Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:38

Астанада Сирия боюнча эл аралык сүйлөшүү башталды


23-январда Астанада Сирия боюнча көп тараптуу сүйлөшүүлөр башталды. Орусия, Иран жана Түркия сүрөөнгө алган жыйынга Сириянын оппозициясы жана өкмөт өкүлдөрү катышууда. АКШ болсо делегация жөнөтпөсүн, Казакстандагы элчи катышарын билдирди. Жолугушуу буга чейин жетишилген ок атышууну токтотуу келишимин бекемдөөнү көздөйт.

Орусия, Түркия жана Ирандын делегациялары Казакстанда Сирия боюнча тынчтык конференциясынын алдында ыктымал кол коюлчу документтерди иштеп чыгуу үчүн жолугушууда. Президент Башар Асад жана оппозициялык топтор ортосундагы ок атышууну токтотуу келишимин бекемдөөнү көздөгөн сүйлөшүүлөр Астанада башталды.

БУУнун Сирия боюнча чабарманы Стаффан де Мистура жыйынды "позитивдүү демилге” катары кубаттады. Сирия оппозициясы 50 чакты кишиден турган делегациясын жиберерин билдирген.

"Интерфакс" кабар агенттиги оппозициядагы булактарга таянып маалымдагандай, алар Сирия өкмөттүк делегациясында мурда макулдашылгандай аскерий адамдар эмес саясатчылар үстөмдүк кылганына нааразы болушууда.

Бирок Сирия оппозициясы менен өкмөт өкүлдөрүнүн тикелей кездешүүсү болбойт деп айтылып келатат.

- Бул жерде эки маселе талкууланууга тийиш. Биринчиден, Түркия жана Орусия ок атышууну токтотуу боюнча өткөн 30-декабрда кол койгон келишим бекемделип, Сириянын бүт аймагына жайылгыдай кылыш керек. Ошол эле маалда Сирия режими жана Иран ок атышууну бузган учурларга көңүл буруш керек, - деди Сирия оппозициясынын делегациясынын маалымат өкүлү Яхья ал-Ариди.

Сүйлөшүүлөр Дамаск өкмөтү Орусиянын жардамы менен Алеппо шаарын кайтарып, өзүн ишенимдүү сезе баштаган маалга туш келүүдө. Ошол эле учурда шаарды колдон чыгарып, бир катар лидерлери каза тапкан оппозиция ого бетер бөлүнүп-жарылып калды. Түрдүү байистүү жана экстремисттик көз караштарды карманган топтордун башын бириктирүү аракетинен майнап чыкпай келатат.

Ал эми АКШнын атынан жыйынга Казакстандагы элчи Жорж Крол катышары белгилүү болду. Казак баш калаасына делегация жөнөтүлбөсүн Мамлекеттик департамент 21-январда жаңы президент Доналд Трампа ант берип расмий ишке киришкендин эртеси билдирди. Жаңы администрациядагы кызматтарга, элчиликтерге дайныдалгандардын бир тобу мыйзам чыгаруучулардын элегинен өтүүгө тийиш. Мамлекеттик катчылыкка да талапкер бекитиле элек. Элчи Кролду мурдагы президент Барак Обама 2015-жылы дайындаган. Ага чейин Өзбекстан, Беларуста элчи, анын астында болсо тышкы иштер мекемесинде Орусия бөлүмүндө, Москва, Киев, Варшавадагы элчиликтерде иштеген.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 20-январда Трамп Астанага Жакынкы Чыгыш боюнча эксперттерди жиберет деп үмүт артып турганын айткан:

- Дональд Трамп шайлоо кампаниясы маалында жана шайлангандан кийин эл аралык аренадагы артыкчылыктарынын бири адамзатка эң чоң террордук коркунуч жараткан “Ислам мамлекети” радикал тобуна каршы күрөштү атаган эле. Биз бул позицияны бөлүшөбүз. Эл аралык кызматташтыктын, бардык оюнчулардын аракеттерин координациялоонун жаңы шарттары натыйжалуу өнүгөт деп үмүттөнөбүз.

Ошол эле күнү БУУнун Коопсуздук кеңеши тынчтык жыйынына колдоосун билдирүү менен бирге ал Улуттар уюму баштаган сүйлөшүүлөрдү сүрүп салбоого тийиш деп белгилеген.

Буга чейин Батыш өлкөлөрү Астана жолугушуусунун максаты боюнча көптөгөн суроолорду козгоп келишкен. Казакстандын тышкы иштер министрлиги сүйлөшүүлөр 24-январда түштөн кийин аяктайт деп күтүлүп жатканын билдирди.

Ал тапта катардагы сириялыктар сүйлөшүүлөргө чоң үмүт артып жатышканын айтышат.

Алты жылдан бери уланып келаткан жарандык согуш 300 миңден ашуун кишинин өмүрүн алып кетти, Сирия калкынын жарымы жер которууга мажбур болгон.

XS
SM
MD
LG