Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:48

Венесуэла жаңы президентин шайлап жатат


Түштүк Америкада мунайга бай бул өлкөнү 14 жыл башкарган Уго Чавестен кийин алгачкы ирет өлкө тандоо алдында турат
Түштүк Америкада мунайга бай бул өлкөнү 14 жыл башкарган Уго Чавестен кийин алгачкы ирет өлкө тандоо алдында турат

Өлкөнүн буга чейинки президенти Уго Чавес эки жыл бою рак менен ооруп, өткөн айда көз жумган.

Уго Чавес өзү мураскору катары ордуна калтырып кеткен азыркы утурумдук президент Николас Мадуро бүгүнкү шайлоону жеңет го деп турушат. Бирок акыркы сурамжылоолордун жыйынтыгына караганда, Мадуро менен оппозициядан көрсөтүлгөн талапкер Энрике Каприлестин ортосунда ажырым анчалык деле чоң болбой калган.

Мадуро буга чейин Чавес жарыялаган “XXI кылымдагы социализм” деген убаданы ишке ашырам деп касам ичип жатат. Кескин солчул саясатка негизделген ал пландын негизинде өкмөт жакырларды колдош үчүн чыгашаны көбөйтүп, мамлекеттик экономиканы катуу көзөмөлгө алат.

Узак убакыт Чавестин тышкы иштер министри болуп келген 50 жаштагы саясатчы Мадуро кечээ өз тарапкерлерине сүйлөп: "Азыр эми баарын эл чечет. Алардын гана чечими ыйык, - деди. - Биз ал чечимди коргойбуз. Биз жарым-жартылай утуп калсамчы, же жарым-жартылай жеңилсемчи, муну кийин эсептейбиз дебейбиз. Негизги эле эсеп – Венесуэла элинин үнү. Силер эркинсиңер".

Ал эми өлкөнүн эл эң жыш отурукташкан Миранда штатынын губернатору, 40 жаштагы талапкер Каприлес “азыр бөлүнүп-жарылган өлкөнү бириктирүүнү, коррупцияга каршы күрөштү максат кылаарын” айтты.

"Биз баарыбыз шайлоо күнү Улуттук шайлоо кеңеши, шайлоо органдары өз милдетин таза аткарып беришет деп үмүт кылабыз. Анткени Борбордук шайлоо комиссиясы бул саясий партия эмес, - деди. - Өлкө бул күнү өзүн толук эркин көрсөтүшү керек. Шайлоо комиссиясы эч кимге жан тартпаса, шайлоонун жыйынтыгынан күмөн болбойт. Бул эң маанилүү нерсе. Мага элдин чечими ыйык".

Каприлес өкмөттү “дайыма тамак-аш тартыштыгын, инфляцияны чече албайт, электр энергиясын бөлүштүрө албайт, кеңири жайылган кылмыштуулук менен күрөшкө алсыз” деп сындап келатат.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG