Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:55

Daily Telegraph: Кыргызстан террорчуларга каршы жортуул баштады


Бишкектин четиндеги атайын операция, 6-январь.

Бишкектин четиндеги атайын операция, 6-январь.

Кыргыз күч органдарынын эсктремисттик топторго каршы операциясын батыштык басылмалар да жазып чыгышты.

Лондондо жарык көрчү Daily Telegraph Кыргызстандын жаңы өкмөтү экстремисттик исламчыл топторго караштуу деп шектелген террорчуларга каршы жортуул баштады деп кабарлайт. “Булар Пакистан жана Ооганстандагы лагерлерде машыктырылган экстремисттик топтордун кишилери. Бул кишилер Фергана өрөөнүндө халифат режимин түзгүсү келген радикалдуу диний экстремисттик топтун жоочулары”, - деп айткан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Марат Иманкуловдун айткан сөздөрүнөн үзүндүлөр берилген макалада бийлик чөйрөлөрүнүн баяндоосуна таянуу менен, операцияда набыт кеткен террористтер Ташкенде америкалык элчикананы жардырган жана Германияда жардырууларды пландаган Исламчыл Жихад Биримдигинин мүчөлөрү экени бышыкталат.

Eurasia View сайтында чыккан бир макала дагы Бишкек өкмөтүнүн экстремисттик топторго каршы баштаган жортуулуна арналган. 4-5-январь күндөрү болгон окуялар тууралуу маалымат берилген макалада кыргыз күч органдары жетиштүү далил көрсөтпөй эле куралдуу салгылашууга кирген кишилерди исламчыл экстремисттик бир топко караштуу жоочулар деп билдире салышканы баяндалат.

Түркияда чыгуучу Hurriyet гезити Кыргызстан бир чокуга Россиянын премьер-министри Владимир Путиндин атын бере турганын жазып чыкты. Гезиттин кабарында маалымдалышына ылайык, өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев Чүй облусундагы 4500 метр бийиктиктеги бир чокунун атын “Владимир Путин чокусу” деп атоо тууралуу буйрукка кол койгон. Анын күчкө кирүүсү үчүн парламенттин жактыруусу талап кылынат.

Eurasia View сайтында чыккан дагы бир макалада Интерпол экс-президент Бакиевди кармоо тууралуу Бишкектин сурануусун четке какканы билдирилет. Бишкек Курманбек Бакиев, анын иниси Жаныш жана башка бир канча киши үчүн Интерполго кайрылганы эске салынган макалада Интерпол Кыргызстандын прокуратурасына кат жиберип, Бакиевдин кармалуусу жөнүндөгү талап саясий жүйөлүү экенин жана Интерпол өлкөлөрдүн ички саясий маселелерине кийлигишкиси келбей турганын билидиргени маалымдалат. Макалада көрсөтүлүшүнө ылайык, Интерпол Курманбек Бакиевдин Британияда жашынып жүргөнү болжолдолгон уулу Максимдин кармалуусу тууралуу талапка оң жооп берген.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG