Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:56

Македонияда саясий кризис уланууда


Скопьеде нааразылыкка чыккандар, 13-апрель, 2016
Скопьеде нааразылыкка чыккандар, 13-апрель, 2016

Скопьеде жаалданган адамдардын тобу президенттик администрациянын кеңсесинин эшик-терезесин талкалап, имараттын ичине чейин кирип барышты. Президенттин миңдеген адамдардын телефон сүйлөшүүлөрү мыйзамсыз жазылганы боюнча иликтөөнү токтоткону нааразылыкка түрткү болду.

12-апрелде президент Георге Иванов элине телекайрылуу менен чыгып атайын иликтөө соңуна чыкканын, мыйзамсыз телефон тыңшап, 20 миңдей кишинин сүйлөшүүсүн жазууга шектелген экс-премьер-министр Никола Груевски баштаган 50дөн ашуун мамлекеттик кызматкерге кечирим берилгенин айткандан кийин нааразылыктын толкуну кайра күчөдү.

Скопьеде парламент имаратына чабуул коюуга ниеттенген демонстранттар 5-июнга белгиленген шайлоону токтотууну, президенттин кызматтан кетишин жана жаңы техникалык өкмөт курууну талап кылууда.

Македониянын президентинин мыйзамсыз телефон тыңшоолорду иликтөөнү токтоткон чечимин Европа Биримдиги менен Кошмо Штаттар дагы сындады.

Евробиримдиктин тышкы иштер мекемесинин башчысы Федерика Могерини Македониянын президентинин шектүү аткаминерлерге кечирим бергени “эл аралык коомчулуктун колдоосу менен өлкөдө мыйзам үстөмдүгүн орнотуу аракетин кооптуу жагдайга кептейт” деп айтты.

Биримдикти кеңейтүү боюнча комиссар Йоханенс Хан “Эки күндөн берки кырдаал чындыгында оорлошуп баратат. Бардык саясий лидерлерди маңдай-тескей отуруп сүйлөшүп, таза жана адилет шайлоо өткөрүүгө көңүл бурууга чакырат элем”,деп "Азаттыкка" сүйлөдү.

Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаментинин 13-апрелдеги билдирүүсүндө президент Ивановдун соңку кадамдарына Ак үй “чындап тынчсызданып” турганы айтылып, бул “коррупцияга баткан аткаминерлерди коргоп, Македониянын элинен чындыкты жашыруу” деп баа берилет.

Билдирүүдө ошондой эле иликтөөнү сотко жеткирбей токтотуу Македониянын “НАТО менен Евробиримдиктин алдында алган милдеттенмелери менен фундаменталдык баалуулуктарына” шек келтирери айтылат.

Кошмо Штаттардын Македониядагы элчиси Жесс Бейли президент Ивановдун чечими мөөнөтүнөн мурда өтчү шайлоого гана эмес, бул өлкөнүн НАТО менен Евробиримдикке мүчө болуу аракеттерине залакасын тийгизерин эскертти.

Зордук-зомбулук коштогон протесттер

Македонияда бийликтин бийик сересиндегилер аралашкан чырлуу иште 20 миңдей кишинин, анын ичинде кеңири кулач жайган коррупция менен көз боёомочулуктун бетин ачкан саясатчылар, журналисттер жана кызматкерлердин телефон сүйлөшүүлөрү жазылган.

Чырдын башы өткөн жылдын февраль айында тутанып, саясий түс алган соң массалык нааразык туудуруп, мындай ишти уюштургандарды жоопкерчиликке тартуу талабы коюлган.

Президент Иванов иликтөө аяктады деп жарыялап, шектүүлөргө кечирим бергенин айткандан кийин нааразы болгондор президенттин кеңсесинин алдына топтолуп, жумуртка ыргыта баштаган. Андан соң экс-премьер башында турган бийликтеги партиянын баш кеңсесинин жанында демонстранттар менен полиция кагылышкан. 13-апрелде жаалданган адамдар президенттик администрациянын имаратынын эшик-терезесин талкалап, ичиндеги эмерегин көтөрүп чыгышкан.

Саясий кризистин башталышы

Телефондорду жашыруун тыңшап, сүйлөшүүлөрдү жаздырып алуу боюнча премьер-министр Груевски жетектеген өкмөттү биринчилерден болуп оппозициялык лидер Зоран Заев айыптап чыккан.

2015-жылдын майында башталган бийликке каршы демонстрацияларда полиция менен демонстранттар кагылышып, бир нече киши жараат алган. Чуулгандуу окуянын бети ачылган соң бир катар мамлекеттик кызматкерлер иштен кеткен.

Премьер-министр Груевски оппозиционер Заев аны жана өкмөттү атайын каралап жатканын айтып, кызматтан кетүүдөн баш тарткан. Оппозициялык саясатчыга болсо январь айында өкмөттү кулатууга аракет жасаган деген кине коюлган.

10 жыл өкмөт башында турган Груевски январь айында Евробиримдиктин ортомчулугу менен сүйлөшүүлөрдөн кийин гана кызматтан чегинген. Андан соң парламентти таратып, мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү сунушталган.

Евробиримдик Македонияда мөөнөтсүз шайлоону таза жана ачык өткөрүүнүн камын көрүүдө. Адегенде 24-апрелге белгиленген шайлоо оппозициянын нааразылыгынан кийин 5-июнга жылды.

Брюссел менен Вашингтон президент Ивановдун чуулгандуу иликтөөнү токтоткон чечими шайлоонун өтүшүнө кедергисин тийгизет деген чочулоосун билдирет.

Балкандагы 2 миллион калктуу өлкөнүн оппозициясы болсо добуш берүүдөн мурун шайлоочулардын тизмелерин кайрадан карап, тазалап чыгуу зарылдыгын көтөрүүдө. Болбосо бийлик жаңы шайлоодо деле көз боёмочулукка жол берет деген күмөн саноо күч.

XS
SM
MD
LG