Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:56

«Террорго каршы күрөш» өзгөрөт


Быйыл Ооганстанга кошумча 30 000 аскер жиберилет

Быйыл Ооганстанга кошумча 30 000 аскер жиберилет

АКШнын жаңы президенти Барак Обаманын тушунда Ооганстандагы «Террорго каршы күрөштүн» алкагындагы аракеттердин мүнөзү да өзгөрөт деп күтүлүүдө. Буга чейинки каталарды Барак Обама кантип жоюушу керек?

«Террорго каршы күрөш» деген түшүнүк АКШда жаңы президенттин бийлиги ишке кире турган күн жакындаган сайын көңүл чордонундагы маселеге айлана баштаган. Ошол эле маалда Британия бул термин берген маанидеги саясаттан баш тартып жаткандай туюлду.

Террорго каршы күрөштө буга чейин кетирилген каталар да катуу талкууга алынып, анын жолдорун кайра карап чыгуу талаптары айтылууда. Андыктан 2001-жылдан бери террор менен күрөшүүдөгү маселелердин чордонунда болуп келген Ооганстан жаңы президент Барак Обама да бул жаатта ишке ашырчу аракеттерде үлгү болмокчу.

Ооган президенти Хамид Карзай 20-январда парламентте сүйлөгөн сөзүндө бул түшүнүктү оогандыктар өздөрү кантип түшүнөөрүнө токтолду. «Биз эларалык коомчулукту өз жерибизде кабыл алып, Ооганстан жана адамзат жыргалчылыгы үчүн биргеликте «террорго каршы күрөштүк», - деди ал. - Биз өзүбүздүн өкмөттүк адамдардын өлүмү үчүн да нааразылык билдирбедик. Министрлерибиз менен депутаттарыбыз, сенаторлорубуз өлтүрүлгөндө да эч таарынган эмеспиз. Бирок биз куралсыз жөнөкөй жарандарыбыз «террорго каршы күрөштөн» набыт болуп жатканын унчукпай карап тура албайбыз”.

Мындан жети жыл мурда ооган жерине АКШ баштаган эларалык коалиция киргенде, оогандыктар эми өлкөдөдө тынчтык орноп, бейпил турмушта жашайбыз деген үмүттө болушчу.

Бул өңдүү оптимизм, көпчүлүк байкоочулардын айтымында, көп өтпөй эле өчө баштады. Анткени коалициялык күчтөр террорго каршы күрөштө Талибан менен «Аль-Каиданын» өздөрү менен тике байланышка такыр көңүл бурбай, аларга каршы турган согушкерлерди колдой башташкан.

Ооганстандык Пактика провинциясынан депутат Надер Хан Катавазайдын айтымында, коалициялык күчтөр бул жерде туруктуу саясий системаны куруунун оордуна агрессивдүү аскерий операцияларын күчөтүштү. «Тилекке каршы, алар Ооганстандын ичинен террористтерди издеп, айылдарды жардыра башташты, - дейт депутат. - Бул уруулардан турган коом экенин эске алышпады, андыктан бул өңдүү аба чабуулдарынын кесепети да оор болду. Айылга чабуулдар болгондо, уруулар бири-биринен ажырайт. Уруулар чачырап кетсе, демек, районду же жалпы провинцияны жоготуң дегени ошол. Батыштан аскерлер алгач келишкенде, алар жергиликтүү элдин маданий, диний баалуулуктарын чанып коюшкан. Туш келди эле рейддерди жүргүзүп, күнөөсүз адамдарды камай башташты».

Ал эми Ооганстандын мурдагы Ички иштер министри Али Ахмад Жалалинин оюнда, коалициялык күчтөрдүн «террорго каршы күрөшүнүн» негизги кемчилиги Ооганстанда мамлекетти курууну аткара албагандыгында болду.

Обаманын командасы президенттик кызматка кирише баштагандан тарта эле Ооганстан алардын эларалык саясаттагы башкы маселеси болоорун жашырышкан эмес.

Дэвид Петреус, 20-январь, 2008
Обама бул жаатта аракеттерге катуу киришкени байкалат. Мисалы, өлкөнүн негизги аскерий командачысы, генерал Дэвид Петреус ооган стратегиясын февралга чейин иштеп чыгыш үчүн Борбор Азияда жана Жакынкы Чыгышта ушу күндөрү сапар менен жүрөт.

Бүгүн Ооганстанда чет-элдик 65 миңдей аскер бар. Алардын дээрлик жарымын америкалыктар түзөт. Эми Обаманын администрациясынын ишке киришиши менен ооган жериндеги аскерлердин саны дагы көбөйөт деп күтүлүүдө. Пентагондогу расмий өкүлдөрдүн айтымында, дагы 30 миңдей америкалык аскер Ооганстанга жөнөтүлө турган болуп турат.

Ооганстандын мурдагы каржы министри Ашраф Гани АКШнын жаңы президенти Барак Обама ооган жериндеги максат мүдөөлөрүн дагы бир сыйра тактап чыгыш керектигин айтат. «Америка Ооганстандагы аскерлерине бир ай үчүн эле короткон акча Ооганстандагы беш муундун тагдырын өзгөртмөк» дейт ал. Анын айтымында, АКШ өзү эле аскерлерге бир айда 20 млрд.доллар акча коротот.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG