Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:20

Азыркы күндө бардык тамак-ашыбыздын сыртында минералдык заттар, витаминдер кошулду деген жазуу бар.

Биокошулмаларды, витаминдерди каалаган мезгилде эле иче берсе болобу? Алар организмге кандай таасир этет?

Витаминдер - адамдын организмине миллиграмм өлчөмдө керек болгон органикалык заттар. Адам баласы аны көбүнчө күнүмдүк жеген тамак-ашы аркылуу алса болот. Туура эмес тамактануу витамин жетишсиздигин пайда кылат. Бирок кээде алардын айрымдарын ашыкча ичүүдөн жүрөк талмасы, кан басымдын жогорулоосу, ашказан жарасы сыяктуу оорулар пайда болуп, өлүмгө чейин алып барышы ыктымал.

Окумуштуулар айрыкча үч группадагы витаминге өзгөчө кылдат мамиле жасоону сунушташууда.

D витамини

Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын доценти, Медициналык алдын алуу факультетинин деканы Жумабек Сыдыков мындай дейт:

- Эргокальциферол же болбосо D витамини жетишпегенде адамдын сөөгү жумшарып, кыйшайып калат. Жашы өтүп, карып калган кишилер остеопароз дартына чалдыгат. Жаш балдар итий болот. Бул биологиялык активдүү зат көбүнесе уйдун сүтүндө болот. Бирок эргокальциферол нормасынан ашканда адам өлүмгө кириптер болушу ыктымал. Мисалы, медициналык адабияттардан бул витаминге бай деңиз жандыктарынын, ак аюунун боорун ашыкча жеп алып, организми көтөрө албай мерт болгондор тууралуу окуяларды окугам.

Темир

Акыркы мезгилде Кыргызстанда аз кандуулук дарты эпидемиялык деңгээлге чыгып, анын алдын алуучу темир кошулмалары абдан кеңири сатылууда. Бирок анемияны лабораториялык анализ тактагандан кийин гана дарыгер жазып берген темир кошулмаларын ичүү керектигин АКШ окумуштуулары эскертет. Курамында темир бар витаминдерди күнүмдүк нормадан ашыкча ичүү адамдын терисин бозортуп, боор жана өттүн иштөөсүн бузат, жүрөктүн согушун начарлатып, кандагы шекердин нормасын өзгөртөт.

С витамини же аскорбин кычкылы

Кеңири колдонулган аскорбин кычкылы же С витамини тууралуу окумуштуу Жумабек Сыдыков мындай дейт:

- Аскорбин кычкылы сөзсүз түрдө жашылча-жемиш, азык-түлүк аркылуу керектүү өлчөмдө организмге түшүп турушу керек. Орточо керектөө күнүгө 70-100 грамм. Кишинин жаш курагы, салмагына жараша бул витаминдин нормасын тууралап алуу абзел. Маселен, жаш балдар, кош бойлуу аялдар жана кара жумуш кылган кишилер аскорбин кычкылын көбүрөөк ичпесе болбойт. Акыл эмгегин кылгандарга аскорбин кычкылы берки топтогулардай көп керек эмес. Алар 100 миллиграмм алса жетет.

АКШдагы Мэриленд университетинин медициналык борбору жөн салды эле С витаминин жей берсе, тиштер морт болуп, безетки чыгып, адам алсырай баштарын эскертет. Бул минералды цитрус жемиштеринен, кулпунайдан, брокколи жана брюссель капустасынан да алса болот. Андыктан таблетканы дембе-дем ичүү зарыл эмес дешет АКШ догдурлары.

Биологиялык активдүү кошулмалар

Акыркы мезгилде Кыргызстанда ар кандай биологиялык активдүү кошулмалар да кенен-кесири, кымбат баада сатылууда. Алар тууралуу медициналык академиясынын доценти, Медициналык алдын алуу факультетинин деканы Жумабек Сыдыков мындай деди:

- Эгерде минералдык биологиялык активдүү кошулмалардан гана жасалса, кишиге өтө деле коркунучтуу эмес. Организм керектүү өлчөмдө алып, калганы заара аркылуу бөлүнүп чыгат. Бирок курамына өтө көп сандагы микроэлементтер кирип, туз да кошулса, анда адам үчүн зыяндуу. Айрыкча бөйрөктү талкалайт.

Адистердин айтымында, синтетикалык же лабораторияда жасалган витаминдерге караганда табигый азыктардан алынган минералдык заттар жагымдуу келет, аны кишинин денеси өзүнө керектүү өлчөмдө сиңирип алат. Эгер тигил же бул витамин жетишпесе, анда адам тамактануусун оңдоо керек.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG