Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:55

Виртуалдык келинчек бойдокторду сүйүнттү


Иллюстрация
Иллюстрация

Жапонияда жалгыз бой эркектер үчүн виртуалдык аял сатыла баштады. АКШда айдоочусу жок таксилер пайда болду. Дубайда дүйнөдөгү биринчи вакуумдук поезд-гипербоортко курулат. Ыктыярдуу эмгек кылган адамдар узак жашайт.

Жапон эркектер виртуалдык аялдарды сатып алышат

Жапониялык жалгыз бой мырзалар же аялдан жаа бою качкан эркек таналар виртуалдык бийкечти сатып алып, үйүнө кожойке кылып койсо болот.

Gatebox сайты маалымдагандай, виртуалдык бийкечтин чачы көгүш, көзү бүтүк, бою 158 сантиметр жана 20 жаштагыдай көрүнөт. Виртуалдык бийкечтин аты Азума Хикари (Azuma Hikari).

Ал тамак жебейт, бирок бетине шекер себилген май боорсокту жакшы көрөт. Курт-кумурскалардан өлгүдөй коркот. Азума өз ээсин эртең менен белгилүү жапон актрисасы Юка Хаямизинин (Yuka Hiyamizu) үнү менен ойготот.

- Эй, ойгон! Кутмандуу таңың менен!

- Аба ырайы кандай болорун жана ошого ылайык кийинүүсүн эскертет.

- Бүгүн жамгыр жаашы ыктымал, кол чатырыңды ал.

- Жумуштан кечигип калбасы үчүн убакытты эсине салат.

- Тез кыймылда, болбосо кечигесиң.

- Жумушка ак тилегин айтып узатат.

- Кечинде көрүшөбүз. Жумушуң кызыктуу болсун!

Виртуалдык бийкеч ээси жумушта жүргөндө СМС кат жиберип, ага сагынганын айтып, маанайын көтөрөт. Ал эми жумушта кармалып калса, тынчы кетип ачууланат. Кечкисин кожоюнун зериктирбей сүйлөшөт. Ал ошондой эле бөлмөдөгү чыракты, үйдүн жылуулук системасын жана идиш жуугуч, кир жуугуч, чаң соргуч сыяктуу техниканы өзү өчүрүп, күйгүзөт жана иштете алат.

Баасы 2500 долларлык кожойкенин чоңдугу чөөгүндөй же кадимки А4 форматындагы барактай. Ал кооз голографиялык айнек аппараттан телеэкрандан көрүнүп турат.

Ушу тапта Жапония менен АКШда сатыкка 300 даана берегидей виртуалдык аял чыгарылган. Кээ бир эксперттердин айтуусунда, мындай голографиялык аялдар ансыз да жыл сайын балдардын төрөлүүсү азайып бараткан Жапониядагы сексуалдык кризисти ого бетер катаалдантышы мүмкүн.

(Булагы: http://arstechnica.com, http://thenextweb.com)

Америкада айдоочусу жок таксилер пайда болду

АКШнын Сан-Франциско шаарында кардарларды айдоочусу жок таксилер тейлей баштаган. Бирок 21-декабрда Калифорния штатынын Моторлуу транспорт боюнча департаменти Сан-Францискодо айдоочусу жок автомобилдердин эл ташуусуна тыюу салганына байланыштуу бул ишти Аризонага жылдырды. Жаңы ишти 14-декабрдан тарта Uber такси кызматы аткарууда. Компаниянын компьютердик тейлөө системасы UberX такси кызматынын кокустук жолу менен тандалган кардарларын Volvo автомобилинин айдоочусу жок (пилотсуз) Volvo XC90 машинеси тейлейт. Жолоочу өзүн коопсуз сезүүсү үчүн автомобилде Uber компаниясынын эки кызматкери да болот.

Калифорниянын транспорт департаментинин маалымдашынча, штаттын жолдорунда айдоочусу жок автомобилдерди сыноого 20 автомобил жасоочу компания уруксат алган.

13-декабрдагы сынак (тест) маалында UberX такси кызматынын “Вольво” машинелери айрым жаңылыштыктарды кетирди. Атап айтканда, ресторанга чакырылган айдоочусуз машине жолдун четине эмес, жолдун ортосуна токтогон, экинчи бир пилотсуз “Вольво” кош катар жолдо бош линия менен жүрбөстөн каз-катар тизилген машинелердин этегинен кезек алган. Ошондуктан контролер-айдоочу машинени өзү айдап, бош жолго салган.

Uber компаниясы айдоочусу жок автомобилдерди алгач 2016-жылы сентябрда Пенсильвания штатынын Питсбург шаарында сыноодон өткөргөн. Бу калаада 2,7 миллион эл жашайт.

(http://money.cnn.com, https://www.engadget.com, https://www.bloomberg.com)

Дубайда дүйнөдөгү биринчи вакуумдук поезд курулат

Вакуумдук поездди куруу боюнча тарыхый келишимге Бириккен Араб Эмирлиги жана АКШнын Hyperloop One компаниясы 8-ноябрда кол коюшту. Вакуумдук поезд - Hyperloop деп аталат. Бул термин англис тилинен которгондо гипербоортко дегенди билдирет. Капсул-вагон Жер үстүндөгү бородойдун (ноо –түтүк) ичинде аба же магнит жаздыктын принцибин пайдаланып жүрөт. Андай вакуумдук поезддин ылдамдыгы катуу күүлөнгөндө саатына 1200 километрге жетет. Бул гипербоортко отурган жүргүнчү Дубайдан Абу-Дабиге 12 мүнөттө жетет деген кеп. Бул эки шаардын ортосу 150 чакырым же автобус менен Дубайдан Абу-Дабигеа бир сааттан көп убакытта жетчү жол.

Гипербоорткону жүргүнчү ташыганга катар эле жүк ташуу үчүн да пайдалануу мүмкүн.

Hyperloop One компаниясынын башчысы Роб Ллойд (Rob Lloyd) 8-9-мартта Бириккен Араб Эмирлигинде болгон инвестфорумда гипербоортко – Hyperloop эмне экенин минтип түшүндүргөн:

- Hyperloop деген эмне? Бул жогорку ылдамдыктагы транспорт системасында эч качан мүмкүн болбойт деген ылдамдыкты мүмкүн кылат деп ойлойм. Себеби биз илимдеги азыркы жетишкендикти такыр эле жаңыча колдонуп жатабыз. Бул бүгүнкү транспорттун түрлөрүнө кошумча болот. Бул бүгүнкү транспорттун түрлөрүн: не поездди, не автомобилди алмаштырбайт. Бул транспорттун бешинчи түрү. Бул адамдардын жана автомобилдердин биз мурда ойлоп көрбөгөндөй ылдам, жаратылышка коопсуздук жаратпай жана арзан жүрүүсүн мүмкүн кылат.

Гипербоортконун идеясын америкалык ишкер-миллиардер Илон Маск 2013-жылы сунуш кылганын баса белгиледи.

Бириккен Араб Эмирлигинин өкмөтү инновациялык долбоордун курулушунун наркы жөнүндө маалымат бере элек. Бирок arabianbusiness.com сайты Абу-Даби-Дубай арасындагы 150 чакырымдык футуристтик жолдун жалпы баасы 4,8 миллиард доллар болот деп мерчемделип жатканын же анын ар бир километри 32 миллион долларга түшөрүн октябрь айында маалымдаган. Ал эми Hyperloop One компаниясынын теңшерик негиздөөчү Жош Гигел (Josh Giegel) Ассошиэйтед пресс агенттигине гипербоорткону курууга ушундай узун (150 км) асфальт жолдун курулушунан көп жана тез каттамдагы темир жолдун баасынан аз каражат кетерин айткан.

Эмирликтин жол жана транспорт жетекчилиги гипербоортко 2020-жылы ишке кирет деген үмүттө.

Hyperloop One компаниясы 2022-жылкы Катарда өтчү футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат ачылганга чейин гипербоортко Дубай-Доха ортосунда да каттай баштайт деп ишенет.

Болочокто гипербоортко БАЭни коңшу мамлекеттер менен да байланыштырат деп болжолдонууда. Ошондо Дубайдан Сауд Арабиянын байтакты Эр-Риядга 50 мүнөттөн аз убакта жетүүгө мүмкүн болот. Азыр эки шаардын ортосуна самолетто жетүү үчүн самолетто эки саат, поездде сегиз саат керек. (Булагы: https://hyperloop-one.com, http://www.thenational.ae, http://www.arabianbusiness.com)

Эмгек өмүрүңүздү узартат

Ыктыярдуу коомдук эмгек (volunteering) адам өмүрүн узартат жана психикалык саламаттыгын жакшыртат. Мындай ыктыярдуулар же волонтерлор арасындагы өлүмдүн деңгээли коомдук иштен четте жүргөндөргө салыштырмалуу 20 % төмөн экенин, алар депрессияга аз кабыларын, жашоого ыракаттанганын, башкаларга салыштырмалуу материалдык абалын бир кыйла тез оңдоп алышарын британиялык илимпоздор аныкташты.

Бул изилдөө Эксетер университетинин Медицина мектебинин окумуштуусу, доктор Сюзанн Ричардс (Suzanne Richards, University of Exeter Medical School) айымдын жетекчилиги астында Саламаттыкты изилдөөнүн улуттук институтунун (NIHR PenCLAHRC) колдоосу менен жүргүзүлгөн.

Дүйнө өлкөлөрүндө ыктыярдуу эмгек тегиз жайылган эмес. Австралияда бул көрсөткүч 36%, АКШда 27%, Европада 22,5% түзөт.
Эреже катары, волонтерлок кылган адамдар өз каалоосун коом алдындагы борчун (милдетин) аткаруу же өз маалында жардам-колдоосун алган соопкерчилик уюмдарына көмөктөшүү ыкласы менен түшүндүрүшөт.

Волонтерлук кесиптик-профессионалдык тажрыйба алуу же социалдык байланышты кеңейтүүнүн эффективдүү жолу болуп саналат.

Бул багыттагы мурдагы изилдөөлөр волонтерлук жана адам өмүрүнүн узаруусу, жашоо сапатынын жакшыруусу ортосундагы болушу мүмкүн байланышты акысыз иштеген адамдар арасындагы стресстин деңгээлинин төмөндөшүнө байланыштуу деп түшүндүрүшкөн. Бирок доктор Сюзанн Ричардс башындагы топтун изилдөөсү жогорудагы теорияны ырастаган эмес.

Алдагыдай бүтүмдү жасардан мурда Ричардс айым жана кесиптештери тогуз эксперименталдык жана 16 группалык изилдөөлөрдү камтыган 40 илимий эмгектин негизинде талдоо жүргүзүшкөн.

Кээ бир окумуштуулар волонтерлук кылган адамдардын физикалык жактан дени чың болуусун активдүү жашоо үйдөн тыш жактарда түрдүү физикалык жумуштарды аткарганына байланыштуу деп боолгошот.

(Булагы: https://bmcpublichealth.biomedcentral.com, https://www.exeter.ac.uk)

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG