Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:48

АКШ мыйзамсыз мигранттарды күчтөп депортациялабайт


АКШ Мексика чек арасы
АКШ Мексика чек арасы

АКШ мыйзамсыз мигранттарды күчтөп депортациялабай турганын ички коопсуздук министри Жон Келли билдирди. Министр жаңы эрежелер мыйзамдуу жол менен, адам укуктарын урматтоо, мексикалык бийлик менен макулдашып киргизиле турганын кошумчалады.

Келли жана АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон Мехикодо министрлер менен сүйлөшүү өткөргөндөн киийн журналисттердин суроолоруна жооп беришти. Тиллерсон АКШга «ыктымал террорчулардын» өтүүсүнө, маңзат жана адам аткезчилиги менен алектенген кылмыштуу топторго бөгөт коюу керектигин белгиледи.

Дональд Трамп экономикалык жана иммиграциялык саясатын катаалдатканы эки тараптуу мамилелерде чыңалуу пайда болгон эле. Бейшембиде Трамп мыйзамсыз мигранттардын депортациясын "аскердик операция" деп атады.

Шайлоо кампаниясы учурунда жана кызматына расмий киришкенден кийин АКШ президенти Мексика менен чек арада дубал куруу жөнүндөгү билдирүүлөрү менен Мехиконун терс реакциясын жараткан эле.

XS
SM
MD
LG