Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:53

Аялдардын дискриминациясы ар бир өлкөдө кеңири тараган


Ооганстанда 24-ноябрда үй-бүлөөдөгү зомбулук боюнча семинар уюштурулду
Ооганстанда 24-ноябрда үй-бүлөөдөгү зомбулук боюнча семинар уюштурулду

Кечээ Аялдарга каршы зомбулукту жоюунун эл аралык күнү белгиленди. Улуттар уюму мындан 10 жыл илгери кабыл алган резолюция дүйнө мамлекеттерин, эларалык жана бейөкмөт уюмдарды, жалпы коомчулукту уруп-сабоо, психологиялык кемсинтүүдөн жапа чеккен аялдардын проблемаларына көңүл бурууга үндөйт. Маалыматтарга караганда, дүйнөдө ар бир үчүнчү аял токмок жеген, жыныстык катнашка мажбурланган же зомбулуктун башка түрүнө кабылган.

“Биздин максат айдан ачык: аялдарды зордуктоону согуш куралы катары колдонуу, үй-бүлөдөгү зомбулук, аялдарды сойкулукка сатуу жана башка кылмыштарга чекит коюу керек. Зомбулукту түп тамыры менен жоюу үчүн дискриминацияны, ага алып келген ой-жүгүртүүнү жок кылуу зарыл”, - деп билдирди БУУнун баш катчысы Пан Ки Мун шаршембиде.

Уюмдун 1999-жылдын 17-декабрында кабыл алынган декларациясы 25-ноябрды аялдарга каршы дискриминацияны жоюу күнү деп белгилеген.

Аялдардын Өнүгүү фонду тараткан маалыматка ылайык, дүйнөдө ар бир үчүнчү аял токмок жеген, жыныстык катнашка мажбурланган же зомбулуктун башка түрүнө кабылган. Үй-бүлөдөгү зомбулук адам укуктарын бузуунун эң кеңири тараган формасы катары аталып жүрөт. Аялдардын өмүрү жана ден соолугу рак, безгек өңдүү дарттар, жол кырсыктары, согуштарга караганда уруп сабоолор коркунучуна көбүрөөк кабылат, - дешет адистер.

Өз үй-бүлөөсүндө чоң муштум эркектен таяк жеген аялдарды ар бир өлкөдө четинен жолуктурса болот.

Киевде жашаган 35 жаштагы Олена 10 жыл күйөөсүнүн уруп сабоолоруна чыдап жүргөнүн айтат:

- Уулубуз бирге чыккан күнү мени сынган кабыргаларым менен ооруканага жеткиришти. Өпкөм жабыркап, мээм чайпалыптыр. Мындай жорукту унутуу жана кечирүү кыйын болгону менен бала үчүн күйөөм менен жашап жүрдүм. Азыр ажырашканбыз. Ал баланы тартып алам деп дагы эле коркутууда.

Азербайжандык Мехрибон атуу келин 20 жашта гана болгону менен 3 жыл бою күйөөсүнүн үйүндө таяк жеп жүрдү:

- Боюмда бар кезде да колу тийчү. Кайненем да сабачу. Бир жолу ушунчалык токмоктошту, 10 күндөн кийин төрөп койдум.

Мехрибон күйөөсүнөн кетип, азыр адам укуктарын коргоо иштери менен алектенет. Ал мындан кийин күйөөгө чыкпайм деп өзүнө сөз берди.

Кээде аялдар аталары, эркек бир туугандары тарабынан кемсинтүүгө, зордукчул мамилеге туш болушат.

"Азаттыктын" Молдовадагы кабарчысы үй-бүлөдөгү зомбулуктан жабыркаган аялдар үчүн түзүлгөн жайда 5 жашар кызы менен баш калкалаган бир аялды сөзгө тартты. Аны өз атасы кызы менен кошо сабачу экен.

- Кайда бармак элек. Милиция чакырсам келип, тартипке чакырышаары анык. Кагаздарын толтуруп, айып пул да төлөттүрмөк. Алар кеткенден кийин кайрадан эле атам менен калмакбыз. Ал ого бетер ачууланып, өлгүчө сабамак.

Европа биримдигине кирүүгө умутулуп жаткан Хорватияда 2006-жылдан бери жакындарынын колунан 34 аял жан берди. Азра аттуу келин күйөөсүнөн качып, бейөкмөт уюм негиздеген интернатта жашап жүрөт. Бирок ал иш тапкычакта деп эки баласын атасы менен калтырып кеткен.

- Ал мени психологиялык, финансылык жактан кемсинтип, колу да тийчү. Ал иштечү, мен болсо үйдө отурчумун. Көп убакытта сабачу. Бирок дайыма из калбаган жерге урчу. Бир күнү чыдамым кетти. Качып кутулбасам, өлөм деп ойлодум. Ал өлтүрбөсө да, өз жанымды өзүм кыймакмын.

Аялдарга каршы зомбулукту жоюу күнүн утурлай Лондондо жайгашкан Эмнести Интернешнл уюму Тажикстандагы аялдардын абалы боюнча баяндамасын жарыялады. Анда аялдардын дээрлик жарымы барган жеринин кулдарына айланат, күйөөсүнөн гана эмес, кайындарынан да жапа чегишет делинет.

Уюм Тажик бийликтерин аял затынын өкүлдөрүн коргоо үчүн жетиштүү чара көрбөй жатат деп сындады. Баса, укук коргоочулар Кыргызстандагы кыз ала качуу салтын дискриминациянын олуттуу бир түрү катары сыпатташат.

XS
SM
MD
LG