Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:12

Кытай - Борбор Азия: Ким кимге көз артат?


Кытайдын премьери Вэн Цзябао Кыргызстандын өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев менен. Бишкек, 4-декабрь, 2012

Кытайдын премьери Вэн Цзябао Кыргызстандын өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев менен. Бишкек, 4-декабрь, 2012

Баш кеңсеси Брюсселде жайгашкан Эл аралык кризис тобу "Кытайдын Борбор Азиядагы проблемалары" деген доклад жарыялады. Кытайдын Борбор Азия боюнча узак мөөнөттүү стратегиясы аймактын бийликтерине, эксперттерине, калкына канчалык белгилүү?

"Азаттык" бул маселени арай көз чарай талкуулап, ага Казакстандан тарыхчы, саясат таануучу Айдос Сарым, кытай таануучу, “Ал-Фараби” атындагы Казак мамлекеттик университетинин окутуучусу Аманжол Арзыгулов, Кыргызстандан саясат таануучу Чынара Эсенгул жана кытай таануучу, Бишкек гуманитардык университетинин доценти Кубан Алиев катышты.

“Азаттык”: Кытай менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикалык алака-катышы жылдан-жылга өнүгүп жатат. Маалыматтарга караганда, 1992-жылы аймактын беш өлкөсү менен Кытайдын бир жылдык соодасынын көлөмү 530 миллион долларга жетпесе, 2010-жылы 30 миллиард долларды түзүптүр. Акыркы эки жылда бул көрсөткүч дагы өстү.

Соода-сатыктын, экономикалык карым-катыштын күчөшү "телегей тегиз" дегенди түшүндүрбөйт. Биз азыр талкууга коюп жаткан Эл аралык кризис тобунун баяндамасынын авторлорунун, кытай стратегдеринин, бийликтеринин Борбор Азия боюнча бир катар тынчсыздануулары бар. Борбор азиялыктар дагы Кытайга шек саноо, кооптонуу менен карап турушат.

Баяндамада Кытайдын Борбор Азиядагы таасири тездик менен өсүүдө. Ал азыр эле аймакта экономикалык жактан үстөмдүк кылган күч жана алдыдагы саналуу жылда АКШ менен Орусияны көлөкөдө калтырган жалгыз оюнчуга айлануусу мүмкүн деп айтылган.

Бул Кытайдын Борбор Азиядагы ролуна берилген реалдуу эле баабы? Кытайдын Борбор Азия боюнча узак мөөнөттүү стратегиясы аймактын бийликтерине, эксперттерине, калкына канчалык белгилүү?

Чынара Эсенгул: Негизинен бул туура эле берилген баа. Бирок менимче, жакын арада эле ишке ашпайт. Анткени Кытайдын тышкы саясатына көз чаптырсак, чоң державага айлануу аракетин эч кимди коркутуп-үркүтпөстөн акырындык менен жасоодо. Башка мамлекеттердин ички иштерине кийлигишпейт, бирок өзүнүн турумун бекемдей берет.

Аскерий ресурс жагынан Кытай азырынча АКШга жете элек. Менимче, Орусиянын аскерий потенциалы да Кытайдыкынан алдыда. Эл аралык Кризис тобунун отчету бери дегенде он-он беш жыл аралыгында ишке аша турган нерсени айтып жатат.

Аманжол Арзыгулов: Арийне, азыркы убакта биз ( Борбор Азия) Кытай үчүн чийки заттын булагы катары кызмат кылуудабыз. Башкача айтканда Борбор Азия бүгүн Кытай үчүн 2020, 2050-жылга чейин экономикалык жактан өнүгүү стратегиясын ишке ашырууда кошумча күчтүн милдетин аткарып жаткан сыяктуу. Андан ары саясат кандай өзгөрөт, алдыга жаңы милдеттер коюлабы-жокпу, бул жагы белгисиз.

Анткени кытай коомунун өзүндө чоң өзгөрүш болууда. Бийлик башына бешинчи муун келүүдө. Мындан ары өлкө либералдашабы же консервативдик бойдон калабы деген маселе бар.

Кытайдын Борбор Азия боюнча мындай максаты бар жана ошону ишке ашырып жатат деп айтыш үчүн чоң иликтөө талап кылынат.

Бирок "Кытай мыкты экен, Кытайдын ролу күчөйт экен, кытайлыктар каптап кетет" экен деген маселе койбошубуз керек. Тескерисинче өзүбүздүн атаандашуу, тең тайлашуу жөндөмүбүздү арттыруубуз зарыл.



Айдос Сарым: Кытайдын АКШ менен Орусиядан айырмасы - сырын эч качан билгизбейт. Өзүнүн ички максатын шардана кылып, эч кимге айтпайт. Узак мерчемдүү саясатын ашыкпастан жүргүзүп жаткан эл. Ал эми жалпы Борбор Азияны айтсак, биз кандай элбиз, кандай мамлекет куруп жатабыз, бизге кандай аймактык интеграция керек деген суроолорго али да жооп таба элек кезибиз. Чоң стратегиялык тереңдик, тилекке каршы, бизде жок.

Андыктан бүгүнкү күнү Борбор Азиянын ар бир өлкөсү өзүнүн болочогун, күнкорсуздугун, чек араларынын кол тийбестигин ойлонуп жатканы чын болсо, анда улуттук эгоизмден баш тартып, аймактык биригүүгө, орток маселени чечүүгө киришүүбүз керек. Биз Кытай үчүн кичинкей эле жамаатпыз.

Эгер биз бир турумдан аракеттенип, орток мүдөө жарала турган болсо, Кытай менен Орусияга тең салмак боло турган өлкөлөр менен карым-катышыбызды чыңдасак, Бээжин да, Москвада биз менен эсептешет. Ошондо гана биз өзүбүздү эркин сезип, саясий жана экономикалык алакаларды эркин жүргүзүүгө мүмкүндүк алабыз.

Кубан Алиев: Калктын, коомдук пикирдин Кытайга чоочулоо менен караганы - Кытайдын экономикалык саясаты, инвестициялары боюнча маалымат жоктугунда. Жакынкы арада Кытайдан Кыргызстанга экономикалык салым күчөй берет. Биз муну эффективдүү пайдалануубуз керек. Улуу коңшу менен билим, маданият жагынан да байланышты чыңдасак, ашыкча болбойт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, веб-редактор. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG