Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:07

«Викиликс» АКШ - Борбор Азиянын ортосун кантип бузат?


"Викиликс" сайтынын негиздөөчүсү Жулиан Ассанждын аталган сайттагы сүрөтү.
"Викиликс" сайтынын негиздөөчүсү Жулиан Ассанждын аталган сайттагы сүрөтү.

Чуулгандуу "Викиликс" интернет сайты АКШнын өзбек, тажик президенттери боюнча жашыруун телеграммаларын ачыкка чыгарды.

Алардын биринде Өзбекстанда коррупция өтө терең тамыр жайганы жана өкмөт уюшкан кылмыштуулук менен байланышта экени айтылат. Ал эми Тажисктанга байланыштуу президент Эмомали Рахмондун ачкөздүгү, тууганчылдыгы жана коррупциялашканы жөнүндө айтылат. Викиликс жарыялаган соңку маалыматтар АКШнын бул өлкөлөр менен алакасына, сөз эркиндигине, ансыз да куугунтуктоолор шартында иштеген укук коргоочулардын абалына кандай таасир тийгизиши мүмкүн?

Ачыкка чыккан телеграммалар АКШ менен өзбек президенти Ислам Каримовдун өкмөтүнүн ортосундагы алаканын канчалык татаал экендигин көрсөтөт.

Викилиикс Ройтерс агенттигинин карамагына берген телеграммалардын биринде өткөн жылы АКШнын мамкатчысы Хиллари Клинтон өзбекстандык укук коргоочу Мутобар Тажибаевага «Эр жүрөктүүлүк үчүн» сыйлыгын тапшыргандан кийин, президент Каримов АКШнын Ооганстанга жүк ташыган жолун бууп салам деп коркутканы айтылат.
Ислам Каримов

Анда 2009-жылдын мартында Каримов АКШнын Ташкендеги элчиси Ричард Норландды чакырып алып, Клинтондун кадамына катуу нааразы болгондугу айтылат. Норланд Каримовду жайгарууга аракеттенет, бирок Вашингтонго «Каримовго эл алдында ачык кысым көрсөтүү бизди транзиттик жолдон айрылтып коёру ачык» деген телеграмма урат.

Азыр Парижде жашаган Мутабор Тажибаевага телфон чалганымда, ал Викиликстин соңку жарыясы тууралуу биринчи болуп "Азаттыктан" угуп жатканын билдирди, бирок ал Клинтондун сыйлыгы эки ортого от жагаарын мурда эле сезгенин мындайча баяндады:

- Мен муну түшүнгөм, анткени мен франциялык сыйлык алганымда да салтанатка Өзбекстандын Франциядагы элчиси да катышкан. Ал ошол жерден Франциянын Өзбекстандагы элчисине катуу тийген. Кийин мага америкалык сыйлык берилгенден соң, өзбекстандык маалымат каражаттарында Хиллари Клинтон менен (АКШнын биринчи айымы) Мишел Обаманы «кылмышкерге сыйлык берип, аны менен кол алышты» деп жаманатты кылган өнөктүк болгон. Бирок ушул сыйлыктын айынан Каримов маселени мына ушул деңгээлде талкуулайт деп ойлогон эмесмин.

Викиликс ачыкка чыгарган соңку телеграммалардын дагы биринде Өзбек өкмөтү менен уюшкан кылмыштуулуктун «өтө жакындашып» кеткени жана кызмат орундагы кадимкидей эле сатылаары айтылат. 2005-жылдагы Анжиян кыргынындагы укук коргоо ишмердиги үчүн камалып, 3 жылга чукул түрмөдө жатып чыккан Тажибаева Викиликстин жашыруун дип-кабарларды жарыялап жатышын эң туура деп эсептейт:

- Мындай окуялардын, чындыктын бети ачылганы абдан жакшы деп ойлойм. АКШ, Евробиримдиги сыяктуу өлкөлөрдөгү дипломатиянын күңгөй-тескейин билип жатабыз.

Азыр ачыккан чыккан жашыруун кат-кабарларда өзбек президентинин кызы Гүлнара Каримова тууралуу да көп нерселер айтылат. Мисалы ал «Өзбекстандагы эң жек көрүндү адам» деп сүрөттөлөт. 2004-жылдагы дагы бир телеграммада Гүлнара Каримова эң кирешелүү ишканалардын акцияларын өз колуна алып алганы билдирилет.

Эмомали Рахмон
Викиликст Гардиан гезитинин карамагына берген соңку телеграммаларда Тажикстанга байланышкан кат-кабарлар да бар. Аларда америкалык дипломаттар Борбор Азиянын эң жарды өлкөсүнүн өкүттүү абалын сүрөттөшөт. «Өлкө жер титирөөлөрдөн, суу ташкындардан, кургакчылыктан, кара коңуздан жана аба-ырайынын кескин өзгөрүшүнөн жапа чегээри», анын айланасындагы мамлекеттерде да көп проблемалар бар экени белгиленет. Бирок дипломаттар өлкөнүн өнүгүшүндөгү эң башкы тоскоолдук - президент Эмомали Рахмон экенин жазышкан. «Рахмон бала-чака, урук-туугандары менен өлкөдөгү ири бизнестердин басымдуу бөлүгүн көзөмөлдөп турат, экономикага кандай залал келсе да, ал өз ишкер кызыкчылыгын баарынан өйдө коёт» деп айтылат телеграммалардын биринде.

Америкикалык дипломатиянын борбор азиялык бийлик ээлерин безге сайган мындай жашыруун каттары эки ортодогу алакага кандай таасир тийгизет? Байкоочулардын болжолунда, Викиликстин жарыяларында анчейин деле чуулгандуу маалымат жок жана эки ортодогу алакарда «муз доору» башталат дет чочулоого негиз аз.
Надежда Атаева

Надежда Атаева штаб-квартирасы Францияда жайгашкан «Борбор Азиядагы адам укуктары» биримдигинин жетекчиси. "Азаттык" менен маегинде ал АКШнын Өзбекстан менен алакасында чоң деле өзгөрүү болбой тургандыгын мындайча билдирди:

- Албетте 2004-жылдагы, 2005-жылдын май айындагы Анжиян окуясына чейинки мамилени эске алганда, эч нерсе деле өзгөрбөйт. Ортодогу өз ара ишенбөөчүлүк кала берип жатат. Эки тарап тең кызматташтыкка кызыгат. Бирок америкалыктарга Каримов менен мамиле түзүш өтө кыйын. Алар сөз эркиндигине артыкчылык беребиз дейт, анысы кайра өздөрүнүн геосаясий кызыкчылыгына каршы келет. АКШ Борбор Азиядагы окуяларда таасирдүү рол ойноого кызыгат. Кыргызстандын түштүгүндөгү окуялардан кийин Өзбекстандын сөзү салмактуу болуп калды. Айтор эки жак тең бул телеграммалардын айынан тирешүүгө барбайт. Андай учурдун убагы өтүп кетти.

Ал эми кыргызстандык саясатчы Эдил Байсалов Викиликс жарыялап келаткан америкалык дипломатиянын жарышуун кат-кабарларында орток мамилелерди «жардырып» жибере тургандай деге өзгөчөлүү маамымат жок деп эсептейт. Викиликс сайты тарабынан жакында АКШнын Бишкектеги элчилиги менен экс-президент Бакиевдин уулу Максим Бакиев менен жолугушуусу тууралуу маалымдама ачыкка чыккан эле. Анда Максим Бакиевдин өзүн чоң оюнчу көрсөткүсү келген бой көтөргөн жүрүм-туруму, ал кездеги тышкы иштер министри Кадырбек Сарыбаевдин Максимдин көзүнүн агы менен айланган коркок-билиш мамилеси сүрөттөлгөн.
Эдил Байсалов

"Айкөл-Эл" партиясынын жетекчиси, мындай телеграммалардын калың элге маалым болушу АКШнын беделин көтөрсө көтөрөт, залака келтирбейт деп эсептейт:

- Кошмо Штаттары чоң зыян тартабыз деген ойдо эмес, тескеричинеч эми, «мына, бизди Максим Бакиевдин жетегинде калгансыңар деп сындачу элеңер, андай эмес экенин көрүп жатасыңар» деп айта алышат. Жакынкы Чыгышта Саударабия АКШны «Иранды бомбала» деп сурагандай сенсация деле жок. Эгер борбор азиялык лидерлер бир бирин жамандаган болсо, балким ошол чуулган салат. Болбосо, коррупция тууралуу айтылган сөздөр баарыбызга эбактан эле белгилүү.

XS
SM
MD
LG