Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:21

БУУ: Суу тартыштыгы саясий туруксуздукка алып келиши ыктымал


Дүйнөлүк Суу форумуна катышкан лидерлер саммит алдында, Стамбул, 16-март 2009

Дүйнөлүк Суу форумуна катышкан лидерлер саммит алдында, Стамбул, 16-март 2009

Дүйшөмбүдө Стамбулда 5-Дүйнөлүк суу форуму башталды. Аны ачып жатып, Түркиянын президенти Абдулла Гүл дүйнө калкынын дээрлик жарымы суу тартыштыгынан жабыркаса, 1 миллиарддай киши таза сууга муктаж деди. Жыйынга Кыргызстандын өкмөт башчысы Игорь Чудинов катышып сөз сүйлөдү.

Дүйнөлүк суу форуму ар 3 жылда Дүйнөлүк суу кеңеши тарабынан уюштурулуп турат. Бул жолу бир нече талапкердин арасынан форумду өткөрүү үчүн Түркиянын борбор шаары тандалган. Бир жумага созулчу жыйын “Суу көпүрөсү” деп аталып, ага дүйнөнүн чар тарабынан 130 өлкөнүн өкүлдөрү келишти.Форум саясий проблемага айланган суу маселесинин маанилүүлүгүн белгилөө, экинчиден, конкреттүү сунуштарды иштеп чыгууну көздөйт.

Сууга болгон талап дүйнө жүзүндө өскөн сайын таза суу тартыштыгы, сууну тазалоо маселеси бир катар өлкөлөрдө чечилбей келет.

Аны менен катар суу талашы да күчөп жатат. Коңшу өлкөлөрдүн тургундары менен андай чырлашуулар Кыргызстандын түштүгүндө жылга кайталанат.

Быйылкы форум глобалдуу финансылык кризиске туура келип отурат. Андыктан жыйындын ачылышында сүйлөгөн саясатчылар, адистер суу маселеси кризистин көлөкөсүндө калбашы керек деп белгилешти.Форумдун баш катчысы Октай Табасаран жыйындын 20 миңдей катышуучусуна кайрылды:


-Суу маселеси экономиканы стабилдештирүү аракеттеринин көлөкөсүндө калбоого тийиш. Суунун келечегин камсыздап, келечек муундарды суусуз калтырбашыбыз керек.

Улуттар уюму саммитке карата даярдаган баяндамасында таза суу ресурстарын изилдеген. “Суу өзгөрүп жаткан дүйнөдө” деп аталган отчетто калктын көбөйүшү жана климаттын өзгөрүшү таза суу запастарынын азайышына алып келип жатканы белгиленет. Жана ал ресурстар толуктанбайт. Улуттар уюму бул проблемага керектүү деңгээлде көңүл бурулбаса ал саясий туруксуздукка жана ар кыл жаңжалдарга алып келет деп эскертет.

Жыл сайын дүйнө калкыныны саны 80 миллиондой кишиге көбөйүп турат. Азыр калктын саны 6,6 миллиарддай болсо, 2050-жылга карай Жер планетасында дээрлик 3 миллиардга көп киши жашап калат. Алардын 90 проценти ансыз да суу тартыштыгынан жабыркаган өнүгүп келаткан өлкөлөргө туура келет. Элдин саны өскөн сайын айыл чарба тармагына жумшалчу суунун көлөмү да көбөймөкчү. Сугат суулар эл керектеген суунун 70 процентин түзөт. Бирок дыйкандар аны үнөмдөбөсө, 2050-жылга карай айыл чарбага суунун 90 проценти сарпталып калат, – деп эскертет Улуттар уюму.

Албетте проблемаларды аныктоо аларды чечүүгө караганда алда канча оңой.

Форумда сөз сүйлөгөн кыргыз өкмөт башчысы Игорь Чудинов Кыргызстан суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу боюнча кызыкдар бардык тараптар менен кызматташууга даяр деп билдирди. Чудинов сууну топтоо, сактоо жана аны коңшуларга берүүгө каражаттын жетишсиздиги жана суу сактагычтагы техниканын эскиргендиги Фергана өрөөнүнүн жарымын каптап калуу коркунучун жаратып тургандыгын белгиледи.

Ири ишкер чөйрөлөр сууну адамдын негизги укугу катары эмес товар катары кароо аракетин көрүп жатышат деген активисттер Стамбулдун көчөлөрүнө нааразылыгын билдирип чыгышты. Алар кээ бир өнүгүп келаткан өклөлөрдө суу ресурстарын менчиктештирип, анан ошол сууну көп улуттук корпорациялар тарабынан элге сатуу практикасын айыпташты.

Корпорациялар элди бөтөлкөлөргө куюлган таза суу менен камсыз кылышат. Бирок аны сатып алууга ар бир адамдын чамасы жетпейт.

  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG