Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:59

РАХАТ АЛИЕВ: «НАЗАРБАЕВ КАЗАКСТАНДАГЫ САЯСИЙ МАФИЯНЫН ПИРИ»


Президент Нурсултан Назарбаевдин мурдакы күйөө баласы Рахат Алиев 15-январда сыртынан 20 жылга соттолгон. Алиевди сот кылмыштуу топту уюштурду, адамдарды талап-тоноду, киши уурдады, өкмөттүк мүлктү натуура пайдаланды деп айыптаган. Австрияда өз ыктыяры менен бозгун болуп калган Рахат Алиев “Азаттыктын” кабарчысы Эржан Карабекке берген интервьюда, ал саясый оюндун курмандыгы болгонун, Казакстандагы саясый оюндарды президент Назарбаев уюштуруп жатканын, экс-кайнатасынын былыктарын жыл аягында чыкчу китепте ашкере кыларын айтты.

Рахат Алиев экс-кайнатасынын саясый кутамдарын ашкерелечү китепти “Мыйзамдуу өкүл ата” деп атаган. Китептин аталышы АКШдагы италиялык мафиянын түптөлүшүн бир үй-бүлөнүн мисалында айтып берген Фрэнсис Форд Копполанын фильминин ысмы менен үндөшүп турат. Ошентип, экс-күйөө бала Казакстандагы саясый мафиянын пири-Нурсултан Назарбаев экенине ачык ишара кылат жана өзүнүн үстүнөн болгон сотту Назарбаевдин планы боюнча өттү деп санайт:

-Бул абсурд театры жана анын режиссеру Астанадагы Акордодо жашаганы белгилүү. Режисер президент Назарбаев экенин дагы бир жолу айтам.

Австриянын соту Алиевдин соту адилетсиз болот деген жүйөө менен, аны өткөн жайда Астанага бербей койгон. Учурда Казакстандын баш прокурорлугу Алиевди өткөрүп алуу үчүн жаңы далилдерди жыйноодо.

Азыр жабык эшик артында жүрүп жаткан экинчи сот жараянында Алиев Улуттук коопсуздук кызматында экинчи жетекчи болуп турганда жасады деген кылмыш иштери каралууда. Андан экс-күйөө бала кабардар экен. Алиевдин айтышынча, ага мамлекеттик сырды сатты, өкмөттүк төңкөрүш жасап, бийликти басып алмакчы болду деген сыяктуу акылга сыйбаган күнөөлөр тагылууда:

-Алар (бийликтер) мени Австриянын жана Кошмо Штаттардын пайдасына шпиондук кылып, аларга мамлекеттик сырды жашырган маалымат берди, атүгүл 2001-жылы өкмөттүк төңкөрүш жасоо үчүн президент Назарбаевди резиденциясында барымтада кармады деген акылга сыйбас айыптарды айтып күнөөлөшүүдө. Абсурд театрында баары мүмкүн.

Алиев былтыр өзүн президент Назарбаевге оппозициядамын деп жарыялаганда, аны казак оппозициясы чанып койгон эле. Анын себеби жөнүндө сураганда, оппозициячыл партиялардын кээ бир лидерлери коопсуздук кызматынын агенттери экенин айтты:

- Оппозициялык партиялардын бир катар лидерлери Улуттук коопсуздук комитетинин агенттери жана алар президенттин администрациясы жазган сценарийди аткарышат.

Алиевдин сөзүнчө, агент-лидерлердин аты- жөнүн, оппозициянын лидери Алтынбек Сарсенбаевди 2006-жылы өлтүрүүнү Акордодон ким буйруганы жөнүндөгү маалыматты “Мыйзамдуу өкүл ата” деген китебинде жарыялайт.

XS
SM
MD
LG