Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:30

Венесуэла аза күтүүдө


Венесуэла -- Уга Чавестин бир тарапкери анын каза болгонун уккан соң сүрөтүн көтөрүп, ыйлап турат. Каракас, 5-март, 2013.
Венесуэла -- Уга Чавестин бир тарапкери анын каза болгонун уккан соң сүрөтүн көтөрүп, ыйлап турат. Каракас, 5-март, 2013.

Венесуэла президенти Уго Чавес дүйнө салганына байланыштуу аза күтүп жатат. 58 жаштагы Чавес рак илдетинен кечээ каза тапкан.

Мындан улам Уго Чавестин саясатчы катары ишмердигине Түштүк Америка жана Чавеске өнөктөш болгон Азия менен Европа лидерлери, эл аралык медиа баа берип жатат.

Түштүк Американын эң карама-каршылыктуу жана солчул саясатчылар арасынан эң жалындуусу деп саналган, кезинде бийликке бир ирет аскерий төңкөрүш аркылуу жетүүгө аракеттеннген Чавес Венесуэланы акыркы он төрт жыл бою башкарды.

Соңку эки жылга жакын мезгил ичинде рак илдети менен алышты.

Чавес көзү тирүүсүндө эле мураскер катары тандаган вице-президент Николас Мадуро комендант дүйнөдөн өткөнүн жарыялап жатып, анын осуяттарын коргоону, сактоону убада кылды:

- Биз аны өмүрүбүздүн акыркы күнүнө чейин жоктойбуз. Бирок биз бул жерде анын мурасына кам көрөбүз, аны күчтүн жардамы менен ишке ашырабыз. Биздин эл билип койсун, комендантыбыздын демократиялык, ыңкылапчыл, анти-империалисттик, социалисттик мурасы чечкиндүүлүк жана ага толук берилгендик менен ишке ашырылат.

Маркумдун Түштүк Америкадагы өнөктөштөрү Чавестин өлүмүн чоң жоготуу деп аташты.

Венесуэла өзү жети күндүк аза күтүү жарыяласа, коңшулардан Куба, Эквадор үч күн аза күтөт.

Чавестин аймактагы өнөктөштөрүнүн дагы бири – Никарагуанын президенти Даниэль Ортега:

- Биздин Венесуэладагы бир туугандарыбыз, баарыңарга көңүл айтып тилектештик билдиребиз. Бирок Чавести сатпоо, күрөштү улантуу, күч кубатты дагы арттыруу үчүн биздин тилектештигибиз жана көңүл айтуубуз уланат. Токтобой турган күрөштүн натыйжасы – биздин элдин биримдиги жана ал көтөргөн тууну бийик кармоо. Бул - Латын Америка менен Кариб боюндагы эркиндиктин, тынчтыктын, адилеттиктин, биримдиктин туусу.

Чавестин океандын бери жагындагы өнөктөштөрүнөн орус президенти Владимир Путин маркумду “сейрек кездешүүчү күчтүү инсан “ деп атап, ал Орусия –Венесуэла алакасы өнүгүшүнө олуттуу салым кошконун эске салды.

Азиядан Иран президенти Махмуд Ахмадинежад Чавес “шектүү оорудан”
“шейит” кеткенин, ал кайра жарык дүйнөгө кайтып келерин белгиледи. Кытай “чоң дос” деп сыпаттады.

Чавестин бийлиги учурунда АКШ менен Венесуэланын мамилеси начарлаган эле. Венесуэла лидери АКШнын мурдагы президенти Жорж Бушту БУУнун трибунасынан “шайтан” деп атап, Вашингтондун саясатын “империалисттик” деп баалап жүргөн.

Вице-президент Мадуро ушул шейшембиде өлкөдөн америкалык эки дипломат чыгарылганын жарыялаган. Муну менен ал Вашингтон Чавестин өлүмү үчүн кандайдыр бир деңгээлде тиешеси бардыгын ишара кылды. АКШ жогорудагы айыптарды “абсурд” деп четке какты.

Президент Барак Обама АКШнын Венесуэла элине колдоосун жана Вашингтон Венесуэла өкмөтү менен конструктивдүү мамилени өнүктүрүүгө кызыкдарлыгын билдирди.

Британиянын Financial Times гезити Чавестин дүйнө салышына арналган макаласында аны бийликти “мунай дипломатиясы аркылуу курган популист” саясатчы деп мүнөздөдү.

Венесуэла мунай-газга бай мамлекет экенине карабай, жумушсуздук жана жакырчылык өлкөдө азырынча кеңири жайылган көрүнүш.

Чавести акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсү жума күнү өтөт. Ага чейин анын сөөгү салынган табыт коомчулуктун коштошуусу үчүн коюлат.

Чавес 2011-жылдын орто ченинен бери Кубада рак илдетинен төрт жолу операция болгон. Акыркы операция - 11-декабрдан бери коомчулукка чыккан эмес. Былтыр октябрда төртүнчү мөөнөткө кайра шайланганы менен оорусунан улам ант бере албай койгон.

Жашы элүүдөгү вице-президент Николас Мадуро отуз күн аралыгында өткөрүлүүчү жаңы шайлоого чейин өлкөнү убактысынча башкарат. Ал саясатка келгенге чейин мурда автобус айдаган, профсоюз лидери болгон.

Мадуро алдыдагы шайлоодо оппозиция лидери, өлкөнүн экинчи ири штаты –Миранданын губернатору Энрике Каприлес менен атаандашат деп күтүлүүдө. Кырк жаштагы Каприлес былтыр октябрда Чавеске уттуруп койгон.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG