Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:34

Рустем Дервиш оглу өткөн кылымдын 44-жылы Грузиядан Кыргызстанга ата-энеси менен айдалып келгенде 9 жашар бала болчу. Ал - тарыхта "Месхет (Мцхетия) түрктөрү" же "Ахыска түрктөрү" деп аталган этностук топтун өкүлү. Сталинизм маалында депортацияланган элдердин ичинен месхет түрктөрү кайра өз атажуртуна расмий кайта албай калган этностук топко кирет.

1944-жыл, 15-ноябрь. Грузия ССРинин курамындагы Ажар Советтик Социалисттик автономиялуу республикасынын Хелвачуар району.

Короз кыйкыра электе тоо койнундагы кыштакка келген НКВДнын аскерлери жергиликтүү түрктөрдү грузиндерден бөлүп алып, Батумиге айдап жөнөйт. Аларды Батумиден поезд менен Кыргызстанга жөнөтөт. Рустем карыя 70 жыл мурдагы алаамат окуя жөнүндө минтип эскерди:

- Күн чыгар замат солдаттар келип: “Силерди көчүрүп жатат, бул жактан кетесиңер”, - дешти. Ар ким алына жараша жүк алды. Биздин айыл чоң жолдон 4-5 чакырым алыс эле. Ылдый жолго түшсөк, машинеге жүктөп Батумиге алып барып, анан поездге салды. Ар бир вагондо экиден солдат. Эшик жабылган. Сыртка чыгарбайт. Заара ушатканга челек беришкен. Аялдар даарат алганда өзүн көрсөтпөө үчүн ак кездемени далдаа кылып алчу. Эркектер да. Чоң станцияларга келгенде аз-аздан ысык оокат берген. Ушинтип жүрүп, 18 күн дегенде Кызыл-Кыяга жеткенбиз.


Совет өкмөтү 1944-жылы грузиялык түрктөрдү эмне себептен Кыргызстанга айдап келгенин тогуз жаштагы Рустем түшүнгөн эмес. Грузияда алардын үй-бүлөсүнүн короо толо мал-жандыктары калган. Жолго чыгып жатканда кээ бирөөлөр кой союп албаса, өздөрү менен башка азык-түлүк алышкан эмес.

Иосиф Сталин 1940-жылдардын башында Түркия менен непада согуш чыгып кетсе, месхет-түрктөрү душман тарапка кошулуп кетет, ошон үчүн башка жакка көчүрүү керек деген бүтүмгө келет. Бул адамгерчиликсиз планды Сталин башындагы Мамлекеттик коргонуу комитети 1944-жылы 31-июлда бекитет. Ал токтомдо месхет-түрктөрү “колхоз түзүлүшүнө көнбөдү”, “мамлекеттик чек араны бузду”, “аткезчилик кылган душмандарга көмөктөштү”, "Түркиянын чалгындоо кызматтарына шпиондук элементтердин булагы болуп берди”, ошондой эле элинин басымдуу бөлүгү Түркиянын чек ара райондорунун эли менен тууганчылык байланышы бар жана эмиграциялык маанайда” деп күнөөлөнөт.

Буга чейин Түндүк Кавказдан карачайлар, калмыктар, чечендер менен ингуштар, балкарлар, черкестер, Крымдан татарлар, гректер, болгарлар, армяндар дагы башка улуттар ушундай же ушуга окшош жалаа менен көчүрүлгөн болчу.

Ошондо 10 күн ичинде Ажариядан месхет түрктөрү менен кошо армян-хемшиндер, грузин мусулмандары болуп, бардыгы 125 миң адам, анын ичинде 115 миң месхет түрктөрү сүргүнгө айдалат. Жолдогу азаптан алардын 15 миңи өлөт. Алгачкы алты айда дагы 37 миң адам, анын ичинде 17 миң бала апаат болот.

Рустем Дервиш оглу өз тегин түрк деп билет. Анын чоң атасы Ажарияга 1880-90-жылдардын ортолугунда келип туруп калган. Алардын бийик тоонун койнундагы айылынын калкы грузин же түрк деп бөлүнбөй ынтымакта жашашкан. Атүгүл грузин жигиттерге күйөөгө чыккан түрк кыздары болгон. Сүргүнгө ошондой аргын үй-бүлөлөр айдалган эмес.

Грузиялык мажбурланган көчөрмандар ("спецпереселенец") жүктөлгөн поезд Ферганадан Кызыл-Кыяга баратып, ара жолдо жүрбөй калат. Поездди көчөрмандар түртүп-сүйрөп жатып, шаарга жетишкенден кийин, аларды Ноокатка, Пахтачыга (азыркы Араван району), Кара-Дөбөгө (Кадамжай району), Көк-Жарга (Ноокат району), Кербенге бөлөт. “Кызыл-Кыяга бөлбөдү, шаарда немистер көп эле. Марказда (Кадамжай району) согуш алдында Ыраакы Чыгыштан айдалып келген корейлер көп болгондуктан, ал жакка да эч кимди жөнөтпөдү" деп эскерип отурду сексендин кырындагы карыя.

Рустем Дервиш оглу багынын четиндеги чаркыпалектин жанында айылдашы Сулайман Абулакимов менен сүйлөшүп турат.

Рустем Дервиш оглу багынын четиндеги чаркыпалектин жанында айылдашы Сулайман Абулакимов менен сүйлөшүп турат.


​Рустем Дербиш оглунунун үй-бүлөсү азыркы Кадамжай районундагы Алыш кыштагына адеп келгенде суук өкүм сүрүп турган. Разьезден чоң эки дөңгөлөктүү араба менен келатып бир кемпирдин башы дөңгөлөктүн тешигине кирип, мерт болот.

Чогуу келген башка ажариялыктар Исфайрам өрөөнүндөгү Майдан, Аустам, Пум кыштактарына жана Чаувай кенине бөлүнөт. Тогуз жашар Рустемдин үй-бүлөсүнө бош турган там берилет. Үй ээлери ким болгон жана кайда кеткени белгисиз.

- Суукта адамдар кесел болуп, четтен өлө баштады. Эки адамды бир жайга көмүп, бирок мүрзөнүн үстүнө эки дөбө жасашып, ажыратып койду. Жокчулуктан улам жасат же жуулбайт, же кепинделбейт. Өлгөндөр үстүндө бар кийими менен көмүлдү. Келте болуп, кээ бир үйдөн 5-6 адам өлгөн учурлар болду. Суукта Төө-Моюндан келатып, эки киши эс алганы отурган жеринде селейип калган. Көр (мүрзө) казганга кетмен, кайло, күрөк жок. Кыртыш 20-30 сантиметр тоңуп калган. Сураганга тил билишпейт. Кыргыздар көрүп, жардам беришкен. Ажарияда мындай суук жок эле. Ошого баары Кыргызстанга жеңил кийим менен келишкен. Сууктан эл сыртка чыга албай, алып келген көрпөлөрүн кесип, камзүр (чыптама) жасап кийишти.

Ошол каардуу жылдарды баштан өткөргөн адамдардын эскерүүлөрүнө караганда, демейде, эл душманы деп айыпталып, бөтөн жерге айдалып барган адамдар өздөрү сыңары эле совет өкмөтү тарабынан жектелип, башка жакка сүрүлгөндөрдүн же камалгандардын же куулгандардын үйүнө киргизилген.

Чаувайда жашаган Маматураим Табалдыев аксакалдын ата-энесинен эшиткенине караганда, Жолборскана конушундагы жети үй-бүлөнү колхоз жана кен башкармалыгынын жетекчилиги там-жайын бошотуп, башка жакка көчүрүп жиберген. Бирөөлөр кыштактын өзүндө калса, экинчилер Кызыл-Кыядагы туугандарыныкына кеткен.

Мындай оор шартта, өзгөчө, жокчулук, ачкачылык адамдарды эптеп жан багууга, атурсун уурулук кылганга аргасыз кылат. Чаувай кенине айдалып келген чечен көчөрмандар менен болгон ушундай бир окуя тууралуу 83 жаштагы Алтынай Акматова “ии, оор турмуштун айынан болгон иш да” деп эскерип айтып берди:

1956-жылдын 28 - апрелинде СССР Жогорку Советинин президиумунун согуш жылдары мекенинен айдалган крым татарларын, балкарларды, түрктөрдү, күрттөрдү, хемшилерди дамамат административдик көзөмөлдөн бошотуу жөнүндө жарлыгы чыгат. Бирок бул указ аларга өкмөт тартып алган мал-мүлкүн кайтарып алганга, киндик каны тамган жерлерине кайтууга уруксат берген эмес. Деген менен ошондон кийин жашаган айылдан сырт жактарга ээн-эркин чыга башташканын Рустем аксакал эскерип отурду.

Рустем карыя багындагы бал челектерди текшерип жүрөт. 11-сентябрь, 2013

Рустем карыя багындагы бал челектерди текшерип жүрөт. 11-сентябрь, 2013


​Грузия ССРинде байыртан байырлаган месхет түрктөрүн грузиндештирүү саясаты Сталиндин ишенимдүү адамы Лаврентий Берия 1931-жылы ноябрда республикалык компартияны жетектеп калгандан тарта башталат. Тагыраак айтканда, алар улутун өзгөртүп, азербайжан же грузин фамилиясын алууга мажбурланат.

СССРдин башка элдеринен чыккан кадрлар сыяктуу эле месхет -түрктөрүнүн мыкты уулдары да репрессияга кабылат. Алар өткөн кылымдын 30-жылдары Түркиянын пайдасына тыңчылык ("шпиондук") кылды деген өңдүү жалган жалаа менен соттолот.

Мындай өнөктүк Экинчи дүйнөлүк согуш кезде Сталин Түркия менен согуш болушу мүмкүн деп шектене баштаганда күчөйт. Андай ишенбөөчүлүккө эч кандай деле негиз жок эле. Себеби, грузиялык түрктөрдүн аскерге жарамдуу эркектеринин баары - 48 миңден ашуун адам Ата Мекендик согушка кетип, кан майданда жүргөн. Алардын 28 миңи урушта курман болот. Сегиз адам Советтер Союзунун баатыры наамына татыктуу болот.

Ага карабай, Рустем Дервиш оглынын ата-бабалары киндик каны тамган жерден капысынан айдалып, ушул күнгө чейин мыйзамдуу журтуна кайта албай жүрөт.

1960-жылдары түрк месхеттер ата-бабалары эзелтен жашаган жерге кайтууга уруксат алышат. Бирок, аларды Советтик Грузия кабыл албайт. Ырас, көптөгөн даттануулардан кийин 1968-жылы алгачкы 100 репатриант кабыл алынат. Бирок, Москвалык илимпоз Михаил Калишевский жазгандай, аларды адегенде жумушка алып, анан Азербайжанга куушат.

1969-жылы түрктөрдүн 33 делегация өкүлүн Москвада КПСС Борбордук комитетинде кабыл алышат. Бирок алардын мекенине кайтуу өтүнүчү четке кагылгандан кийин, 120 адам паспортун таштап, СССР жарандыгынан чыгабыз деп жар салышат. Аларды Москвадан куралдуу күзөтчүлөрдүн кайтаруусунда айдап чыгышат.

1976-жылы Грузиянын жетекчилиги месхет түрктөрүн кабыл алууга макул болот. Ошол эле маалда алар түпкү тегин грузин деп, аты-жөнүн грузинче өзгөртүүгө тийиш деген шарт коёт. Бул шартка көнүп, грузин болууну каалаган үй-бүлөлөр Грузияга кайтып барышат. Бирок аларды чогуу жашатпас үчүн түрдүү райондорго бөлүп жиберет.

Тегин сактайбыз дегендер болсо, Рустем Дервиш оглынын балдарындай, тарыхый атажуртуна - Грузияга бара албай калышты.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG