Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:20

Жулиан Ассанж Обаманы эки жүздүү деп сындады


Ассанждын видео кайрылуусунан көрүнүш
Ассанждын видео кайрылуусунан көрүнүш
WikiLeaks долбоорунун негиздөөчүсү Жулиан Ассанж АКШ президенти Барак Обаманын шейшемби күнү БУУнун Башкы ассамблеясында сөз эркиндигин жактап сүйлөшүн эки жүздүүлүк деп сынга алды. Эквадордун Лондондогу элчилигинде жашынып жаткан жеринен видео кайрылуу жасаган Ассанж “буга чейин Американын тарыхында Обамага окшоп сөздү кылмышка теңеген бир дагы президент болгон эмес”,-деп айтты.

Шейшемби күнү АКШ президенти Барак Обама БУУнун жыйынында «Бейкүнөө мусулмандар» тасмасын айыптап сүйлөп, бирок «сөз күнөөсүз адамдардын өлүмүнө алып келбеши керек» деп айткан эле.

Жулиан Ассанж Британия аны сексуалдык кылмышы үчүн Швецияга өткөрүп беришинен коркуп бир нече айдан бери Эквадордун элчилигинде жашынып жатат. Ал өзүнө тагылган айыптарды АКШнын буйругу деп эсептейт. Анын себебин WikiLeaks сайтына Акүйдүн жашыруун документтерин жарыялап жибергени менен түшүндүрөт. Жакында эле Ассанжга Эквадор саясий башпаанек берген.

XS
SM
MD
LG