Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:07

Жарыксыз жашоо, төө буурчак мафиясы жана импичмент


“Эл үнүнө” кайрылган угармандарыбыз, жер-жерлерде суук башталганын, ал эми электр жарыгы дале башаламан өчүрүлүп жаткандыгын, төө бурчак мафиясы пайда болгонун, кымбатчылык тууралуу айтышты.

Төө бурчак мафиясы пайда болгонбу?

Талас облусунун жашоочулары, төө бурчактын баасын бийликте тургандар атайылап арзандатып жатышканын, бийликтегилер төө буурчак бизнеси аркылуу элди тоноо жолу менен туйтунгулары келип жатышканын билдиришти.

Талас районунун Жон-Арык айылынын тургуну Ороз Дүйшөбаевдин айтымында, төө буурчакты кымбаттатууга бийликтин бийик сересинде отурган адамдардын балдарынын тиешеси бар экендиги тууралуу кептер жүрүп жатат.

“Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт, деп коюшат эмеспи. Биздин эл төө бурчак менен оокат кылып атат. Бирок бийликтегилер атайылап төө бурчактын баасын арзандаттырып, аны ортомчулары аркылуу кымбатка сатып байып атышыптыр”,- дейт Ороз Дүйшөбаев.

Бакай-Ата районунун Оро айылынын тургуну Наби Алтымышбаев да “Эл үнүнө” кайрылып, “ак үйдөгү” чиновниктердин кийлигишүүсү менен 37 сомго чыккан төө буурчактын баасы азыркы тапта 28 сомго түшүрүлгөнүн айтты.

“Элдин айтымында жана өзүмдүн да байкашымча, күз башында Максим Бакиев Таласка келип, губернаторду баш кылып такалап, “мобу баадан ашырбайсың” деп баасын коюп кеткен экен”,- дейт Наби Алтымышбаев.

Төө буурчактын баасынын түшүп кетиши боюнча нааразычылыктарга, Талас облустук администрациясынын айыл-чарба бөлүмүнүн башчысы Абай Шатманов түшүндүрмө берип, каржы кризисинин айынан доллар менен сомдун ортосунда чоң айырма болуп кеткенин, ошол себептүү көптөгөн чет мамлекеттик ишкерлер Таласка келбей калганын билдирди. Дал ушул себептерден улам жергиликтүү бизнесмендер төө бурчакты сатып алышып, өздөрүнүн чөнтөгүнө жараша баасын коюп жатышканын кошумчалады.

Жарыксыз жашоодон жүдөгөндөр

Талас шаарынын тургуну Бөкөн Үмөталиев да “Эл үнүнө” кайрылып, электр жарыгын өчүрүү графиги баш аламан болуп, ар кандай өзгөрүп жатканын, элдин кыйналып кеткенин айтты:

“Азыр график боюнча бизде 20 саат жарык өчүп, 4 эле саат күйүп атат. Мобул жердеги элдин бардыгы эч оокат кыла албай калдык. Ачка өлөйүн деп атабыз. Мектепке, балдар бакчасына барган жаш балдар, кемпир-чалдар бардыгы ооруп атышат электр жарыгы жок”,- дейт Бөкөн Үмөталиев.

Угарманыбыздын электр жарыгы тууралуу тынчсыздануусуна Талас облустук “Түндүк электро” башкармалыгынын жетекчиси Нурдин Осмонов жооп берип, азыркы тапта Талас облусу 882 миң квт. саат электр жарыгын ашык пайдаланып жатканын, ошол себептүү 1-декабрга чейин жарыкты чектөөлөргө өзгөртүүлөр киргизилип, электр жарыгы мурдагыдан көбүрөөк өчүрүлүп жатканын айтты.

“Мурда биз электр жарыгын түнкү саат он экиден, таңкы саат алтыга чейин өчүргөн болсок, азыркы тапта түнкү он бирден таңкы жетиге чейин өчүрүп жатабыз. Күндүзгүсү мурдагы бекитилген график боюнча эле жарыкты өчүрүп жатабыз”,- дейт Нурдин Осмонов.

Бакай-Ата районунда жашаган дагы бир угарманыбыз Кадим Төөкөзовдун пикиринде, Талас аймагы боюнча жарык бирдей өчүрүлбөй, айрым кызматтагы адамдардын жарыгы күнү-түнү күйүп эле турганын айтат. Анын айтымында, бийлик эл арасын байгедей кылып бөлүп салды.

“Жарыкты же бар кылып же таптакыр өчүрүп, Бакиев сатып туруп кампасына катып алсын эй. Жанды кейитет тим эле. Бу не деген шермендечилик. Советтер союзу доорунда дайыма күйүп турган электр жарыгы төрт саат эле күйөт. Ушул да адамгерчиликпи. Элди ойлошпой экен булар. Эми бир топ жерлерде бийликте отургандар үйлөрүн күйгүзүп алышат. Светке төлөп аткан карапайым элдин жарыгы жок, бийликтеги байлардыкы күйүп турат. Малканасына, итканасына чейин светтери күйүп турат. Деги бул жакта жашоого болобу. Болбосо айтсын эй, кетебиз казакка, Жамбулга көчүп кетебиз”,- дейт Кадим Төөкөзов.

Бул угарманыбыздын нааразычылыгына да облустук “Түндүк электро” башкармалыгынын жетекчиси Нурдин Осмонов жооп берип, Таластагы жылуулук компаниясына жакын жайгашкан үйлөр анын линиясынан электр жарыгын алышарын, ошол себептүү шаарга жылуулук берген жылуулук компаниясы менен кошо бир катар үйлөргө да жарык үзгүлтүксүз берилип жатканын билдирди.

Ош шаарында жол каттамдар кыйын болууда

Ош мамлекеттик университетинин студенти, “Башат” жаштар уюмунун мүчөсү Куттубек Абдылдаев “Эл үнүнө” билдиргендей, Ош шаарында кечки саат сегизден кийин көп багыттарга каттамдар токтоп калат. Ошол себептүү сабактан кийин түрдүү жумуштарда иштешкен студенттер үйлөрүнө кете албай кыйналышат.

“Ош шаарында жаштар, студенттер көп да. Алар кечинде иштеп акча табышкандыктан үйлөрүнө кайтуу кыйынчылыкты туудурат. Ал эми такси кымбат”,- дейт К.Абдылдаев.

Дагы бир студент Эрнис Толтоев да жол каттамдар өзгөчө кыйын экендигин айтып, бул маселени шаар бийлиги чечпесе элге кышында кыйын болуп калышы мүмкүн экендигин айтат.

Жол каттамдар маселеси тууралуу тынчсызданууларга Ош шаарынын вице-мэри Мухиддин Мамсадыков жооп берип, кечки саат сегизден кийин айрым багыттагы маршруттар каттабай коюшу ыктымал экендигин айтты.

“Мэрияга караштуу шаардык жүргүнчүлөрдү ташуучу агенттик бар. Эми аларга катуу тапшырма берип, көзөмөлдөп турушат. Эгер элдер кайсы тарапка каттаган маршруттар кечки сегизден кийин каттабай койгонун айтышса, биз аларга карата чара көрөбүз”,- дейт Мухиддин Мамасадыков.

Импичмент ишке ашабы?

“Эл үнүнө” ошондой эле, өзүн Кыргызстандагы коррупцияга каршы күрөшүү кыймылынын лидери деп тааныштырган Назарбек Нышанов кайрылып, ушул жылдын август айынан бери президент Курманбек Бакиевди мыйзам жолу менен бийликтен кетирүү үчүн импичмент жарыялоого кол топтоп келатканын, азыркы тапта 100 миң адам президентке импичмен жарыялоого макулдугун берип, колдорун коюшканын билдирди.

“2005-жылы 24-мартта болгон төңкөрүштөн кийин бул бийликке мурдагы президент менен иштеген адамдар эле келгенин, булар жөн эле элди козгоп сарай төңкөрүшүн жасашканын айтып келатам. Ошол күндөн тартып мен Курманбек Бакиевге каршы болдум. Кийин Бакиевдин мыйзамсыз келгенин, кийинки кылмыштарын, мамлекетти диктатурага айлантканын, дагы көп нерселерди тиркеп туруп президентке импичмент жарыялоо жараянын баштаганбыз. Авгус айынан бери 100 миң кол топтодук. Эми импичмент жарыялоону кечеңдетпей, декабрь айында эле аны жоопкерчиликке чакырсак болот”,- дейт Назарбек Нышанов.

Дегеле соңку кездери күч алган президентти кетирүүнү каалаган күчтөрдүн иш-аракетине саясий илимдердин доктору, профессор Жолборс Жоробеков баа берип, азыркы бир канчага бөлүнгөн оппозиция өзү да эбак булганып бүткөнүн айтат.

“Кечээки эле чиновниктер, министрлер бүгүн эле кыйкырып чыгып, элди иренжите башташты. Мен эми эл-жерди ойлогон, жаш, жаңы оппозиция келсе экен деп ойлойм. Азыркыларга бийликтен кызмат бере койсоң эле куйруктарын түйгөн боюнча кетишет. Ошентип атып булар оппозициянын баркын да кетиришти”,- дейт Жолборс Жоробеков.

XS
SM
MD
LG