Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:59

Василий Верещагиндин согуш тууралуу тарткан полотнолору падышалык Орусияда генералдардын жана падышанын нааразылыгын жаратып, сүрөткер аскерлерди каралап көрсөтүүдө деген сынга кабылган.

Бүгүн болсо сүрөткердин картиналары, анын ичинде "Колуна шумкар кондурган бай кыргыз” деген портрети Орусиянын атактуу музейлеринин сыймыгы.

100 жыл илгери 1904-жылы 31-мартта Ыраакы Чыгыштын Порт-Артур шаарына чукул деңизде Орус империясына караштуу “Петропавловск” аскердик кемеси жапондордун минасына кабылып, тең бөлүнүп, чөгүп кетет. Кемеде бүт дүйнөгө белгилүү баталист-художник Василий Васильевич Верещагин бар эле. Балким Верещагиндин ысымы көпчүлүк кыргыздарга бейтааныштыр. Бирок анын май боек менен тартылган “Колуна шумкар кондурган бай кыргыз” деген портретин билбеген кыргыз аз чыгаар.

Сүрөттөгү туяктуу кара мылтык асынган мергенчинин белиндеги кыргыз оймосу салынган ак бөз чарчысына камчы кыстарылган. Бекасам чапаны жаргак шымына шымдалып, белиндеги шайы курунан мүйүз саптуу кыны бар шамшары салаңдайт. Ырас, мергенчинин жүзү европалыкка көбүрөөк окшош. Андыктан кээ бир сүрөтчүлөр Верещагин бул полотнону тартканда баштан-аяк кыргыз кийимин кийген орусту же татарды пайдаланган болушу мүмкүн дешет.

Эгер “Колуна шумкар кондурган бай кыргыз” художник Орто Азиядан Санк-Петербургга кайтып келгенден кийин 1871-жылы тартылганын эске алганда, художник натура катары кыргыз эмес башка бирөөнү пайдаланганы күмөнсүз.
В.Верещагин."Кайгуулчулар", 1871

В.Верещагин."Кайгуулчулар", 1871




Орто Азиянын түркий элдеринин орток чагатай тилинде сүйлөгөн Верещагин аймакты эзелтен байырлаган элдердин улутун ажырата билген жана эскерүүлөрүндө, сүрөттөрүндө адамдарынын тегин сөзсүз көрсөтөт.

Верещагиндин “Кыргыз” (1869-70-жж.) деген сүрөтүндө кылыч-найзачан кароолдо турган ак калпактуу кыргыз сарбаз же жоокер тартылган. Согуш темасына арналган “Кайгуулчулар” деген полотнодогу сарбаздардын ичинде да ак калпактуу кыргыз жүрөт. Анын кыргыздардын турмушун чагылдырган башка да баалуу сүрөттөрү бар. Деги эле европалыктарга кыргыздардын көркөм образын көрсөткөн биринчи художник Верещагин десе болот. Анын эскерүүлөрүнөн Ташкент аймагындагы жана Чыгыш Түркистан кыргыздарынын жашоосу жөнүндө көп баалуу маалыматтар бар.

Ал Борбор Азия чөлкөмүнө 1867-1868 жана 1869-1870-жылдары аскерий кызматы боюнча саякаттаган. Художник Орус империясы эми гана басып алган Түркистанда Аскер министрлигинин атайын тапшырмасы менен жүргөндүктөн генерал-губернатор Кауфмандын буйругуна ылайык каалаган жагына бара алган. Ал аскер ишине зарыл маалыматтарга катар этнографиялык, зоологиялык материалдарды жыйнаган. Сөзсүз сүрөт да тарткан.

- Художник саякаттап жүрүп эмне көрсө же көргөн салгылашуулары менен жортуулдарын жөн гана кагазга түшүрүп тим болбой, анын баарын талдап, тийиштүү жолдор менен Аскер министрлигине маалымдашы абзел болчу. Ага катар курулуштардын, жаратылыштын бардык чиймелерин, сүрөттөрүн да кошо жөнөткөн. Менин оюмча, Василий Верещагиндин мындай тажрыйбасы Кавказга жасаган биринчи сапары кезде башталган,-дейт Москвадагы Мамлекеттик тарых музейинин илимий кызматкери Наталья Переверзенцева.

Аскер министрлиги алгач Верещагинди 1863-жылы Кавказга жөнөтүп, жолдо көргөндөрүнүн баарын күндөлүк дептерге түшүрүп келүүнү буйруган.


Художник 1868-жылы июнда Самарканд чебин Бухара эмиринин аскерлеринен коргоого катышат. Көрсөткөн баатырдыгы үчүн IV даражадагы Георгий крести менен сыйланат. Бул орден Верещагин жок дебей алган биринчи жана акыркы сыйлык болот.

Верещагиндин Самарканддагы эрдиктери менен тааныш адамдардын кээ бирлери аны Орус империясынын желдети деп эсептешет. Алардын бири өзбекстандык философ Бахадыр Мусаев:

- Ал көз карашы боюнча да колонизатор. Самаркандды басып алууга катышкан. Верещагиндин күндөлүгүндө мындай жазуу бар: Түркистанга жөнөтүлгөн күчтөрдүн командачысы Куафман салгылаштан кийин тирүү калгандарды суракка алып, бул өлтүрүлсүн, буга мунапыс берилсин деп өкүмүн айтат. Өлүмгө өкүм болгондорду ошол эле жерден дарга асышат. Верещагин болсо аларды сүрөткө тартып отурат. Түшкү тамакты иче турган маал келгенде дагы бир адамды аскыла, мен штрихтерин бүтпөй калдым деп суранат. Өлүмгө өкүм болгон адамдын эси-учу чыгып, жаны көзүнө көрүнүп турганда ушинтип жатпайбы. Аны реалист десем, жогору баалаган болор элем. Ал өзү басып алууга катышкан Самаркандды коргоодо көрсөткөн эрдиги үчүн медал менен сыйланган. Ал жортуул кезде сүрөт тарта коюп жүргөнү болбосо, кадимки солдаттан эч нерсеси менен айрымаланбайт.

Түркистан сапары Верещагин үчүн чыгармачылык жактан да үзүрлүү болду: Санкт-Петербургда эки жеке көргөзмөсү өтүп, ысымын коомчулукка дүңк эте таанытты. Бул сериядагы элдин турмушун өзүндөй көрсөткөн “Майрамдык кийимчен дервиштер”, “Кул баланы сатуу”, “Амир темирдин каалгасы”, “Молдо Рахим менен Молдо Каримдин базарга баратып кажылдашканы” деген эмгектери этнографиялык жактан баалуу. Ал эми согуш темасындагы “Чептин жанында: Кирип көрүшсүн”, “Күтүүсүз чабуул”, “Кайгуулчулар”, “Ок жаңылган жарадар”, “Трофейлерди көрсөтүү” жана башка картиналар уруштун каардуу жүзүн, баскынчылар менен жергиликтүүлөрдүн жеңишин жана жеңилген учурларын, художник өзү айткандай, “Согуш кандай болсо, ошондой кылып көрсөтөт” Наталья Переверзенцеванын айтымында:

- Ал живопись тартууда кылдат чеберчиликти, сюжеттердин укумуштуудай экзотикасын бириктире алды жана өзүн ойчул - художник, философ –художник иретинде көрсөтө алды. Верещагиндин бардык картиналары бул согуштун курмандыгы болчу адамдарга арналды. Анткени, адамзаттын жүрүм-турумундагы эч нерсени өзгөртүп болбосун көрсөтүү керек эле.

Самарканд чебин коргоодогу өлүм менен өмүр ортосундагы күндөрдөгү бир окуяны Василий Верещагин өз эскерүүсүндө минтип сүрөттөйт: “Ок атуучу учурду шып кармаган бир солдат алачыктын далдаасынан көрүнө калган өзбекти менин көз алдымда жаткыра атты. Андан тышкары амбразуралардын бирине таамай аткан огунан кийин ал тешик бир топко чейин тынчып калды. Сыягы сарбаздын мылтыгы же мурду зыян тартты. Мындай ийгиликке аябай маашырланган солдат мыйыгынан күлүп, тамаша сүйлөп жатты. Ал кокус эле чалгы менен чапкандай жыгылды: ок так маңдайына тийди; анын окчонтойундагы атылбаган октору мага мураска калды. Экинчи ок солдаттын кабыргасына тийди, ал мылтыгын кое берип, көкүрөгүн колу менен басып, кыйкырып, аянтты тегерене жүгүрдү: - Ой, агайиндер. Өлтүрдү, ой, өлтүрдү” Ой, мага өлүм келди. "Эмне бакырасың, айланайын, жат", - деди жакын турган жолдошу. Бирок тиги эч нерсе укпады, аянтты дагы бир айланып, оңкосунан түштү да өлдү...”

В.Верещагин. “Күтүүсүз чабуул”, 1871

В.Верещагин. “Күтүүсүз чабуул”, 1871

Верещагиндин “Ок жаңылган жарадар” деген картинасында өзү сүрөттөп жазган ушул окуя тартылган. Түркистан серияларын Санкт-Петербургда кыска мөөнөттө 200 миң адам көрөт. Коомчулуктун пикиринен улам Падышалык көркөм сүрөт академиясы художникке профессор наамын ыгайрат. Бирок Верещагин “искусстводо бардык чиндер жана даражалар зыяндуу” деп, профессорлук наамдан баш тартат. Буга чейин бир да орусиялык сүрөткер адатка айланган тартипке ачыктан ачык каршы чыкпаган болчу.

Художник согуштун майда-чүйдөсүн көргөнүн көргөндөй кылып тартып, бүгүн өрчүп жаткан окуяны шыр айтып берген журналисттей болгон, - дейт Бишкектеги Чуйков атындагы көркөм сүрөт колледжинин окутуучусу Бектен Усубалиев.

Искусствонун тарыхчысы, живопись сынчысы Владимир Стасов жазгандай, “Согуштун балакети, айбанчылыгы жана кыргынга жөнөтүлгөн курмандыктардын уруш жүрүп жаткан мүнөттөрдөгү сөз менен айтып бере алгыс азабы. (Верещагинге чейин) Мындай картиналарды Европада эгерим эч ким тарткан эмес”. Согуштун жамандыктары жөнүндөгү художник тарткан сүрөттөрдүн мыктылары Амир Темирдин канкордугун сүрөттөгөн “Согуштун апофеозу”, “Жеңилгендер. Аза” картиналары, Балкан согушуна арналган сериялары. “Биз баарыбыз билебиз, ойлойбуз, атүгүл каалайбыз; бирок, Верещагиндей болуу үчүн бизде тайманбастык, мүнөзүбүз, кээ учурда чынчылдык жетишпейт,” деп жазган замандашы, белгилүү кыл калем чебери Иван Крамской. Бирок Верещагиндин сынчылары да бар. Философ Бахадыр Мусаев:

- Мен анын чыгармаларын жактырбайм. “Согуштун апофеозу” деген картинасындагы Амир Темирге болгон мамилеси, башка эмгектеринде биздин элди кандай көрсөткөнү мага жакпайт. Ошондой эле согушту жек көргөн пацифист болсо, эмнеге Иван Грозныйдын Казанды кантип басып алганын сүрөт кылып тарткан эмес. Казанды басып алгандан кийин бардык эркектерди кырып, хандын өзүн жалгыз калтырышкан. Шаардын 150 чакырым айланасындагы жерлердин күлү асманга сапырылган. Татарлар генофондун 150 жылдан соң араң калыбына келтирген. Эмнеге бул жөнүндө Верещагин ойлонгон эмес. Ал өз полотнолорунда баатырлыкты даңктаган. Анын баарын натурадан тарткан. Ал художник-натуралист. Мен реалист деп окуяга сын көз менен караган, ал үчүн кайгырып өкүнгөн художникти билем.

Сүрөткер-баталисттин “Жеңилгендер. Аза” картинасы Түркистан сериясындагы “Ок жаңылган жарадар” сыяктуу эле аскер жетекчилигинин кыжырын келтирет, генералитет Верещагинден Георгий крести орденин тартып алууну ойлойт. Художникти орус армиясын каралады, түрк армиясын кубатуу кылып көрсөтөт деп ачыктан ачык сындашат.

Согуштук картиналары Василий Верещагинди Европага жана АКШга баталист, пейзажист, жанрдык сүрөтчү, анималист катары таанытат. Ал согушка каршы күрөшкөн художник катары 1901-жылы Нобелдин тынчтык сыйлыгына эң биринчилерден болуп көрсөтүлүп, идеологиялык көз караштардан улам эл аралык сыйлыкты албай калат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG