Калилов “Азаттыкка” айтып берди.

Бизде ички жана тышкы миграция айынан балдарын убагында эмдетпей жүргөндөр көп. Акыркы маалыматтар боюнча мындайлардын саны 6 миӊ 400гө жетти.

Жолдош Калилов: Саламаттыкты сактоо министрлиги бекиткен буйрукка ылайык, бизде эмдөө календары бар. Ошонун негизинде балдар жана чоӊ кишилер жугуштуу ооруларга каршы эмделет. Ымырай төрөлгөндө эле 24 сааттын ичинде сарыктын "Б" түрүнө каршы эмделет, анан төрөт үйүнөн чыккыча кургак учукка каршы вакцина сайылат. Мындан тышкары, шал, көк жөтөл, кептөөр, сенек, сарыктын "Б" түрү жана мээнин сезгенишине каршы вакциналар бар. Кызамык менен кызылча илдетине каршы 1-6 жашында эмдейбиз. Ушундай эле эмдөөлөр бала 16га чыкканда жана чоӊ кишилерге ар бир он жыл сайын сайылып турушу керек. Быйыл сентябрь айынан тарта өпкө кагынына каршы беш жашка чейинки балдарды эмдөөнү улуттук календарга киргизели деп жатабыз, себеби, бул оорудан чарчап калгандар бизде көп.

“Азаттык”: Азыр бизде күчөп жаткан кызылча илдетинин медициналык аталышы боюнча коомдо талкуу жүрүп жатат, муну кыргызча кантип атайбыз?

Жолдош Калилов: Ооба, коомдо азыр оорунун аталышы талаш жаратууда. Бирок Константин Юдахиндин сөздүгүндө “корь” – кызылча, “краснуха” – кызамык деп берилген. Ушул сөздүктүн негизинде азыр жайылап аткан илдетти кызылча деп атадык. Азыр өлкө боюнча буга чалдыккандардын саны 4 миӊге чукулдады.

“Азаттык”: Оорунун жайылуусуна эмдөөдөн баш тарткандардын көп болуп жатканы себеп эмеспи? Деги эле ушул тенденция күчөсө, бизде кептөөр, шал же кургак учук сыяктуу оорулар күчөп кетпейби?

Жолдош Калилов: Чынында, азыр бизде ички жана тышкы миграция айынан балдарын убагында эмдетпей жүргөндөр көп. Акыркы маалыматтар боюнча мындайлардын саны 6 миӊ 400гө жетти. Айрыкча жай мезгилинде Ош, Баткен облустарынан ички мигранттар Чүй бооруна, Бишкекке келип иштешет. Алардын туруктуу катталган жери жоктугунан батирде жашап, балдары убагында эмделбей калууда. Буга кошумча азыр "вакциналар чочконун майынан жасалыптыр, арам" деп эсептеген динчилдер чыкты. Алардын көбү 25-40 жаштын ортосундагы экиден баласы бар жаш үй-бүлөлөр. Эми ушинте берсек албетте, бизде мурда жоголуп кеткен сенек дарты кайра "тирилип", андан тышкары көк жөтөл, сарык, кургак учук кулач жайышы толук ыктымал.

"Вакциналар чочконун майынан жасалыптыр, арам" деп эсептеген динчилдер чыкты. Эми ушинте берсек албетте, бизде мурда жоголуп кеткен сенек дарты кайра "тирилип", андан тышкары көк жөтөл, сарык, кургак учук кулач жайышы толук ыктымал.

“Азаттык”: Эмдөөдөн диний көз караштан улам баш тарткандар вакцина курамынан шек санаганын айтышат, ошол тууралуу кеӊири айтып бересизби? Чындап эле вакцина курамына ден соолукка зыяндуу заттар кошулганбы?

Жолдош Калилов: Вакциналардын баары өтө жогорку технология менен даярдалган. Кандайдыр бир микроб же жугуштуу оорунун вакцинасын өлтүрүп, алсыздандырып, ага туруштук бере алчу заттарды да ылайыкташтырып жасоо узак убакытты талап кылат. Арыдан бери бүтө калчу иш эмес. Биздеги вакциналардын курамында темир баштаган элементтер кошулган. Бирок алар саламаттыкка зыян келтирбейт. Вакциналардын баары Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун сертификаты менен стандартка ылайык жасалат. Ушул уюм вакциналардын зыянсыз экенине кепилдик бергенден кийин гана биз алабыз.

“Азаттык”: Ушул вакциналарды сайгандан улам Кыргызстанда кандайдыр бир терс таасири тийип, балдардын чарчап калган учуру же майып болуп калганы кездештиби?

Жолдош Калилов: Балабы же чоӊ адамбы эмдөөдөн мурда сөзсүз түрдө медициналык текшерүүдөн өтүшү керек. Кудай сактасын, 23 жылдык тарыхыбызда бир да жолу эмдөөдөн улам чарчап калган же майып болгондорду учурата элекпиз. Эгер кишинин кан басымы начар, аллергиясы бар болсо же ооруп калса, адистер муну эске алышы керек. Бизде буга чейин эмдөөнүн терс таасири бир да жолу катталган эмес.

“Азаттык”: Маегиӊизге чоӊ рахмат.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG