Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:39

My cargо компаниясы кулаган учактагы жүк Стамбулга баратканын билдирди


Кыйраган учак.
Кыйраган учак.

Бишкектин четинде кулаган Боинг – 747-400 учагынын ээси, My cargо түрк компаниясы Гонконгдон келаткан жүк Стамбулга багытталганын билдирди. Компаниянын жетекчи орунбасары Хамза Тыглай Бишкекте журналисттерге маалымат берип жатып:

- Гонконгдон келаткан жүк Бишкекке эмес, Стамбулга бараткан эле. “Манас” аэропортуна май куйганы жана экипажды алмаштырганы конууну максат кылган. Стамбулга деле түз учушубуз мүмкүн, бирок оор жүк менен сөзсүз май куйдуруп, ошол эле учурда экипажды алмаштырыш керек,- деди.

My cargо компаниясынын мурдагы аталышы AST airlines экени такталып, бул ишкана 18-январда берген маалыматында жүк Бишкекке келатканын айткан.

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев да компаниядан ушундай кат алганын билдирип, анын чоо-жайын иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлгөн.

Өкмөт өкүлдөрү, “Манас” аэропортунун жетекчилиги жүк Кыргызстанга келатканы тууралуу маалыматты төгүндөшкөн.

16-январдагы учак апаатынан 38 адам көз жумду. Алардын төртөө экипаж мүчөлөрү, калгандар айыл жашоочулары. Мерт кеткендердин 17си балдар. Ондон ашуун адам жараат алып, ооруканага түшкөн. 19 үй таптакыр кыйраган. Дагы бир катар турак-жайларга зыян тийген. Үй-жайсыз калгандар Бишкектеги “Семетей” мейманканасында баш калкалап жатышат. (SE)

XS
SM
MD
LG