Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:32

1930-жылдары Украин жерине "кулак", "эл душманы" деп айыпталып, жазыксыз айдалган жүздөгөн кыргызстандыктардын бир тобу мекенине кайтпай калган.

Сүргүн кыргыздардын көпчүлүгү мурдагы Одесса, азыркы Херсон облусунда 1940-жылдардын ортосуна чейин жашаган. Ала Тоодон алыстагы Таврия жеринде көз жумган кыргыздар кайда көмүлгөн? Көрүстөндөрдүн азыркы абалы кандай?

1930-жылдары Совет бийлиги "кулак" деп айыптап, Украинага сүргүнгө айдаган кыргыздардын көпчүлүгү бөтөн жерде дээрлик 1945-жылга чейин, бирин-серини 1950-жылга дейре болгонун архивдик документтер тастыктайт.
Ала Тоо коюнунан сүрүлгөндөрдүн айрымдарына Украинанын түштүгүндөгү Таврия жеринен топурак буйруйт...

Профессор Мелис Чормоновдун чоң атасы Шарше да 1931-жылы жайында Ысык-Көл боюнан айдалып кеткенден бир-эки жыл өтүп-өтпөй, “өз жер, өлөң төшөгүнөн” алыста көз жумат:

- Коллективдештирүү учурунда чоң атамдын малы көбүрөөк го... Ошонун кесепетинен ага окшогон кишилердин баарын кулакка тартып, Украинага, Херсон облусунун Скадовский районундагы Чалбасы деген кыштакка жиберишкен. Андан бир-эки жылдан кийин чоң атабыз каза болуп калган.

Херсон облусунун Чалбасы (азыркы Виноградово) кыштагындагы көрүстөндө физика-математика илимдеринин доктору Мелис Чормоновдун чоң атасынан башка да Түптүн Талды-Суу айылынан айдалган Казанат аксакалдын байбичеси менен үч уулу көмүлгөн. Бул жөнүндө карыянын небереси, Каракол шаарында жашаган Сүйүнкул Эсенгул уулу “Азаттыкка” жазган катында билдирди:

- Менин атам Касанатов Эсенгул, атасы Казанат, энеси Сүйүмкан, инилери Кожогул, Бердигул, Рыскул, Бердишүкүр 1930-жылдары Чалбасы айлына айдалган экен. 1-2 жылдын ичинде атам Эсенгул жана иниси Рыскулдан башкалары каза болушуптур. Атам Эсенгул 1940-жылы отпускага Түп районунун Талды-Суу айлына келип, кайра кетпей койгонуна байланыштуу кесилип кетет да 1948-жылы бошогон. Иниси Рыскул 1941- жылы 16 жашка толгондугуна байланыштуу паспорт алып туулган жери Талды-Сууга келген. 1943-жылы 18ге чыкканда согушка кетип, 1944-жылы Белорусияны бошотууда каза болгон экен.

Чалбасынын 1944-46-жылдардагы чарбалык китебине караганда мына бул адамдар да ушул жердин эли айткандай, кыштак четиндеги Кыргыз көрүстөнгө коюлган:

1. 1899-жылы туулган Кулалиева Сайра 1944-жылы 28-августта көз жумган.
2. Эгембердиева Насырбүбүнүн 1944-жылы туулган баласы ошол жылы 18-августта чарчап калган;
3. Уркумбаева Аселдин уулу Орозбек 1944-жылы үч жашында көз жумган;
4. Айылчинова Зинанын Рая деген кызы 1944-жылы 9-августта 6 жашында көз жумган;
5. Сулайманов Ажынын уулу Кайрат 1943-жылы 15-августта каза болот...

Виноградово (мурдагы Чалбасы) кыштагынын четиндеги православ көрүстөнү. 3.04. 2013

Виноградово (мурдагы Чалбасы) кыштагынын четиндеги православ көрүстөнү. 3.04. 2013

​Кыргыз көрүстөндүн томпойгон кабырлары жер менен теңелейин деп калган жана эч кандай жазуусу же белгиси жок. Ал 200-250 чарчы метрдей жерди ээлейт. Кыргыз көрүстөнгө туташ бир жагында эгин талаасы жатса, экинчи жагында православ мазары жайгашкан. Анын мүрзөлөрүнө эстелик же жок дегенде крест орнотулган.

Жергиликтүү өкмөттү чейрек кылым жетектеген 72 жаштагы карыя Владимир Иванович Филенко мүрзөлөрдүн санына жана ээлеген аянтына карай, Кыргыз көрүстөндө болжол менен 200гө жакын адам жатат дейт:

- Бул кыргыздардын бейити. Көрүстөндү эч ким ээлеп же буза албайт. Бүгүн мүрзөлөр эскирип отуруп, майда дөңчөлөр гана калды. Себеби, кыргыздар мүрзөсүнө крест сыяктуу эч нерсе коюшкан эмес. Мен бул мазарга канча адам коюлганын мүрзөлөрдү санап, эсептеген жокмун. Бирок, мына бул дөңдөрдүн санына карап, болжол менен 200дөй адам көмүлгөн деп айтса болот. Көрүнүп турбайбы, дөңдөрдүн баары мүрзөлөр.

Мындай пикирге херсондук край таануучу Сергей Дяченко кошулбайт. Анын айтымында, Чалбасыдагы Кыргыз көрүстөнүндө канча адам көмүлгөнүн аныктоо үчүн кыштакта 1931-1944 - жылдары канча кыргыз жашаганын, алардын курактарын так билүү зарыл.

- Менимче, ал үчүн Чалбасыда канча кыргыз жашаганын, теориялык жактан алганда, алардын канчасы өлүшү мүмкүн экенин билүү керек. Мен Чалбасыдагы мазарда 200дөй кыргыз көмүлгөн деп ойлобойм. Ырас, көрүстөндө мүрзөнү билдирчү дөңчөлөр 200дөн да көп болушу ыктымал. Бирок, бул мазарда кыргыздардан башка дагы өзбектер жана башка мусулмандар көмүлгөн болушу мүмкүн дегенди билдирет.


Чалбасыда 1944-жылы 360тан ашуун кыргыз жашаган. Ал эми 1941-жылы Ата Мекендик согуш башталганга чейин канча кыргыз Ата журтуна кайтып кеткени жана согуш учурунда канча кыргыз апаат болгону тууралуу маалымат жок. Бирок, он чакты кыргыздын "эл душманы" деп атылып кеткени, дагы бир топ адамдын түрдүү мөөнөткө соттолгону айныгыс чындык.

Сергей Дяченко баамдагандай, Чалбасыда кыргыздардан башка өзбектер, түркмөндөр, ногойлор жашаганы тууралуу маалыматтар бар. Бирок, жергиликтүү элдин Кыргыз көрүстөн деп бөлүп айтканынан улам бул жайканага көмүлгөндөрдүн баары эле кыргыздар болгон деп айтсак жаңылыштык болбос. Себеби, коңшулаш Сергеевка кыштагына чукул жердеги эки мазарды улуу курактагы адамдар Өзбек көрүстөн деп аташат.

Мурунку Скадовск, азыркы Цюрупинск районундагы Чалбасы-Виноградово кыштагынан башка да "кулак" деп айыпталып, сүргүнгө айдалып келген бир айыл кыргыз азыркы Чаплинск районундагы Хлебодаровка кыштагында жашаганын архивдик материалдар ырастап турат.

Ал эми Кыргызстандын Украинадагы элчиси Улугбек Чыналиев 17-майда Чалбасы-Виноградового жана Чаплинск районуна барып, Сталиндик репрессия жылдары айдалып келген кыргыздарды даректеп көргөн. Элчиге берилген маалымат боюнча, Крестовка кыштагына чукул жерде да кыргыздар жашаган экен:
Чаплинск районундагы Крестова кыштагына жакын жердеги кыргыздар көмүлгөн жай азыр айдоо талаасына айланган. Херсон облусу, 17.05.2013

Чаплинск районундагы Крестова кыштагына жакын жердеги кыргыздар көмүлгөн жай азыр айдоо талаасына айланган. Херсон облусу, 17.05.2013


- Сүргүнө айдалып келген биздин адамдар Чаплинск районун бир бөлүмүндө жашаган экен. Кийинчерээк ал бөлүм жоюлуп, эли Крестовка кыштагына көчүрүлгөн. Ал жерди райадминистрациянын башчысы, райкеңештин төрагасы жана кыштак өкмөтүнүн төрагасы менен барып көрдүк. Православдар жана мусулмандардын көрүстөнү жанаша болуптур.

1970-жылдары православдардын сөөктөрү борбордук көрүстөнгө көчүрүлүптүр. А мусулмандардын мазары ордунда эле калтырылып, азыр эгин талаасына айланыптыр. Мен ал жерде бабаларыбыздын арбагына арнап, Куран окудум. Район жетекчилери менен бирге талаанын четине сүргүнгө айдалып келген күнөөсүз кыргызстандыктарды эскерген жазуусу бар обелиск-эстелик орнотолу деп чечтик.

Чаплинка кыштагында 1930-жылдардын башындагы Украинадагы ачкачылыктын курмандыктарына эстелик коюлуптур. Зыяратка келген адамдар билсин үчүн ал жерге да сүргүн кыргыздар көмүлгөн жер тууралуу маалымат жазылган эскерткич орнотолу деп макулдаштык. Эстелик орнотулса, кыргызстандыктар унутулбайт. Бул ишти кандай да болсо бүткөрүү керек. Себеби, ал кишилер күнөөсүз айдалып, жат жерде көмүлгөн. Биз аларды унутуп, таарынтып алсак, бул жеткен акыйкатсыздык болот.


Улугбек Чыналиев ошондой эле Цюрупинск районун жетекчилери менен Чалбасы-Виноградово кыштагындагы Кыргыз көрүстөн турган жерди курчап, абаддаштыруу жана маркумдарды эскерген эстелик орнотуу жагын да сүйлөшкөн. Бирок маанилүү бул ишти кыргыз элчилиги жалгыз бүткөрө алабы? Херсон облусунун жетекчилиги канчалык жардам көрсөтө алат? Бул суроолор азырынча белгисиз.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG