Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:26

WikiLeaks сайты АКШга тийиштүү дипломатиялык жабык документтердин кезектеги топтомдорун жарыялады.

Бул жолку материалдарда мамлекеттик департамент дүйнөдөгү маанилүү жайларга байланыштуу элчиликтеринен сураткан маалыматтар шардана кылынган. Сынчылар муну менен WikiLeaks өтө эле адисинен ашып кетти, террорчулар үчүн маанилүү буталардын тизмесин көрсөтүп берди дешет.

Мамлекеттик департамент маалымат сураткан обекттер жабык документтерде АКШнын улуттук кызыкчылыктарына байланыштырылып, аларды колдон чыгарып жиберүү өлкөнүн саламаттык сактоо, экономика, ошондой эле коопсуздук чөйрөсүндөгү абалына олуттуу зыян келтире турганы айтылат.

Тизмеге дүйнөдөгү газ, мунай куурлары, байланыш жана коммуникация системалары, ири транспорт түйүндөрү киргизилген. Канададан тартып Британияга, Кавказдан Жакынкы Чыгышка, Африкадан Кытайга чейинки аймактардагы бараандуу инфраструктуралар АКШ үчүн стратегиялык мүнөздөгү обекттер катары сыпатталган.

Башка жайлар менен бирге Конгодогу кобальт металлдарын чыгаруучу завод, Австралиядагы жылан уусуна каршы дары жасоочу ишкана, Даниядагы инсулин заводу көрсөтүлгөн.

Британиядан тизмеде бир нече ишкана аталган. Алардын арасында коммуникациялык спутник системасы жайгашкан жай, трансатлантикалык байланыш зымдары өткөн жер сыяктуу мерчемдүү инфраструктуралар бар. Мындан тышкары британдыктардын BAE Systems коргоо компанияларына караган айрым ишканалар да АКШ үчүн маанилүү деп бааланат.

Документтердин географиялык масштабы таң калтырат. Айрым жайларга өзгөчө маани берилген. Мисалы, Россиянын Ямал-Ненец автоном округунан Батыш Европага чейин созулган "Дружба" газ кууру "дүйнөдөгү ашкере маанидеги обект" деп аталган.

Шардана болгон документтерге караганда мамлекеттик департамент АКШ үчүн дүйнөдөгү маанилүү бардык обекттердин тизмесин түзүүнү элчиликтерден 2009-жылдын февралында талап кыла баштаган.

Бир катар сынчылар WikiLeaks бул жолу дүйнөдөгү эң маанилүү инфраструктуралардын тизмесин жарыялап, өтө эле чийинден чыгып кетти, шардана кылынган обекттердин баары эми экстремисттердин бутасына алынат жана муну менен сайт террористтерге жардам берди деп эсептешет.

Сайтка жана анын ээси Жулиан Эссанжга АКШда азыр кылмыш иши ачылды. Буга чейин WikiLeaks жарыя кылган 250 миңден ашуун документтер сайттын колуна кантип тийип калганы ийне-жибине чейин иликтенет.

Австралиянын федералдык башкы прокурору Роберт МакКлелланд WikiLeaks сайтынын ээси Эссанжга өлкөнүн жараны катары консулдук жардам көрсөтүлө турганын ырастады.

"Биздин өлкөнүн жараны катары ал Австралияга кайтып келгенге да укугу бар, бул турган сөз, -деп айтты федералдык прокурор. - Ошол эле учурда Австралия өзү кол койгон келишимдерге ылайык сайттын ээсине каршы козголгон кылмыш иштерин иликтөөдө АКШ, Британия жана башка өлкөлөр менен кызматташканга милдеткер".

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG