Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:01

Кыргыз "кулактардын" антисоветчил пьесасы


Украинанын Одесса облусунун Новодаровка кыштагында совет өкмөтү тарабынан сүргүнгө айдалган кыргыздардын өздүк көркөм чыгармачылык ийриминин артисттери. 1932-жылдын апрель айы. Херсон облустук мамлекеттик архиви.

Украинанын Одесса облусунун Новодаровка кыштагында совет өкмөтү тарабынан сүргүнгө айдалган кыргыздардын өздүк көркөм чыгармачылык ийриминин артисттери. 1932-жылдын апрель айы. Херсон облустук мамлекеттик архиви.

Бул Сталиндик репрессия кулач жайып, эл совет бийлиги тарабынан өз жана душман болуп, эки жаатка жиктелип турган кездин бир икаясы.

Окуя 1931-33-жылдары Украинанын Одесса облусундагы Ново-Троицкий районундагы Новодаровка кыштагында болгон. Бул жерде бай-манап деп сүргүнгө айдалган кыргыздардын өздүк көркөм чыгармачылык ийрими түзүлүп, ошо кездеги актуалдуу темаларды чагылдырган ондон ашуун пьеса койгон.

Өздүк көркөм чыгармачылык ийриминин демилгечиси Украина ССРинин ГПУсу - Мамлекеттик саясий башкармалыгынын Хорловскидеги комендантынын жардамчысы Кураманов Исса болгон. Үч жылдык стажы бар жаш коммунист ал кезде Фрунзеден Украинага 1931-жылы сентябрда “спецпереселенецтер” деп аталган атайын көчүрүлгөн кыргызстандыктар менен иштөө үчүн жөнөтүлгөн.

Исса Курамановдун тергөө иши боюнча ГПУнун меморандумунан. 27-июнь, 1932-жыл:

"Курамановдун чыгармалары – 15 пьеса, көлөмү 1500 барак. Мазмуну боюнча контрреволюциячыл мүнөзгө ээ. Алардын көпчүлүк бөлүгүндө Украинага сүргүнгө айдоо туура эмес экени, кулактар Өзбекстанда калып, кедейлер айдалганы белгиленет. Алар негизинен элди комендатурага каршы козгойт жана каршы коёт".

Бул меморандумга караганда, пьесалардын мазмуну көбүн эсе Өзбекстандан айдалган “совет өкмөтүнө жат элементтерге” арналган окшойт. Исса Кураманов Украина ССРинин ГПУсунун спецпереселенецтер боюнча бөлүмүнүн башчысына 1932-жылдын 2-октябрында берген түшүндүрмөсүндө пьесаларды Таштамбек Сулейманов жазганын, Ахмат Худайбергенов болсо пьесаларды ГПУга көрсөтүү үчүн орусчага которгону айтылат. Пьесага катышкан артисттер катары 13 адам аталат:

1. Кожакматов Аралхан
2. Болотов Чокобай
3. Дыйканбаев Курпыш
4. Жанаков Жумакан
5. Сулайманов Коробек
6. Мусалинов Мунасып
7. Кыштообаев Аширбек
8. Бейшеналиева Дарика
9. Садыкова Мизия
10. Кыштообаева Ажар
11. Чынгышова Урулкан
12. Кыштообаева Кулятиш
13. Бейшеналиев Касымалы


Курамановдун берген түшүндүрмөсүндө, пьесаларды койгонго катышкан артисттер 1932-жылы январь, февраль, март айларында жумуштан биротоло бошотулуп, алар эмгек акыдан бөлөк да бекер азык-түлүк, кездеме менен сыйланганы белгиленет. Мисалы, жумушчуларга 1,5 килодон ун берилсе, артисттерге 3 килодон берилген. Артисттер күрүч менен чакмак кантты да жалпы нормадан эки эсе көп алышкан. Атүгүл Кураманов мектеп окуучулары үчүн келген кездемелерди да артисттерге берип салган. Жазуучу менен котормочуга 6 метрден кездеме тийсе, калган артисттерге 3 метрден тийген. Башка артисттер иштегендиктен аларга акча төлөнгөн эмес.


Исса Кураманов, архивдик материалдарга караганда, 1903-жылы Аламүдүн районундагы Ала-Арча айылында туулган. Фрунзе шаарындагы “Союзтранс” ишканасында эсепчи болуп иштеп жүргөн жигит Украинага жөнөтүлгөнгө чейин партиялык мобилизация боюнча ОГПУнун тогуз айлык улуттук мектебин бүткөн. 30 жаштагы Кураманов советтик пропаганданын ыкмаларын мыкты билгенин анын сурактагы сөзү көрсөтүп турат.

Ал 1932-жылы апрелде маданий коруна акча чогултуу үчүн артисттер менен жыйналыш өткөрөт. Анын алдында Дыйканбаевге 9 рубль, Болотовго 3 рубль, Боромбаевге 1 рубль берет. Жыйналышта Дыйканбаев элди маданий корго соопчулук үчүн акча кошконго үндөп, өзү ага Кураманов берген 9 сомду чыгарат. Андан кийин Худайбергенов, Мусалинов, Сулайманов элди акча кошууга чакырып, сөз сүйлөшөт. Ошондон кийин эмне болгонун Кураманов мындай сүрөттөйт:

Украина ССРинин ГПУсу- Мамлекеттик саясый башкармалынын Хорловскидеги комендатурасынын комендантынын жардамчысы Исса Кураманов. 1930 - жылдардын башы. Херсон облустук мамлекеттик архиви.

Украина ССРинин ГПУсу- Мамлекеттик саясый башкармалынын Хорловскидеги комендатурасынын комендантынын жардамчысы Исса Кураманов. 1930 - жылдардын башы. Херсон облустук мамлекеттик архиви.

“...Харьковдогу ГПУга жөнөтүү үчүн артисттерди сүрөткө тартып алышыбыз керек, ким акча бербесе, аларга паёк берүү токтойт дедим. Ошондон кийин баары акча бере баштады. Акчаны Мусалинов чогултуп, тизмени Худайбергенов жазды. Акча чогултуп жаткан кезде мен бардык спецпереселенецтерди акчаны өйдө көтөрүп көрсөттүрүп туруп, сүрөткө тартып алдым. Мен муну Харковдогу ГПУга жөнөтүү үчүн, алар спецпереселенецтер өз ыктыяры менен акча чогултканын көрсүн деп жасадым. Бул чогулушта канча акча чогултулганы так эсимде жок. Бирок 300 рубль жыйналган. Артисттерден башка дагы арестанттарды мойнуна кап илдирип, колуна экиден кирпич карматып сүрөткө тартып алдым. Муну мен алар оңолуш үчүн жасадым”.

Айтылган жана башка сүрөттөр үчүн Исса Кураманов райондон келген сүрөтчүгө 800 рубль төлөгөн. Украин жеринде сүргүндө жүрүп, тагдырдын тамашасы менен артист болуп калган он эркек жана үч кыз сүрөттө фотоаппаратка томсоро тигилишет.

Пьесалардын автору, 32 жаштагы Таштанбек Сулайманов, 1932-жылдын 5-октябрындагы сурактын протоколуна карганда Жылуу-Суу кыштагында төрөлгөн. Тилекке каршы протоколдо Кыргызстандын кайсы бөлүгүндөгү Жылуу-Суу экени көрсөтүлбөгөн. 32 жаштагы Сулайманов кантип пьеса жазып калганы жөнүндө тергөөдө мындай дейт:

Исса Курмановдун сурак - протоколу. 1932 - жылдын 2 - октябры. Херсон облустук мамлкеттик архиви.

Исса Курмановдун сурак - протоколу. 1932 - жылдын 2 - октябры. Херсон облустук мамлкеттик архиви.

"1931-жылы ноябрда Октябрь майрамына карата балдарга ыр жазгам. Кураманов аны угуп, мага пьеса жазганды сунуш кылды. Ал кезде менен спецпереселенецтерге азык-түлүк таратуучу болуп иштеп жаткам. 1931-жылдын ноябрынан 1932-жылдын апрелине чейин 13 пьеса жаздым. Пьесалар мазмуну жагынан бузуку мүнөздө эле".

Таштанбек Сулаймановдун сөзүнөн көрүнүп тургандай, ал жазган пьесалары мазмуну боюнча “бузуку” экенин ОГПунун тергөөчүсүнүн көрсөтмөсү боюнча айткан. Кызыл чекисттердин пьесалардын антисоветтик мазмунун өз учурунда байкабай калышканы - Исса Курамановдун тагдырындай эле табышмактуу.

Украина ССРинин Кылмыш кодексинин 54-статьясынын 10-пунктуна ылайык, 1933-жылы 24-мартта драмалык кружоктун беш мүчөсү совет бийлигин кулатууга үндөдү деп соттолот. Атап айтканда, 23 жаштагы Мусалинов Мунсып, 33 жаштагы Сулайманов Таштанбек, 58 жаштагы Худайбергенов Ахмат – бул үчөө беш жылга соттолот. 18 жаштагы Кыштобаев Аширбек жана 40 жаштагы Уркумбаев Бейшеналы үч жылдан эркинен ажыратылат. Ал эми 1931-жылдын декабрынан тартып, 1932-жылдын сентябрына чейин эле 11 пункт боюнча кылмыш жасады деп табылган Исса Курамановдун иши Украин ССРинин ГПУсунун өзгөчө уполномочендер бөлүмүнө өткөрүлүп берилет. Андан ары Курамановдун эмне болгону белгисиз.

Ал эми пьесалардын тексттери 1933-жылы 30-сентябрда Украин ССРинин ГПУсунун атайын саясий бөлүмүнүн уполномочени Воробьевдун чечими боюнча жок кылынган.

“... бул материалдарды (пьесаларды) сактоонун эч кандай зарылдыгы жок жана иштин кызыкчылыгына жооп бербейт. Пьесаны жана спецпереселенецтердин иши тиркелген эки томдук тергөө материалдарды жок кылынсын деп чечтим”.

Буга Украин ССРинин ГПУнун опер-уполномочени Шприц макулдук берген. Чечимди ГПУнун Жашыруун саясий бөлүмүнүн жетекчисинин жардамчысы жана 3-бөлүмдүн башчысы Рогоачев бекиткен. “Эл душмандары” деп айыпталган адамдар да, кулакка айдалган кыргыз артисттер ойногон пьесалардын тексттериндей эле үч адамдын өкүмү менен жепжеңил жок кылынганын архивдик материалдар жана Сталиндик кандуу жылдардын тарыхы күбөлөйт.
Урматтуу окурман, эгер жогорудагы эки сүрөттөгү адамдардын кимдир бирөөсү тууралуу маалымат билсеңиз, автор менен байланышыңыз: usmanova@rferl.org

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG