Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:10

Грузия-ЕБ: визасыз режим ишке кирди


Бүгүндөн баштап Грузиянын жарандары Европанын отуз өлкөсүндө кыска мөөнөткө визасыз жүрө алышат.

Европа Биримдигинин расмий өкүлдөрү жана парламент мүчөлөрү Грузия менен визасыз каттам тууралуу келишимди ишке киргизе турган документтерге 1-мартта кол коюшкан. Тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүдө "бул - Грузиянын Европа Биримдигинин толук кандуу мүчөлүгүнө жетүү үчүн кезектеги кадамы" экени айтылат.

Дүйшөмбүнүн кечинде грузиялыктар Шенген зонасында визасыз каттоо укугун алганын фейерверк коштолгон майрамдык шоу-концерт менен белгилешти. Мындан ары Грузия жарандары Европа Биримдигиндеги өлкөлөргө биометрикалык паспорт менен эле бара алышат.

Тбилисидеги майрамдык концертте жүргөн Мариам Тевзадзе аттуу студент Грузия үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылганын айтты:

- Эркин виза режими Европа менен таанышууга мүмкүнчүлүк түзөт. Алардын маданиятына жетүүгө, европалык коомдун бир бөлүгү болууга мүмкүнчүлүк түзүлдү десем болот. Рахмат!

Шаар тургуну Георги Чумбуридзе бул окуяны жаңы доордун башталышы катары баалады.

- Албетте Европага визасыз каттоо бул жакшы. Эң негизгиси - Грузия үчүн Европа Биримдигине кошулууга жакшы шарт түзүлдү.

Ошентип алгачкы визасыз режимди Грузиянын премьер-министри Георгий Квирикашвили баштап берди. Ал Тбилиси-Афины каттамындагы учакка отурардын алдында буларды айтты:

- Бул биздин өкмөттүн ыраатуу жана тынымсыз аракеттеринин натыйжасында ишке ашып жатат. Ошондой эле коомчулук да жардам берди. Биз Грузияга Европа комиссиясынын шарттарына ылайык мыйзамдарды алып келдик. Ушул татаал жолдо көмөктөшкөн досторубузга, өнөктөштөрүбүзгө ыраазычылык билдирем.

Ал арада өкмөт Грузиянын Европа Биримдигине кирүү аракеттери камтылган комплекстүү планын жарыялады. Анда өкмөт биримдикке толук кандуу мүчө болуу үчүн бар аракетин жумшай турганы айтылат. Ошондой өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги визасыз режим шарттарын бузган жарандарга катаал чараларды колдонорун эскертти. Чет өлкөдө мыйзам бузган жаран үч миң евро айып пул төлөп, өлкөдөн чыгарылат жана Европага беш жыл бою кирүүгө тыюу салынат.

Грузияда майрамдык иш-чаралар эки күнгө созулду
Грузияда майрамдык иш-чаралар эки күнгө созулду

Жергиликтүү байкоочулар грузиялыктардын Шенген зонасында визасыз жүрө алышын шарттаган чечим бул өлкө үчүн жакшы жышаан болду дешет. Ошентсе да Европа Биримдигине умтулган Грузия алдыда дагы бир топ шарттарды аткарышы керектигин айтты саясат талдоочу Гия Чандера.

- Европа Биримдигине Грузиядан кандай пайда болушу мүмкүн? Азыр Европанын өзүндө бир топ маселелери бар. Бир жактан Орусиянын таасири болбойт деп дагы четке каккан туура эмес. Бул саясий жагы. Ал эми көптөгөн шарттарын арткарууга, аны алар карап чыгууга узак убакыт кетет. Грузиянын Европа Биримдигине кошулушу өтө узак, татаал жол болот деп айтам.

2017-жылы визасыз режим кандай шартта болору тууралуу жаңы эрежени Европа парламенти 13-февралда кабыл алган. Ага ылайык, үчүнчү өлкөнүн жарандары эч негизи жок коопсуздугуна коркунуч бардыгын айтып, качкын статусун алууга аракеттенсе, мындай көрүнүш кеңири жайылып кетсе, кайрадан виза тартиби орнотулат.

Европа парламенти 3-февралда көпчүлүк добуш менен Грузияга визасыз режим киргизүүнү жактаган. Ушундай эле шартта Украина жарандары үчүн визасыз тартип июнь айында күчүнө кириши күтүлүүдө.

Европа Грузияга эшигин ачты
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:42 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG