Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:26

Апаатты табалагандарды жазалоо сунушталууда


Кырсык.
Кырсык.

Ондогон адамдын өмүрүн алган авиакырсыкты табалап, социалдык тармактарга пикир жазгандарды жазалоо сунушталды. Мындай демилгени Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормонов бүгүн парламенттин комитет жыйынында көтөрдү. Эл өкүлү андай пикирдеги кишилерди элди бөлүп-жаргандар деп сыпаттап, күч органдары аларды таап, шаршембидеги жалпы жыйында маалымдашы керектигин белгиледи.

16-январдагы апааттан соң фейсбуктагы Таттыгүл Дооталиева аттуу колдонуучу мерт кеткендер өлкөнүн түштүк аймагынан болорун айтып, “өздөрүнөн көрсүн” деген өңүттө пикир калтырган. Жарандык активисттер Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ага тиешелүү чара көрүүнү талап кылып жатышат.

Апаат кырк чамалуу адамдын өмүрүн кыйды. Көбү жайкын тургундар. (SE\EBM)

XS
SM
MD
LG