Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:46

“Мен сени туудургам, мен сени өлтүрөм”


НКВДнын офицери Райымберди Сатыев (1909-1941)
НКВДнын офицери Райымберди Сатыев (1909-1941)

Репрессияга Кыргызстандан 40 миң киши тартылса, алардын 8 миңи атылган. Алардын бири Ички иштер эл комиссариатынын офицери Райымберди Сатыев.

1939-жылы Москвада үч милиционер Ички иштер эл комиссариаты - НКВДнын жооптуу кызматкери Райымберди Сатыевди кармап кеткенде аялы Зебикан беш жаштагы Зина, үч жаштагы Эркин жана беш айлык Инаш менен калат.

73 жыл мурда атасы "түштөн кийин кайра келем" деп, ошо бойдон кайып болгондой жоголгон атасын эстегенде, Зина апа дале кусага батып, кайраттуу үнү комуздун кылындай дирилдеп кетет.

Зина Раимбердиева. Ош шаарынын Төлөйкөн айылы. Апрель, 2012
Зина Раимбердиева. Ош шаарынын Төлөйкөн айылы. Апрель, 2012
"Атам ойнотуп келем деп, бизди Москвага алып барган. Атам мурда барганда токтоп жүргөн бир уйгур чалдын үйүнүн короосунда жүргөнүбүздө үч милиционер келди. Алар “ойнотуп келебиз” дешип, атамды алып чыгып кетишти. Мен артынан чуркап барсам ”Отуруп тур, кызым. Атаңды кайра алып келип коёбуз. Папаңды ойнотуп келебиз”,- дешти. Ошо боюнча атам кайра келбеди. Кийин уйгур чалга телефон чалып ”Камакка түштү. Одеял, жылуу кийим алып келип бергиле”, - деп айтышыптыр. Ал келип, апама айтты. Экөө орусча сүйлөштү. Анан экөө бир ак жаздык, бир одеял алып, чыгып кетишкен. Мен атамды ошол кеткен боюнча көргөн жокмун."

please wait

No media source currently available

0:00 0:06:17 0:00

Райымберди Сатыев ошондо “Ежовдун куйругу” деп камалып, 1941-жылдын 22-июнунда атылган. Николай Ежов Сталиндин сүйүктүү кадрларынын бири. XX кылымдын 30-жылдарындагы эң кандуу "ежовщина" деп аталган репрессия - Ежов НКВДны жетектеп турган эки жылда болгон. Бою 151см Ежовду ошо кездеги гезит-журналдар “темир нарком” деп урматтай жазышса, эл ичинде “кан ичкич кодоо” деп аташкан. Ал 1937-жылдын июнь айында эле 3170 саясий айып менен камалган адамды атууга өкүм кылган. НКВДны жетектеп турганда өкмөттүк тапшырмаларды мыкты аткарганы үчүн Ленин ордени менен сыйланган. Ежов кутумчулук кылды деп соттолуп жатканда, 14 миң чекисттин көзүн тазалаганын моюнга алып, "жаңылыштыгым - аларды аз жок кылганым” деп өкүнгөн.

​6 жаштагы Зина ошондо Москванын көчө-дүкөндөрүн атасы менен кыдырбай калганын аңдаса да, бирок экинчи мойнуна асылып эркелей албасын билген эмес. Зебикан абактагы күйөөсү менен жолуга албай, башы каңгы болуп, балдарын алып, поездге отуруп Бишкекке келет.

"Үч-төрт күндөн соң эч майнап чыкпагандан кийин Бишкекке жүрө бергенбиз. Келсек Бишкектеги үйүбүздүн эшигине мөөр басып коюптур. Эшиктен кире албадык. Апам милицияга барып айтам деп, мени коңшубуздун үйүнө калтырып кетти. Келген төрт милиционер мөөрдү алып, биз үйгө кирдик. Мен кошо чуркап жүрөм да. Алар үйдү раса тинтишти. Баарын аңтар-теңтер кылышты. Гезит, китеп калган жок. Апамды сөгүп, урушуп жатышты. Мажбурлап кагазга кол койдурушту да “Эртең саат тогузда кайдан болсо да таап, бизге алып барасың” дешти.
Апамдан сурадым:

- Мама, булар эмнеге сени урушту? Эмне болду?
-Тапанча издешти. Тапанчаны таппагандан кийин эртең саат тогузда таап кел деп, мени милдеттендиришти.
Эртеси апам милицияга кеткен. Тапанчаны таап бардыбы же жокпу? Эмне болгонун билбейм. Ошо боюнча тынчыды.
Бишкекте 15-20 күндөй турдук. Апамдын агасы бар эле. Ошол абам бизди Төлөйкөнгө көчүрүп келди. Ошол боюнча мен атамдын өңүн көрбөдүм. Кайда экенин да билбейм. Чоң атабыз үйүнүн эки бөлмөсүн бизге берген. Бир бөлмөдө өздөрү жашады. Абамдын аты Сатыев Ражабали эле."


Зебикан Сатыева, 1930-жылдардагы паспорттун сүрөтүнөн чоңойтулган
Зебикан Сатыева, 1930-жылдардагы паспорттун сүрөтүнөн чоңойтулган
Бишкекте “эл душманы” деп шектелип, Москванын абагында сурак берип жаткан Райымбердинин зайыбына кайдагы иш. Бардык эшик жабык. Албетте, Зебикан Сатыева күйөөсүнүн амандыгын теңирден тилесе да, НКВДнын чеңгелинен аман чыгаарына көзү жетпесе керек. Болбосо, үч жаш баласын алып, ордолуу Бишкекти шашыла калтырып, Оштун үстүндөгү Төлөйкөндү көздөй жөнөйт беле? Ошондо Райымберди Сатыевдин тун кызы Зина алты жашта, ортончу уулу Эркин үч жашта, кенжеси Инаш беш айлык бала эле.

please wait

No media source currently available

0:00 0:04:34 0:00

Айыл жеринде да "эл душмандарынын" балдарын жакшы турмуш күтпөгөн. Өз туугандары арасынан эле аларды келекелеп, итине талаткандар болгон. Бирок Райымберди Сатыевдин балдарын Төлөйкөн калкы “атасыз жетимдер” деп аяшып, жаман сөз тийгизбеген.

1930-жылдары эл душманы деп атылган республиканын жетекчилери Абдыкадыр Орозбеков, Төрөкул Айтматов, Мурат Салихов жана башкалардын зайыптары чүрпөдөй балдары менен Бишкектен айылга качышкан. Кээ бирлери балдарынын фамилиясын аргасыз өзгөртүшкөн.

Эркин Раыимбердиев. Ош шаарынын Төлөйкөн айылы. Апрель, 2012
Эркин Раыимбердиев. Ош шаарынын Төлөйкөн айылы. Апрель, 2012
Зина байбиче менен иниси Эркин карыянын айтышынча, алардын чоң атасы Саты жакыр үй-бүлөдөн болгон. 1920-жылдары Кыргызстандын түштүгүндө жаңы өкмөткө азуу кайраган басмачылар “койго тийген каршкырдай” жылга-жылгада желип-жортуп, элди да тийе качып тоноп, алсызын каалагандай жумшап турган чак. Жөлөп таянаары, кунун сурап алары жок Саты мына ошол каар замандын курмандыгы болот.

“Чоң атам кембагал адам болгондуктан, бирөөнүкүндө малай экен. Кожоюну куржунга тамак-аш салып, Тапандагы басмачыга алып бар деп буйруйт. Аны Даңги деген жерде солдаттар кармап алып, атып салышат. Куржунда тамак-аш эмес ок-дары бар экен. Аскерлер чоң атамдын үйүнө келип текшерсе, кембагал чыгат. Бир уул жана эки кызын көрүшүп, аны билбей өлтүрүп коюптурбуз деп, менин атамды (анда 11 жашта экен) өздөрү менен кошо ала кетишип окутушат,”- деп эскерет Эркин аксакал чоң атасын.

“Мен сени туудургам, мен сени өлтүрөм!”

Зина апанын аңгемесин угуп отуруп, эгер Сатыны атып өлтүргөн Кызыл аскерлер маркумдун үч уулун тең алып кетип, өкмөттүн эсебинен таалим-тарбия берип чоңойтсо, алардын үчөө тең репрессияга туш болмок беле деген ойго жетеленесиң.

Жаңы совет өкмөттүн эсебинен жатак мектепте окуган Райымберди Сатыев НКВДга кандайча өтүп калат? Ырас, ал жөнүндө Райымберди Сатыевдин уул-кыздарында толук маалыматы жок. “Атам алгач Араванда шопурлар мектебинде мугалим, кийин райондо тергөөчү болуп иштейт. Ошо жерден атамды Бишкекке НКВДга кызматка алып кетишет. Атама “Ежовдун куйругу” деп күнөө коюшкан. Муну апам Зебикандан укканбыз,”- дешти Зина байбиче менен Эркин аксакал бирин-бири толуктай. Зина Сатыева Араванда, а Эркин Сатыев болсо Бишкекте төрөлгөн.

Катаал шарттан улам Зина Сатыева 5-классты араң бүтөт. Эркин Сатыев орто мектепти аяктап, армияда кызмат өтөп келгенден кийин Төлөйкөндө туруктуу жашап, ошол жерден пенсияга чыккан.

Райымберди Сатыев 1957-жылы акталган. Бирок анын НКВДнын кайсы кызматында иштегени жана сөөгү кайсы жерге коюлганы белгисиз. Райымбердинин күйөө баласы жана төрт небереси милициянын офицерлери.

Райымберди Сатыевдин тагдыры - совет бийлиги өзү өстүрүп, өзү кайра репрессиянын тегирменине салган жүздөгөн тагдырдын бири. Улуу орус жазуучусу Николай Гоголдун “Тарас Бульба” повестиндеги Тарас Бульбанын картайган курагындагы “Мен сени туудургам, мен сени өлтүрөм” деп, али сүйгөнүн өөп, кумары кана элек кырчындай перзентин “тарс” этип атып салгандай окуя белем!
XS
SM
MD
LG