Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:27

Кулактын баласы Искакбай Исабеков 1931-1940-жылдары Украинанын Херсон облусундагы Чалбасы кыргыз орто мектебинде окуган.

Искакбай Исабеков азыр 87 жашта. Анын атасы Исабеков Абдысамат 1931-жылы август айында үй-бүлөсү менен чогуу Көл боюнан “кулак” деген айып менен Украинага сүргүнгө айдалат. Шордуу бүлө эл-жерин таштап баратып, ууз сүтү оозунан кургай элек бешиктеги наристесин киндик каны тамган ата жеринде аргасыздан калтырышат.

- Эл жайлоодон апийим тилгенге түшүп келаткан кез экен, - деп баштады кебин Искакбай аксакал. - Энемдин колунда беш айлык эркек бала салынган бешик. Көчтү утурлай айылдын мылтык асынган беш-алты активи аттарын омуроолоп чаап келгенде, энемдин астындагы бешик жерге кулап түшөт. Атам койчулар менен чогуу айдап келаткан 350 кой, 30дан ашык жылкы, 10-15 чакты уйду активдерге өткөрүп беришет. Өздөрүн "кулакка тартылдыңар, Украинага айдаласыңар", - деп арабага салып, Григорьевкадагы пристанга алып барышат. Бешиктеги беш айлык Шерикти баласы жок Зулайка деген байбичеси бар Орозаалы деген абышкага: “Эми силер багып алгыла. Бул бала адам болобу же болбойбу?” деп калтырып кетишет. Эки айдан кийин наристе бала чарчап калыптыр.

Ал кезде Искакбай алты жашта болчу. Украинага сүрүлүп баргандар өкмөттүн эркине ылайык, Кара деңиз боюндагы Херсон облусунун Скадовский районундагы Чалбасы деген кыштагында жашап калышат. Алар “Новый путь” артелине биригип, чарбага орус тилинде түш жооруган чүйлүк Сатаркул Жангарачев төрагалык кылат.

Калгандары үчүн кийим-кече тиккен, бут кийим, жасачу, сайма сайчу, кирпич бышырчу цех уюштурулуп, бул ишти Чоң-Сары-Ойдон барган Акмат Бекбашев менен токтояндык Абыдлад Бөдөнбаев жетектейт.




- Бул үчөө 12 кварталда жашаган 500 түтүн кыргыздын ичинен орус тилин орустардан кем билбеген адамдар экен. “Новый путь” артелинин түрдүү айыл чарба шаймандарынын арасында бир трактору жана 1,5 тонналык жүк тартуучу машинеси да бар болчу. Караколдон Рапык-Шапык деген калмак бар эле. Машинени Рапык айдап жүрдү. Кышкысын эр азаматтар шыпыргы байлап, өтүк ултарышса, аялдар, кыз-келиндер кийим тигишип, сайма сайышат. Украин көйнөктөрүнүн жакасын, жеңинин учун, этегине чейин саймалап кооздоп оокат кылышты. Менин атам кудукту бир ат менен айлантып, суу чыгарчу. Эки жыгач челектин бирөө ылдый түшсө, экинчиси өйдө чыгып турат. Атам ошол челектерди аштоого кулатып, суусун төгөт. Аштоолорду толтурат. Уйлар үч убак кудуктун тегерегинде саалчу. Эми барган жылы пахта айдап, баарыбыз пахта отогонго бардык. Пахтасы жакшы чыкпай калып, аны токтотту. Жүгөрүнү көп айдады. Кара буудай, буудай айдап, кырман бастык. Навайкана(пекарня) ачып, бөлкө нан жеп, үйдөн көмөч нан бышырбай калышат. Адатта нанды эмгек күндүн эсебинен жаздырып алышчу. Мен эжеме жаздырып алат элем, - деп эскерет карыя.

Искакбай аксакалдын айтымында, Чалбасыга Ысык-Көл боюндагы Ананьево жана Байсоору айылдарынан “кулак” деп айыпталып, эки-үч бүлө орустар да барышкан. Алар чарбанын кеңсесинде бухгалтер болуп иштешет.

Ю. А. Зайцевди кулакка тартуу. Чебоксары. Чувашия. 1929-30-жылдар

Ю. А. Зайцевди кулакка тартуу. Чебоксары. Чувашия. 1929-30-жылдар

Кулактардын балдары - өкмөттүн аталык камкордугуна ылайык, Чалбасыдагы кыргыз орто мектебинде окушат. Ата-энелүү балдар Чалбасы орто мектебинде окушса, аталары эл душманы деп атылып кетип, томолой жетим калгандар жетим балдардын жатак мектебинде окуйт.

- Ата-энесинен ажыраган тоголок жетимдер Чалбасыдан бир нече чакырым алыстагы Маячки деген жердеги балдар үйүндө орусча окушуп, орусча табияланды. Чалбасы мектебинде кыргыз балдар эки нөөмөт менен: түшкө чейин жогорку класстар, түштөн кийин майда класстар окуду. Мугалимдер бир эки жылда алмашып турду. Кыргызстандан жалаң бой жигиттер барып иштеди. Мектеп директору Жантөлөшев деген казак эле. Окуу куралдарын Фрунзеден алып барды. Сабактар кырыгыз тилинде жүрдү. Украин, орус, немис тилдери да окулду. Жангарачев Сатаркулдун Кемел деген баласы гана орус мектепте окуду. Калган 350 окуучу кыргызча окудук.

Искакбай карыянын айтымында, Чалбасыда музыка сабагы өзгөчө мыкты окутулган экен. СССРдин эл артиси, Кыргыз эл баатыры, капылет кырсыктан өмүрү эрте үзүлгөн Асанкан Жумакматов да ошо Чалбасыда окуган.

- Асанкан Жумакматов да балдар үйүндө тарбияланды. Ал жерде кыргыз балдарды аябай жакшы тарбиялашты. Балалайка, мандолина, гитара, скрипканы ойногонду Украина үйрөттү. Украина болбосо андай өнөрдү кыргыз балдар билишпейт эле. Өзгөчө музыка жагынан. Таабалдиев Эсенгул скрипканы шумдук тартчу. Ал биякка келгенден кийин Аксаамаев болуп, атасынын атын өзгөрттү. Бизди “контранын балдары” дешкендиктен, баарыбыз атабыздын атын өзгөртүп, чоң атабыздын атында чакырылып калдык.

1930-жылдардын баш ченинде Жумакматовдордун үй-бүлөсү Украинага кулак деп айдалып барганда, болочок дирижер 10 жашка толуп-толо элек куракта болгон. Чет жерде мектепти алгачкылардан болуп бүткөн Бакас Чормонов Одессадагы педагогика институтун аяктап келип, өзү таалим алган Чалбасы мектебинде 1940-жылдын августуна чейин сабак берет. Математикадан Абдылда деген жигит окутат. Шүкүраалы деген да мугалим болот. Алардан башка казак жигиттер да кыргыз балдарга сабак берген.

Сталиндик режимдин айбалтасын аянбай чаап, “Бөрк ал десе баш алган” ички иштер комиссариаты - НКВДнын жаналгычтары Ала-Тоо жеринен куулуп баргандардын ишенимсиз деп тапкандарын 1938-жылы 10-июлда бир түндө алып кетип, изин билдирбей тындым кылат.

- Бул күнү түнү менин атам Исабеков Абдысаматты, Бекбашев Акматты, Молтоев Акматты, Түптөн Бөдөнбаев Абдылданы, Ысык-Көлдөн Асыбеев Молдону, Кожоярдан Сабыров Ыбрайымбекти НКВД алып кетти. Алар ошо бойдон дайынсыз кетти.



1940-жылы август айында совет өкмөтүнүн пейили оңолуп, Украинада ата-энелери менен кошо сүргүндө жүргөн, тагыраак айтканда жети жылдык мектепти бүткөн балдардын бир тобуна Ала-Тоого кетүүгө уруксат берилет. Ал тизмеде эми гана 7-классты бүткөн 15 жаштагы Искакбай Исаков да болот. Бир жылдан кийин Улуу Ата Мекендик согуш башталат.

Сталин сүйүктүү мүштөгү менен. Виктор Денинин графикалык сүрөтү. 1930

Сталин сүйүктүү мүштөгү менен. Виктор Денинин графикалык сүрөтү. 1930

- Чалбасыда калган кыргыздарды немиске туткунга түшүп, унтер-офицер даражасына чейин жеткен Тыналиев Орозакун деген адам ачкачылыктан, жокчулуктан сактап калат. Ал кыргыздар жеринен айдалып келгенин, мал-жайынан ажырап калганын айтып түшүндүрөт. Ал келгенче, немистер кыргыздарды кул кылып алган экен. Жакын тууганы Султангазыны Чалбасыдагы чиркөөгө поп кылып коюп, апааттан сактайт. Орозакун түрмөдөн чыгып келгенде Кожоярдын кыргыздары аны падыша тоскондой тосуп алды. Ал орусча дагы, немесче дагы өтө сабаттуу, өтө мыкты билген жигит экен. Калинин атындагы колхоздо бухгалтерияда иштеп жүрдү. Кийин ден соолугу начарлап, Бишкекке дарыланганы барып, жүрөгү ооруп, кайтыш болду.

Искакбай карыя Украин жерине 1930-жылдары Кыргызстандан кулакка тартылып, сүргүнгө айдалып барып, өлүп кеткен үй-бүлөлөрдүн балдары ал жакта дале болсо керек деп боолгойт:

- Ал жактан чала-була энесинин тарбиясын көргөндөр келди. Эки-үч баланы өзүм жолуктурдум. Түптөн Бөдөнбаев Абдылланын баласын, Кожоярдан Алыбаева Бейшегүлдү. Акаев президент кезде Бейшегүлдүн кызы Тазабекова Айчүрөк курулуш материлдары боюнча чоң болуп жүрдү. Азыр Украинада 1930-жылдары кулакка тартылып барган кыргыздардын урпактары болуш керек. Жанагы Маячкидеги жетим баджар үйүндө 100дөн ашык тоголок жетим бар эле. Алар ата-энесин, жерин, элин билбей калды. Ошо Маячкиде кала беришти.

Согуш бүтөт. Украинага өкмөттүн токтомуна жараша кулак деп күнөөлөнүп айдалгандар Кыргызстанга кайтып келишет. 1953-жылы Иосиф Сталин дүйнө көчөт. Үч жыл өтпөй КПССтин XX съездинде Никита Хрущёв Сталиндин жеке башына сыйынууну жана анын кесепеттерин ашкерелеп, мурдакы эл душмандары актала баштайт. Бирок Украинага айдалган кулактар дале акталбайт. Ошондо Искакбай Исабеков Москвага жазып жатып, “Атаңар акталды. Эч бир күнөөсү жок атылып кеткен” деген жооп алат.

“Эл агартуунун отличниги” Искакбай Исабеков Ысык-Көл районундагы Жаркынбаев айылындагы мектептин директору болуп иштеп жүрүп, 1987-жылы ардактуу эс алууга чыккан.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG