Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:17

Тарых өзү чоң дарыядай. Жылгалардан аккан суулар менен мөлтүр булак өзөнгө толуп, агымды кубаттандырып тургандай эле тарыхты да ар кандай окуялар байытат. XXI кылымдын башында тарыхчылар өткөн окуяларды чагылдыруу үчүн жаңы булакты: эл оозунда айтылып жүргөн аңгемелерди пайдалана баштады.

Натыйжада тарыхый субъект - жөнөкөй инсан изилдөөнүн борборуна айланды. Аңгеме түрүндөгү эскерүүлөр, интервьюлар, купуя кол жазмалар коомдун өнүгүүсүн жеке адамдын тагдыры, бир үй-бүлө баштан кечирген окуялардын призмасы аркылуу түшүнүүгө мүмкүндүк берет. Кичинекей адамдын үнү тарыхты демократиялуу, элге жугумдуу кылат; окуяга кайталангыс бойок, эмоция, адамдын кайгы капасын, толкундануусун берет. Бирок элдик оозеки тарыхта окуялардын датасы так болбой калышы, окуя ырасмий же илимий баадан бөлөкчө сыпатталышы мүмкүн.

“Куугунтук курмандыктары” түрмөгүндө Маматалы Оторбай уулу жана Досумбет Молдобай-Акун уулунун тагдыры неберелеринин эскерүүсүндө. 60тын кырындагы Абдылда Осмоновдун аңгемеси:

- Атабыз Осмон, туура аты Осмоналы 1899-жылы төрөлгөн экен. Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин орус падышасы кыргыздарды Арстанбап-Ата, Кара-Алма, Чүй жана Ысык-Көлдүн жакшы жерлеринен Какшаал менен Нарынга кууп, алардын ордуна орустарды отурукташтырмак болот. Атам 14-15 жаш убагында жанагыдай саясаттын кесепетинен чоң атабыз атууга туш болот. Чоң атабыз Маматалы Оторбай уулунун 3 миң гектарга жакын жери, пахта заводу болгон. Ал орусча билип, сабаттуу болуптур. Төрт аялынын эркеси Сайкалдан биздин атабыз Осмон төрөлгөн.



Кыргыздардын отурукташып жашоосу падышалык Орусия басып алгандан кийин тездик менен жүрөт. Себеби, 1867-жылкы мыйзам көчмөн калкты болуштуктарга (волосторго) жана айылдарга бөлгөн. Болуштарды эл курултайда үч жылга шайлаган. XIX кылымдын 90-жылдары азыркы Кыргызстандын түштүгүндө жаңы кыштактар пайда болот. Советтик тарыхый булактарда айтылгандай, оторчулар жергиликтүү элден тартып алынган жерлерге ээ болот. Натыйжада кыргыздар түзөң жерлердеги кышкы жайыт-кыштоолорунан ажырап, тоо таянып кетет.

Маматалы Оторбай уулунун өлүмүнө алып барган Орус империясынын 1916-жылкы Улуу Үркүндөн кийинки оторчул саясаты тууралуу профессор Мурат Иманкуловдун кеби:

Жумабаевдин Үркүн сериясынан

Жумабаевдин Үркүн сериясынан

- 1916-жылкы көтөрүлүштөн кийин түпкүлүктүү элди көчүрүү саясаты болгон. Орус империясы Түштүктө да, Түндүктө да айдоого ылайыктуу жерлерди орус келгиндерине алып берген. Ал жерлердеги адамдарды тоо тарапка сүргөн. Каршылык көрсөткөндөр жазаланган. Кээ бир маалыматтарда 1873-73-жылдардагы көтөрүлүш (Полот хандын көтөрүлүшү) басылгандан кийин да айрым кыштактарда эркек чыкпай калганы айтылат. 1916-жылкы көтөрүлүштө Чүй менен Ысык-Көлдө катуу каршылык көрсөтүлгөндөн кийин падыша өкмөтү, А. Н. Куропаткин (Түркстандын аскер губернатору жана Түркстан аскер округунун командачысы) бул жерлерде орустун каны төгүлдү, ошон үчүн бул жерлер орус уезди болсун, а кыргыздар Нарынга көчүрүлсүн деген чечим чыгарган. Бирок Октябрь революциясы, анан февраль революциясы болуп кетип, чечим аткарылбай калган.

Абдылда мырзанын таятасы Досумбеттин тагдыры да трагедиялуу. Ал Совет бийлигинин алгачкы жылдары тап душманы катары атып өлтүрүлөт. Анткени Досумбет Молдобай-Акун уулу колунда бар, баргер адамдардан болгон.

- Апабыз да байдын кызы болгон. Таятабыз төрт атты боз үйдө кармап, жуулган күрүч берип бактырган,- дейт А. Осмонов.- Арпа же сулу берсе күчү жок болуп калат деп ойлогон. Ар бир улакта эки атты чарчатчу экен. Жайлоого 100 төө менен көччү экен. Таятабыз совет бийлигине кошулбай койгондо, жаңы бийлик сен басмачыларга кошулуп кетесиң деп далы ортого атып өлтүргөн.

Cовет заманына чейинки кыргыздарда төө жылкыдай эле негизги унаанын бири болгон. Досумбет Молдобай-Акун уулу жайлоого 100 төө менен көчкөн деген сөздүн төркүнү мындай. Байыртан калыптанган салтка ылайык, бай болобу, кедей болобу, жайлоого өз айылы менен чогуу жана чоң шаан-шөкөт менен көчкөн. “100 төө менен көчүү ал кез үчүн кадыресе көрүнүш болгон, ал кезде 2 төөгө 1 үйдүн жүгү артылган,” - дейт окумуштуу-тарыхчы Мурат Иманкулов.

Досумбет Молдобай-Акун уулу кандай жагдайда өлгөнүн жээн небереси, 64 жаштагы Айтмамат Осмонов улуулардан эшиткенин бир кыйла көркөмдүү кылып сүрөттөдү:

- Таятабызды өзүбүздүн эле бир жездебиз (апамдын жезделеринин бири) таап берген. Ал кызылдардын эки отрядын ээрчитип келгенде, таятабыз мистенин түбүндө намаз окуп жаткан болот. Ал кызылдар аны атып саларын билип калат. Таятамдан башкалары качып, түлкүнүн ийинине же башка жайларга жашынып калышат. Таятабыз намазын бузбай окуй берет. Артынан келип дал ортого атканда мистенин тамырына башын коюп туруп, жан таслим болот.

Советтик плакат: "Жолдош, биздин колхозго кошул".

Советтик плакат: "Жолдош, биздин колхозго кошул".

Айтмамат Осмоновдун таятасы жаңы бийликке моюн сунбайт деп кызыл аскерлер тарабынан өлтүрүлгөн кездеги Жалал-Абаддагы кырдаалга тарыхый ракурстан кайрыла кетели. Италиялык окумуштуу Марко Буттининин “Тескери революция” деген эмгегинде: “Жалал-Абад жана анын тегерегинде Фергана өрөөнүнө көчүп келген орусиялык иммигранттардын теңинен көбү, жашаган. Алардын көбү украиндер болгон. 1917-жылы алардын саны 6, 5 миңге жеткен. Жерди алар эч кандай акча төлөбөстөн жарым көчмөн кыргыз урууларынан тартып алган. Оторчу-колонисттер революциячыл диктатураны оң кабыл алышкан. Себеби революционерлер кыргыздарга эч кандай артыкчылык берүүнү каалашкан эмес. Оторчулар Жалал-Абад болуштугундагы кыргыздарды аймактан сүрүп чыгарууну көздөгөн жана аларга буудай сатпагандыктан кыргыздар саал болсо ачкадан кырылайын деп турган. Анжиянда орногон советтик диктатура орустарга жана армяндарга тегеректеги шаарлардын байлыгын тоноого жол ачкан: мусулман-дыйкандардын сатылбаган пахтасын, азык-түлүгүн, базарга өтүмдүү эмнеси болсо тартып алууга мүмкүндүк берген,” - деп жазат.

Совет өкмөтү биринчи күндөн эле пахта талааларын менчиктештирип, фабрика-заводдорду тартып алат. Маматалы Оторбай уулунун да Базар-Коргондогу пахта заводу жана Жалал-Абад курортундагы жерлери да жаңы бийликке - большевиктерге өтөт. Жалалабаддык оторчулар өзүн коргоо үчүн Дыйкандар армиясын түзөт. Адеп башта жергиликтүү элдин таламын коргоп чыккан басмачыларга каршы Кызыл армиянын катарында армян отряды жортуулга чыгат.

- Жарандык согуш (граждандык согуш) жылдары кийин басмачылык кыймылы деп аталып калган улуттук боштондук кыймылы элдин эркиндигин, диний ишенимин, каада-салтты коргоо идеялары менен чыккан, - деп кебин улантты профессор М. Иманкулов. - Ошо кезде кызыл аскерлердин курамында армяндардын дашнактардан турган атайын отряды болгон. Алар басмачылык кыймылды басууга, Кокон автономиясын талкалоодо, Фергана өрөөнүндөгү ар кандай көтөрүлүштөрдү басканда колдонулат. Армян отряды өзгөчө мыкаачылык жасаган, элди аябастан кырган деген маалыматтар бар. Себеби, алар 1915-16-жылдардагы Түркиядагы армян кыргыны үчүн бу жактагы түрк тилдүү элден өчүн алганы айтылат. Совет өкмөтү 1920-жылы ал отряддын терс жактарын көргөн соң таратып жиберет.

Армян отряды 1919-жылдын ноябрында Жалал-Абаддын тегерегиндеги айылдарга басып кирет. Адегенде армян отрядынын бир бөлүгү Марко Буттинин жазышынча, Кокон-Кышлакты өрттөп, элин кууп кырат. Кокон-Кышлак азыр Өзбекстандын Пахта-Абад шаары. Экинчи отряды Сузактын элин дарыя боюна тизип атат. Үчүнчү отряды Базар-Коргондун жанында басмачыларга туш келет. Бирок ийгиликке жетпей, кетээринде орус оторчуларына Базар-Коргонду бандиттарден тазалагыла деп буйрушат. Күбөлөрдүн айтымында, үч жумага чукул оторчулар эркектерди басмачыларга кошулуп кетет деп кырышат. Тирүү калгандар өлгөндөрдүн денелерин чогултуп көмүшөт. Ошо кезде оторчулар кайра келип, тирүү калгандарды, а түгүл мүрзөдө бата кылып отургандарды өлтүрүшөт. Профессор Иманкуловдун айтымында, армян отрядынын мыкаачылыгы жөнүндө совет заманында айтылган эмес.

Оторбай Маматалы уулунун тагдырына кайрылсак, ал кишинин балдары байдын тукуму деп куулган эмес. Бул Маматалынын уулу Осмондун балдарынын баарынын совет заманында жогорку окуу жайлардан окуп, мыкты адистерден болуусуна мүмкүндүк берген. Алардын бири белгилүү мамлекеттик ишмер, маркум Бекмамат Осмонов.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG