Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:44

Кыздарды майып кылган эски жөрөлгө


Аялдарды дискриминациялаган адатка каршы үгүт плакаты
Аялдарды дискриминациялаган адатка каршы үгүт плакаты

Кыздардын жыныстык органын тилип, ырымдоо көпчүлүк тарабынан Африка өлкөлөрүнө таандык көрүнүш катары каралып келгени менен укук коргоочу активисттер, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү мындай практика Ирак менен Ирандын күрттөр жашаган аймактарында жайылганын айтышууда.

Өзүн Тахерех деп атаган ирандык аял арадан 45 жыл өтсө да ал күндү унутпайт. Ошол психикалык жана физикалык жарака алиге чейин айыгалек.

- Биз 5 эже-сиңди болчубуз. Эмне болуп атканын түшүнгөн жокпуз. Ошондо 2, 3, 4 жашта болчубуз. Апам үйгө бирөө келатат деп айтты. Анан бардыгыбызды алып, операция жасашты.

Азыр 48 жаштагы Тахерех Ирандын күрттөр жашаган аймагында адатка айланган кыздардын жыныстык органдарын тилип ырымдоо же медициналык тил менен айтканда клитероктемияга туш болгон.

Андай салт Түндүк Африка, Азия жана Жакынкы Чыгыштын кээ бир өлкөлөрүндө илгертеден бар. Маалыматтарга караганда дүйнөдө 100 миллиондон ашуун кыздар ошондой ырымды баштан кечирген. Адистердин айтымында, операция психикалык травмаларга, инфекцияларга, айрым учурларда төрөбөстүккө алып келет. Ал көпчүлүк учурда антисанитардык шарттарда, үйдө жасалаарын айта кетели.

Эларалык коомчулук клиторектомияны адам одоно бузган аялдарга жана балдарга каршы дискриминация деп эсептейт.

Иран менен Ирактын күрттөр отурукташкан аймактарында бул практиканы жактагандар ал аялдардын сексуалдык каалоолорун көзмөлдөйт жана аларды тазартат дешет. Операциядан өтпөгөн аялдар даярдаган тамак-аш арам деп саналат.

Жергиликтүү активист аялдардын болжолунда күрттөрдүн айыл кыштактарында ал адатка туш болгон кыздардын саны арбын. Ирандын Күрдистан чөлкөмүндө жайгашкан “Сексуалдык зомбулукка каршы комитет” чакан изилдөө жүргүзө алган. Анын мүчөсү Паривн Захиби буларды айтат:

- Досторумдун бири Пираншар деген жердеги мектепте сурмажылоо өткөргөн. Бир класстагы 40 окуучунун ичинен 38и жергиликтүү кыздар экен. Алардын 36сы операциядан өтүптүр. Биз иликтеген жерлерде андай учурлар абдан көп жолугат.

Ирактын Күрт автономиясында бир нече жылдан бери иштеп келаткан германиялык бейөкмөт уюмунун жетекчиси Томас Фон Дер Отсен-Сакендин айтымында, клитероктемия региондо кеңири жайылган:

- Ирак менен Ирандын күрт аймактарында операциядан кыз-келиндердин 60 проценти өткөнүн айтсам жаңылышпайт болуш керек.

Айрым жерлерде аны салт катары баалашса, кээ бирлери динге байланыштырышууда. Арийне Куранда аялдардын сүннөтү жөнүндө сөз жок. Бир катар өлкөлөрдө операциядан өткөн кыздар гана күйөөгө чыга алат. Кээде бул - ден соолук үчүн пайдалуу деген жаңылыш пикирди укса болот.

Фон Дер Остен-Сакендин айтымында, клитероктемияга каршы күрөш жаштар, күрт интеллектуалдары, айрым саясатчылар арасында колдоо табууда. Захиби болсо илгерки салттан арылуу үчүн элге көбүрөөк маалымат берип, агартуу иштерин жүргүзүү зарыл деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG