Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:49

Дүйнөдө өзөктүк куралдын саны акырындык менен кыскарууда. Бирок, ошол эле учурда алар жаңыланып, куралдын бул эң опурталдуу түрүнө бир топ инвестиция да жумшалып жатат.

Мындай тыянак Тынчтыкты изилдөө боюнча Стокгольмдо жайгашкан эл аралык институттун жаңы баяндамасында айтылды.

Дүйнө өлкөлөрүнүн колундагы өзөктүк куралдын санына ырааттуу байкоо салып келаткан бул иликтөө уюмдун эсебинде, акыркы бир жылда өзөктүк дүрмөттөрдүн саны 455ге кыскарды.

Тынчтыкты изилдөө боюнча Стокгольмдогу институттун улук иликтөөчүсү, баяндама авторлорунун бири Шэннон Кайл (Shannon N.Kile) “Азаттык” менен маегинде буларга токтолду:

-Албетте бул өзөктүк куралсызданууну карай жылыш жана дүйнөдө өзөктүк дүрмөттөрдүн жалпы саны азайып жатканы жакшы нерсе. Алардын санын биз бүгүн 15395 деп эсептедик. Бул сан акыркы он жылда, ошондой эле "Кансыз согуш" доору аяктагандан бери туруктуу негизде кыскарууда. Салыштырып көрөлү, 1980-жылдардын орто ченинде дүйнөдө 70 миңдей өзөктүк дүрмөт болгон. Андыктан, акыркы 30 жылда кыскаруу абдан эле жакшы кетти. Бирок, ошол эле учурда биздин баяндамабызда көрсөтүлгөндөй, өзөктүк куралы бар деп болжолдонгон тогуз мамлекеттин баары тең келечекте куралдын бул түрүнөн баш тартышпай турганы анык. Алар тескерисинче өзөктүк куралын модернизациялоо программасын жүргүзүп жатат же модернизациялоо программасын жарыялашкан. Башкача айтканда, өзөктүк курал алардын улуттук коопсуздук саясатынын борбордук багыты бойдон калып жатат. Ушулардын баарын эске алганда мен биздин баяндаманын жакшы жаңылыгы – өзөктүк куралдын саны азайып жатканы, жаман жаңылыгы – биз жаңы өзөктүк куралга ээ боло турганыбыз деп айтар элем.

Баяндама авторлору ачык булактардан, өкмөттүк документтерден, адистерден чогулган маалыматтар боюнча ошол 15395 өзөктүк дүрмөттүн 4120сы жайгаштырылган.

Стокгольмдогу институттун чечмелөөсүнө караганда, өзөктүк куралдын жайгаштырылуусу өзөктүк дүрмөттөр ракеталарга коюлган же армиялык базаларда орнотулган дегенди туюндурат.

Дүйнөдөгү өзөктүк дүрмөттөрдүн 93% АКШ менен Орусиянын үлүшүнө туура келет. АКШда быйылкы жылдын башына карата тактикалыктардын санын кошкондо өзөктүк дүрмөттөрүнүн эсеби 7000ге жетти.

Булардын 1930у жайгаштырылган. Орусия болсо баарын кошкондө 7290 өзөктүк дүрмөткө ээ жана булардын 1790у жайгаштырылган.

Москва менен Вашингтон өзөктүк дүрмөттөрдүн санын кыскартууну караган акыркы START келишимине 2010-жылы кол койгон эле, ага ылайык алардын ар биринде 1550дөн гана дүрмөт калышы керек.

Тынчтыкты изилдөө боюнча Стокгольмдогу институттун улук иликтөөчүсү Шэннон Кайл (Shannon N.Kile) АКШ менен Орусия келишим боюнча милдеттенмелерин акырындык менен аткарып жатканын белгилеп, дүрмөттөрдүн саны боюнча келишим менен алардын баяндамасындагы ажырымды мындайча түшүндүрдү:

- Акыркы убакта кичинекей техникалык маселелер чыкты. Бирок, эки тарап тең келишимди акырындык менен аткарууда. Алар өз милдеттенмелеринин аткарылышы талап кылынган мөөнөт катары 2018-жыл көргөзүлгөн. Менимче, бул жагынан кандайдыр бир проблема болбосо керек. Маселе, акыркы келишим аткарылгандан кийин эмне болоруна байланыштуу. Алар кыскартууну андан ары улантышар –улантышпас. Эске алып коюучу маанилүү жагдай, АКШ менен Орусиянын өзөктүк дүрмөттөрдү кыскартуу боюнча келишими аларды башкача жол, башкача ыкма менен санайт. Андыктан, келишимдеги көрсөткүчтөр өзөктүк дүрмөттөрдүн актуалдуу саны менен шайкеш келе бербейт.

Орусия менен АКШдан кийин эле өзөктүк дүрмөтү көп өлкө - Франция. Тынчтыкты изилдөө боюнча Стокгольмдогу институттун эсебинде Франциянын 300, андан кийин Кытайдын 260, Британиянын 215, Пакистандын 110-130, Индиянын 100-120, Израилдин 80, Түндүк Кореянын 10дой өзөктүк дүрмөтү бар.

Баяндамада көрсөтүлгөндөй, маселен, Индия өзөктүк курал алып жүрүүгө жөндөмдүү баллистикалык ракеталарын өнүктүрүп, плутоний өндүрүшүн тездетүүдө.

Анын аймактагы атаандашы Пакистан Индиянын аракетине жооп кылып, согушта колдонулуучу өзөктүк куралын өнүктүрүп жатат:

- Менимче, алдыда өзөктүк дүрмөттөрдүн саны кыскарбай, токтоп калган да учур болушу мүмкүн. Мисалы, жаман жаңылыктардын дагы бири - Индия менен Пакистан азыр өзөктүк арсеналдарынын көлөмүн мүмкүн болушунча кеңейтүү багытында иштеп жатканы. Түндүк Корея суроо алдында, бирок ал да өзөктүк жана баллистикалык ракета программасына бир топ ресурс жумшап жатат. Азыр анык болуп турган нерсе – президент Барак Обама 2009-жылы Прагада айткан көз карашка - дүйнө өзөктүк куралсыз жашаган мезгилге али узак-узак убакыт бар, - деди Тынчтыкты изилдөө боюнча Стокгольмдагы эл аралык институттун улук иликтөөчүсү Шэннон Кайл.

Бул иликтөө уюмдун баяндамасында өзөктүк куралы бар өлкөлөрдүн көбү маалымат берүү жагынан “ачык-айкын” эместиги да белгиленген.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG